Мазмунга өтүү

Самоа

Википедия дан

Көз карандысыз Самоа мамлекети
самоа Malo Saʻoloto Tutoʻatasi o Sāmoa
англ. Independent State of Samoa

Герб
Туу Герб
Урааны: «Fa'avae i le Atua Samoa (Кудай жараткан Самоа)»
Гимн: «O Le Fu'a o Le Sa'olotoga o Samoa»
«Эркиндиктин желеги»
Эгемендүүлүк күнү 1-январь 1962-жыл

Жаңы Зеландиядан)

Расмий тили самоа тили, англис тили
Борбор шаары Апиа
Ири шаарлар Апиа
Башкаруу формасы Конституциялык монархия
О ле Ао О ле Мало
Премьер-министр
Туималеалиифано Ваалетоа Суалауви
Фиаме Наоми Матаафа
Мам. дини Динден тышкары мамлекет
Аянты
• Жалпы
• Суу бетинин %.
166-орун - дүйнөдө
2832 км²
0,3
Калкы
• Бааланган (2021)
Жыштыгы

205,557 адам (191-орун)
70 ад./км²
ИДӨ (САМ)
  • Бардыгы

1,188 млрд $
ИДӨ (номинал)
  • Бардыгы
  • Ар бир жанга

881 млн $
4,420 $
АДӨИ  0.702  (жогору) (116-орун)
Этнохороним самоалык, самоалыктар
Акча бирдиги Самоа таласы (WST)
Домени .ws
ISO коду WS
ЭОК коду SAM
Телефон коду +685
Убакыт аралыгы UTC +13:00

Самоа (самоа Sāmoa, англ. Samoa), расмий аталышы — Көз карандысыз Самоа мамлекети (самоа Malo Sa’oloto Tuto’atasi o Samoa, англ. Independent State of Samoa) жана кээ бир булактарда Батыш СамоаТынч океанынын түштүгүндөгү Самоа аралдарынын батыш бөлүгүн ээлеген мамлекет.

Мамлекет Бириккен Улуттар Уюмуна 1976-жылдын 15-декабрында кабыл алынган[1], 1970-жылдан тартып Улуттар Шериктештигинин мүчөсү.

Өлкөнүн борбору болгон Апиа шаары — Самоа мамлекетинин эң ири эки аралынын бири болгон Уполу аралында жайгашкан.

Өлкөнүн аталышынын келип чыгышы жөнүндө так маалыматтар жок. Атылышынын келип чыгышына байланыштуу бир нече уламыштар жана версиялар бар.

Версиялардын бирине ылайык, «Самоа» деген сөз, самоа тилинен «Моа үчүн ыйык» дегене маанини берген Sa-ia-Moa сөзүнүн кыскартылган түрү[2].

Бул версия менен байланышкан уламыштардын бири, аалам кудайы Тагалоанын Моа аттуу уулу жана Лу аттуу кызы болгон. Лу атту кызы турмушка чыккандан кийин уул төрөп, анын атын дагы Лу деп койгон. Бир түнү, Тагалоа уктап жаткан кезинде, небереси Лу «Moa-Lu, Moa-Lu» деп ырдап жатканын уккан. Кандайдыр бир убакыт өткөндөн кийин Лу сөздөрдөн тартибин өзгөртүп, «Lu-Moa, Lu-Moa» деп ырдай баштаган. Башкача айтканда, Моа агасынын ысымынын алдына өз атын койгон. Өз атын улуу агысынын атынан биринчи коюуу моюн сунбоо жана урматсыздык болуп саналган. Тагалоа мындай ырды укканда абдан ачууланып, небересин өтө текебер деп эсептеп Луну аркасын тырмап коюууну суранган. Тагалоанун жонун тырмап баштаганда, Луну кармап алып каттуу сабай баштаган. Ур-токмоктон коркуп калган Лу жашоо үчүн жерге качып жөнөгөн. Тагалоа ошондой небересине агасы Моаны урматтоону эскерткен. Лу жерге келип, Тагалоанын эскертүүсүн эстеп, жаңы үйүн «Sa-ia-Moa» деп атоону чечкен. Бул аталыш кийин «Samoa» атылышына айланган[2].

Самоа атылышынын келип чыгышынын башка версиясы жергиликтүү тургундар арасында эң популярдуу. Самоалыктар «Moa» сөзү «борбор» же «тоок» деген маанилерди билдирерин белгилешет жана мамлекеттин атылышы самоа тилинен «ааламдын ыйык борбору»[3] же «моанын жери» (моа — тоок сымал жергиликтүү канаттуунун аталышы) деп которулат деп айтып келишет[4].

«Moa» — падышалык Туимануа даражасынын ээлери алып жүргөн фамилия катары да колдонулат[2].

Байыркы тарыхы

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Лапита маданиятынын жайылуу аймагы.
1911-жылдагы Самоанын Ава аземине даярданууну чагылдырган студиялык сүрөт
Самоа үйүнүн ички бөлүгү. Апия, Урвилл. 1842-жыл
Роберт Луис Стивенсондун туулган күнүнө арналган майрам. Вайлима, 1894-жыл

Биринчи тургундар Самоа аралдарына, Фижи жана Тонга аралдары сыяктуу эле, кээ бир окумуштуулардын айтымында V кылымда[5] Батыш Меланезияда жайгашкан Бисмарк аралдарынан лапита маданиятынын миграциясында келип отурукташкан[6].

Башка маалыматтар боюнча, биринчи адамдардын отурукташуусу б.з.ч. II жана I миң жылдыктарында болгон.

Самоа аралдары Полинезия маданиятын калыптандыруу борборлорунун бири болгон. Борбордук жана Чыгыш Тынч океанынын аралдарын жана атоллдордорун өздөштүрүүнү Самоа тургундары баштаган.

XVII кылымдын орто ченинде Самоа порттору полинезиянын аймагында да, европалыктар менен да соода жүргүзүп турган.

Аралдарга европалыктардын келиши

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Самоа кызы. 1902-жыл.
Самоа жоокери. 1986-жыл.

Аралдардын европалыктар тарабынан ачылышы 1722-жылы Самоага биринчиде болуп келген голландиялык саякатчы Якоб Роггевен тарабынан болгон. 1768-жылы, аралдарга француз деңизде саякатчысы Луи Антуан де Бугенвиль келип, аралдарды Деңизде саякатчылар аралдары деп атаган. 1830-жылдарга чейин, англиялык диний миссионерлер жана соодагерлер аралдарга келе баштаган. 1830-жылы августта Самоада өзүнүн диний миссионерлик ишин Лондон миссионердик коомунун мүчөсү Жон Уильямс баштаган[7]. Самоалыктар жапайы жана согушчан эл катары кабыл алынган. Жергиликтүү тургундар, аралдарды XIX кылымдын аягына чейин кемелерин көмүр менен толтуруу максатында колдонгон француздар, британдыктар, немистер жана америкалыктар менен куралдуу кагылышып турушкан. Бул убакта Самоанын алгачкы коомдук түзүлүшүнүн бузулуушу жана класстык коомдун калыптануу процесси жүрүп жаткан. Аралдыктар дворяндарга жана катардагы жамааттарга бөлүнүшкөн.

Германия, АКШ жана Британиянын биргелешкен комиссиясы 1899-жылдын июнь айында Самоа падышалыгын жойгон.

XIX кылымдын орто ченинде Германия, Британия жана АКШнын ортосундагы аралдарды көзөмөлдөө үчүн атаандаштык күчөгөн. Бул аралдардын аймагына согуш кемелерин жиберишкен, самоанын бири-бири менен кагылышып жаткан урууларын колдошкон, аларды курал-жарак менен камсыз кылышкан, машыгууларды уюштурушкан жана жада калса өз ара кагылышууларга түздөн-түз катышышкан[8].

XIX кылымдын ортосунан баштап, бул үч мамлекет Самоадагы таасирин күчөтө башташкан. 1847-жылы Британия Апиада консулдугун ачкан, ал эми АКШ 1853-жылы, Германия 1861-жылы Британиядай эле консулдуктарын ачышкан[9].

1881-жылы атаандаштар самоанын падышасы деп Малиетоа Лаупепаны таанууга макул болушкан. Бирок 1885-жылы Лаупепа падышасы негизги атаандашы Тамасесеге немистер колдоо көрсөтө баштаган байкап, немистерге ачык эле каршы чыккан. Германиянын Самоадагы үстөмдүгүнөн жана англиялыктар менен америкалыктардын биримдигинин жоктугунан пайдаланып, немистер 1887-жылы Лаупепаны кулатып, сүргүнгө айдашкан жана Тамасесени падыша деп жарыялашкан.

Премьер-министр болуп дайындалган немис капитаны Брандейс бардык самоалыктарга чоң салык салган жана Германиянын аскер-деңиз флотуна таянып, кандуу репрессиялар менен аралдардагы абалын бекемдөөгө аракет кылган. Бул аракеттер жергиликтүү калктын нааразычылыгын жаратты. Немистерге каршы чыккандардын башында чоң популярдуулукка ээ болгон Матаафа уруу башчысы турган. Матаафанын жоокерлери Тамасесенин аскерлерин жеңгенден кийин, Германиянын бийлиги Брандейсти артка чакыртып алууга аргасыз болушкан. Бул ийгиликсиз саясаттын негизинде жеңилип калган Германиянын консулу Матаафанын тарапкерлери жашаган айылдарга деңизден чабуул жасоого буйрук берген.

Немистердин агрессивдүү аракеттерине тынчсызданган Британиянын жана АКШ өкмөттөрү аралдарга өз кызыкчылыктарын коргоо үчүн аскер күчтөрүн жиберишкен. Бул чечим сегиз жыл бою созулган жарандык согушка алып келген. Үч өлкө тең Апиага аскер-деңиз флотун жөнөтүшкөн жана бул кырдаал ири масштабдуу согушсуз чечилбейт деген божомолдор да болгон. Бирок 1889-жылы 16-мартта катуу бороон болуп Германиянын, Британиянын жана АКШнын аскер-деңиз флотторун катуу кыйроого дуушар кылган. Катуу бороон чыр-чатактын аякташына алып келген[10]. Берлин келишимине кол коюлгандан кийин аралдарга үч державанын протектораты орнотулган.

1899-жылдын аягында Самоа аралдары экиге бөлүнгөн (бөлүү сызыгы 171° б.у. боюнча өткөн):

  • Чыгышы — «Америка Самоасы» деп аталып, толугу менен АКШнын аймагына айланган[11].
  • Батышы — «Германия Самоасы» деген аталышты алган. Британия Фижи жана башка Меланезиядагы аймактарын кайтарып алуу үчүн Германияга койгон дооматтарынан баш тарткан[12].

Самоанын биринчи немис губернатору болуп Вильгельм Зольф дайындалган, ал кийинчерээк Германия империясынын колонияларынын катчысы кызмат ордун алган. Германиянын бийлиги астындагы жылдарда өлкөдө колониялык режимге каршы көтөрулөштөр дайыма болуп турган. Германиянын аскерлери күч колдонуу менен баскан эң ири көтөрүлүш 1908-жылы болгон. Бул көтөрүлүштө аскерлердик күч колдонуу, өз ишин 1960-жылдарга чейин уланткан Мау кыймылынын пайда болушуна негиз болгон.

Сүргүнгө айдалган Самоанын калкы
Файл:Funeral of Tamesese.jpg
1929-жылы Мау кыймылынын лидери Тупуа Тамасезе Леалофи ІІІ өлтүрүлгөндөн кийинки аза күтүү
Матаафа Иосефо (1832—1912). Самоанын уруу башчысы
Малиетоа Танумафили I (1879—1939)

1914-жылы 29-августа Германиянын радиостанциясын басып алуу максатында Жаңы Зеландиянын 1374 жоокерден турган аскер отряды Уполуга келген. Немистер каршылык кылган эмес жана жаңы зеландиялыктар аралдарды тез басып алышкан[13].

Биринчи дүйнөлүк согуш аяктагандан баштап 1962-жылга чейин Улуттар Лигасынын, кийинчерээк БУУнун мандаты астында Жаңы Зеландиянын башкаруусунда болгон[14].

Жаңы Зеландия бийлиги карантинди камсыз кыла албагандыгынын натыйжасында, Самоа калкынын болжол менен бештен бир бөлүгү 1918-1919-жылдардагы сасык тумоо эпидемиясынан улам каза болушкан[15].

1920-жылдардын башында Батыш Самоалыктар «Мау» («Пикир») патриоттук уюмун негиздешкен. бул уюм Жаңы Зеландиянын администрациясынын Самоа элине жасаган жаман мамилесине зомбулуксуз каршылык көрсөтү максатын көздөгөн жана ураанын «Самоа самоалыктар үчүн» деп тандашкан.

«Мау» кыймылын башында самоалык, жарымы швед болгон Олаф Фредерик Нельсон турган. Нааразычылык акциялары катарына салык төлөбөө, плантациялардагы иштерди токтотуу, колониялык сотко баш ийбөө, өз алдынча башкаруу органдарын түзүү кирген[16].

Нельсон 1920-жылдардан 1930-жылдардын башына чейинки мөөнөтткө өлкөдөн чыгарылган, бирок уюмду каржылык жана саясий жактан колдоону уланта берген.

1929-жылы 28-декабрда жаңы шайланган «Мау» кыймылын лидери Тупуа Тамасесе Леалофи Апиа шаарында тынч демонстрация уюштурган[17]. Жаңы Зеландиянын полициясынын демонстрациянын лидерлеринин бирин камакка алууга аракети кагылышууга алып келген. Полиция «Льюис» пулеметунан элге ок чыгарган[18]. Демонстранттар арасында тынчтыкты жана тартипти орнотууга аракет кылган «Мау» кыймылын лидери Тупуа Тамасесе Леалофи Жаңы Зеландиянын полициясы тарабынан өлтүрүлгө. Ошол эле күнү дагы 10 адам каза болуп, 50 ашык адам полициянын огунан жаракат жана ден соолугуна ар түрдү кесепеттерди алышкан[19]. Бул күн Самоанын тарыхына «Кара ишемби» деген аталыш менен кирген. Тынымсыз репрессияга карабастан, зордук-зомбулуксуз эркиндике жетүүнү максаттаган «Мау» кыймылынын активдүүлүгү өскөн.

Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин Батыш Самоа мандаттык аймактан Жаңы Зеландиянын калкаланган аймагына айланган. Бул окуядан кийин саясий реформалар болуп аймак чектелген өзүн-өзү башкарууга жетишкен. 1961-жылы референдум болуп, анда Батыш Самоалыктар көз карандысыздыкты жакташкан. Жаңы Зеландия менен Батыш Самоаны коргоону, ошондой эле анын чет мамлекеттер менен болгон мамилелеринде өкүлчүлүгүн өзүнө алуу милдеттемелери боюнча келишимге кол коюлуп, Батыш Самоа 1962-жылы 1-январда эгемендүүлүккө ээ болгон биринчи Тынч океан арал мамлекети болуп калган[20].

1997-жылы июлда өлкөнүн конституциясына өзгөртүүлөр киргизилип, өлкөнүн аталышынан «батыш» деген сөз алынып салынып[21], мамлекеттин жаңы «Көз карандысыз Самоа мамлекети» аталышы бекитилип, ушул аталыш менен 1976-жылы БУУга мүчө болуп кирген[22]. Америка Самоасынын администрациясы Батыш Самоанын аталышын өзгөртүүгө каршы чыгып, Америка Самоасынын улуттук өзгөчөлүгүнө шек келтирет деп жарялаган. Америка Самоасы бүгүнкү күнгө чейин Самоага жана анын тургундарына карата «Батыш Самоа», «батыш самоалыктар» деген терминдерди колдонуп келет.

Эки Самоанын тургундары бир улутка таандык болгонуна жана бир тилде сүйлөгөнүнө карабастан ортосунда маданий айырмачылыктар арбын. Чыгыш Самоалыктар (Америка Самоасы) адатта, Гавайиге жана континенталдык АКШга көчүп кетишкендиктен же туугандары ушул аймактарда жашагандыктар «батыш балуулуктарын» сиңиришкен. Батыш Самоалыктардын карым-катнашы, адатта, Жаңы Зеландияга багытталган жана Жаңы Зеландиянын таасирин күнүмдүк турмушунан, маданиятынан байкаса болот.

2011-жылы 17-декабрда Самоа Бүткүл Дүйнөлүк Соода Уюмуна мүчө болуп кирген[23].

Шаркыратма

Өлкө Самоа архипелагынын батыш бөлүгүндө 171°20’, 172°50’ б. у. жана 14°10’, 13°20’ түш. к. ортосунда жайгашкан.

Жалпы кургактыктын аянты 2832 км², курамына эки ири аралды — Савайи (1708 км²), Уполу (1118,7 км²) жана 8 кичинекей (5,71 км²) аралдарды камтыйт, кичи аралдарынын ичинен Маноно жана Аполима гана аралдарында калк бар.

Самоанын ээлигинде — 30 000 км² өзгөчө жээк экономикалык аймагы жана 23 100 га рифтер жана лагуналар (тереңдиги 5 метрден ашпайт)[24].

Өлкө түндүгүнөн Токелаунун суулары менен, чыгышынан Америка Самоасы менен, түштүгүнөн Тонга менен, түштүк-батышынан Уоллис жана Футуна аралдары менен, түштүк-батышынан Тувалу менен чектешет.

Аралдар Аянты (км²) Калкы, адам (2006)
Савайи 1708 43 103
Уполу 1118,7 136 674
Нуусафее 0,02
Аполима кысыгынын аралдары
Маноно 3 889
Аполима 1 75
Нуулопа 0,01
Алеипата аралдары
Нуутеле 1,08
Нуулуа 0,25
Намуа 0,20
Фануатапу 0,15
Жалпы 2832,41 180 741
Савайи аралындагы Матавану жанар тоосунун атылышы. 1905-жыл.

Самоанын аймагын түзгөн аралдардын рельефи негизинен тоолуу келет, анткени аралдар жанар тоолордун атылышынын пайда болгон суу астындагы кырка тоонун уландысы болуп саналат.

Эң бийик чекиттери Силисили (1857 метр) жана Фито (1115 метр) чокулары. Эки ири аралдарынын чокулары кең өрөөндөр жайгашкан терең капчыгайлар менен бөлүнгөн. Деңизг жээги тик жана жарлуу келет. Жээк тилкеси кууш, лагуналар жана коралл рифтери менен курчалган. Самоа айылдары тоолуу массивдер менен деңиз жээгинин ортосундагы жапыз аймактарда жайгашышкан.

Маноно арылындагы айыл.

Самоанын климаты нымдуу тропикалык. Жылдык орточо температура — 26,5 °C, жылдык температура амплитудасы 2 °C ашпайт.

Жаан-чачындын саны боюнча жыл эки мезгилге бөлүнөт: нымдуу (ноябрь-апрель) жана кургакчыл (май-октябрь)[25]. Түздүктөрдө жылына 2000-3000 мм чейин жаан жаайт, бийик аймактарында жаан 5000-7000 мм чейин жетет[26].

Орточо салыштырмалуу нымдуулук 80% га барабар. Күн ачык убакыттын - орточо жылдык сааты 2500 барабар. Шамалдын орточо ылдамдыгы болжол менен 20 км/саат, кээ бир учурларда 48 км/саатка чейин жетиши мүмкүн.

Самоа мезгил-мезгили менен тропикалык циклондордун соккуусуна дуушар болот. 1990 жана 1991-жылдары аралдарды Уфа жана Вал циклондору болуп, шамалдын ылдамдыгы саатына 180 км чейин жеткен[27]. Өлкөгө эң көп кыйратууларды 1966-жылынын январында Батыш Самоадо катталган «кылымдын бороону» алып келген. Шамалдын ылдамдыгы саатына 200 км чейин жеткен[27].

Апиа шаарындагы обсерваториянын сейсмографтары көп сандагы жер титирөөлөрдү каттап турушат, бирок бул жер титирөөлөр азырынча кыйроолорго алып келген жок. Бардык аралдар жанар тоолордун атылышынын негизинде пайда болгонуна карабастан, жанар тоолук активдүү эмес. Акыркы жанар тоонун ири атылуусу Савайи аралында [[1700-жыл|1700-жылы]], 1904-1906-жылдары болгон.

Савайи аралынын лавалар каптаган бөлүгүндө дээрлик өсүмдүктөр жокко эсе. Бирок, башка аймактарда, байыркы жанар тоо тектери суу же шамал аркылуу тарагандыгына байланыштуу топурактары түшүмдүү келет. Айрыкча Уполу аралында түшүмдүү жерлердин аянты көп.

Өлкөнүн аймагында пайдалуу кен байлыктар табылган эмес.

Гидрология (суу ресурстары)

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Савайи аралындагы Матаваи айылы
Уполу аралындагы шаркыратма
То-Суа көлү

Самоа бардык тарабынан Тынч океанынын суулары менен чулганат. Уполу жана Савайи аралдарын кичинекей Маноно жана Аполима аралдары жайгашкан Аполима кысыгы бөлүп турат.

Өлкөнүн калкынын 3/4 бөлүгүнөн ашыгы борборлоштурулган суу камсыздоо системасына кошулган эмес. Инфраструктуранын начардыгынан жана суу түтүктөрүнүн жана суу сактагычтардын сапаттынын начарлыгана байланыштуу көп көлөмдөгү суу жөн гана жерге сиңип кетет.

Самоанын жанар тоолордун атылышынан келип чыгышы, Уполунун батыш бөлүгүнөн жана Саваянын көп бөлүгүнөн башка бардык аймактарында тайыз дарыялардын жана анча бийик эмес шаркыратмалардын көп болуушуна таасирин тийгизген. Бул аймактарда жергиликтүү калк үчүн салттуу таза суу булактары жер астындагы жана жамгыр суулары болуп саналат. Савайи аралында дарыялар океан жээгине жакын жайгашкандыгына карабастан, суулары тиричилик максатта колдонулат. Кургакчыл мезгилдерде суу объектилери көбүнчө кургап калат. Көптөгөн аймактарда берилген суунун көлөмү ичүү жана гигиена муктаждыктарын канааттандыруу үчүн жетишсиз.

Аралдардын тоолуу аймактарындагы топурактар жанар тоо күлүнөн пайда болот. Курамы негизинен оливин базальтына бай жана курамында калий менен фосфор аз. Бирок тез-тез жааган жаан-чачын жана жагымдуу температура шарттары топурактын түшүмдүүлүгүн жогорулатат.

Самоада бийиктиктердин жана тегиз жерлердин топурактарынын ортосунда айырмачылыктар бар. Тоолуу аймактарда топурак катмарынын калыңдыгын жогору, бирок жалпысынан бул аймактарынын топурактары айыл чарбачылыгы үчүн колдонулбайт[27].

Флора жана фауна

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Фалеалупо токою.

Самоа флорасынын ар түрдүүлүгү арбын, өсүмдүктөрдүн 775ке жакын түрү бар, алардын 30% аралдардагы эндемиктер[28].

Аралдардын бетинин үчтөн эки бөлүгүн нымдуу тропикалык токойлор ээлейт, бур жерлерде өтө катуу жыгачтуу баалуу дарактар кездешет. Дарак папоротниктеринин көптүгү мүнөздүү. Ири жалбырактуу мирт жана орхидеялар да көп кездешет. Токойлор негизинен тоо боорлорунда жайгашкан, ал эми аралдардын жээктеринде айдоо аянттары басымдуулук кылат. Эң бийик тоолорунун чокуларын бадалдуу токойлор ээлейт. Самоа өсүмдүктөрүнүн 150гө жакын түрү медициналык максатта колдонулат[27].

Самоа фаунасы, Полинезиянын башка аралдары сыяктуу эле, салыштырмалуу аз түрдүү. Адамдар келип отурукташканга чейин бул жерде сүт эмүүчүлөрдөн жарганаттар, жээктеги сууларда дельфиндер жашаган. Байыркы полинезиялык деңизчилер бул аралдарга ит жана чочко, ал эми европалыктар бодо малдарды жана жылкыларды алып келишкен. Ошондой эле кемелер менен аралдарга келемиштер кирген.

Канаттуулардын ар түрдүүлүгүн байкаса болот. Жалпысынан аралдарда канаттуулардын 43 түрү туруктуу байырлашат, алардын 8 эндемиктер. Полинезиялыктар тоокторду, европалыктар башка үй канаттууларын алып келишкен[28].

Сойлоп жүрүүчүлөрдүн ичинен кескелдириктерди (7 түр) жана жыландарды (1 түр) кездештирсе болот. Көптөгөн курт-кумурскалардын, айрыкча көпөлөктөрдү (21 түр) түрлөрүн кездештирүүгө болот[28].

Океан жээктеринде таш бакалар жана крабдар кездешет.

Океан суулары балыктарга, анын ичинде баалуу балыктардын турлоруна бай. Жээктен алыс аймактарында акула, тунец, скумбрия, селебебалык, тайыз жерлеринде кефаль, деңиз жыландары кездешет. Коралл рифтерин көптөгөн моллюскалар байырлашат.

Административдик-аймактык түзүлүшү

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Самоанун округдары.

Самоа, аралдарга европалыктар келгенге чейин түзүлгөн 11 итумалого (округдарга) бөлүнөт. Ар бир округдун фаалупеге (салттуу саламдашуу) салттуу тартибине негизделген өзүнүн конституциялык түзүлүшү (фаавае) бар.

Райондун административдик борбору болгон айыл өз чечимдерин башка округдардын борборлору менен макулдашып, округдун иштерин жүргүзөт. Мисалы, Аана округунун борбору Леулумоега. Аананын башчысы ТуиАана титулуна ээ. Бул наамды ыйгарган Фалеива (Тогузоонун үйү) уруу башчылар кеңеши — Леулумоегада жайгашкан. Башка округдарда да ушундай эле саясий түзүлүштө.

Округ Административдик борбору Округдун аянты,

км²

Округдун калкынын саны,

адам (2011)

Калкынын жыштыгы,

адам/км²

Уполу
1 Туамасага Афега 479 89 582 187,02
2 Аана Леулумоега 193 21 769 112,79
3 Аига-и-ле-Таи[29] Мулифануа 27 5050 187,04
4 Атуа[30] Луфилуфи 413 21 928 53,09
5 Ваа-о-Фоноти Самамеа 38 1543 40,61
Савайи
6 Фаасалелеага Сафотулафаи 266 13 736 51,64
7 Гагаэмауга[31] Салеаула 223 7757 34,78
8 Гагаифомауга Аопа 365 5035 13,79
9 Ваисигано Асау 178 6759 37,97
10 Сатупаитеа Гаутаваи 127 5304 41,76
11 Палаули Ваилоа и Палаули 523 9357 17,89
Всего 2832 187 820 66,32

Саясий түзүлүшү

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мамлекеттик түзүлүшү

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Эгемендүүлүк алгандан кийин [[1960-жыл|1960-жылы]] күчүнө кирген Конституциясы вестминстерлик парламенттик системасына негизделген башкаруунун монархиялык формасын орнотуп, жергиликтүү каада-салттар жана үрп-адаттар менен айкалышкан[32].

Мыйзам чыгаруу бийлиги

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Апиа шаарында жайгашкан парламенттин имараты.

Өлкөнүн мыйзам чыгаруу органы болуп бир палаталуу парламент — Улуттук мыйзам чыгаруу жыйыны (Fono Aoao Faitulafono) саналат[33]. Анын курамына 41 аймактык шайлоо округунан бирден өкүл, алты кошумча мүчө, ошондой эле теги Самоадан эмес жарандардын атайын шайлоо тизмесине киргизилген адамдар тарабынан шайлануучу 2 депутат кирет[34]. Жыйындын депутаттарын шайлоо укугуна Самоанын жарандары гана ээ[35]. Депутаттар жалпы шайлоо укугунун негизинде шайланат. Депутаттардын иштөө мөөнөтү — 5 жыл[36].

Шайлоодон кийинки биринчи отурумда парламент мүчөлөрү өз курамынан спикерди шайлашат[37]. Самоанын мамлекет башчысы парламенттин ишин каалаган убакта токтотуп, ошондой эле өлкөнүн премьер-министри менен кеңешкенден кийин аны таркатуу укугуна ээ[38].

Самоа парламентине мыйзам долбоорлорун кабыл алуу аркылуу мыйзамдарды чыгаруу укугу берилген[39]. Мыйзам долбоору парламент тарабынан жактырылгандан кийин, ал премьер-министрдин сунушу боюнча мыйзам долбооруна кол коюуга же четке кагууга тийиш болгон мамлекет башчысына жөнөтүлөт[40].

Аткаруу бийлиги

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Самоа тилинде мамлекет башчысынын кызматы О ле Ао о ле Мало (самоа O le Ao o le Malö) деп аталат жана «өкмөт башчысы»деп которсо болот: ао — башчылардын наамы, мало «өкмөт» деген маанини билдирет.

1962-жылы Самоа эгемендүүлүккө ээ болгондо, эки Малиетоа Танумафили II жана Тупуа Тамасесе Меаоле жогорку башчыларына мамлекет башчысы кызматын өмүр бою ээлөө укугу берилген[41]. Тупуа Тамасесе Меаоле 1963-жылы каза болгон. Малиетоа Танумафили II 2007-жылдын 11-майында 95 жашында каза болгон. Ошол учурда ал бүткүл дүйнөдөгү эң улгайган монарх болгон[42]. Анын мураскери Туиатуа Тупуа Тамасесе Эфи (Малиетоа Танумафили II тун уулу), Конституциянын беренелерине ылайык, 2007-жылдын 17-июнунда парламент тарабынан мамлекет башчылыгына 5 жылдык мөөнөткө шайланган[43].

Конституция боюнча Мамлекет башчысы Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан, жыйындын өз курамынан тандалган талапкер 5 жылга шайланат жана чексиз санда кайра шайлануу укугуна ээ[44][45]. Мамлекет башчысы негизинен өкүлчүлүк функцияларга гана ээ, бирок парламенттин чечимдерине вето коюу укугу берилген[46]. Иш жүзүндө бул кызматка Малиетоа жана Тупуа үй бүлө мүчөлөрү гана талапкер болушат.

Министрлер кабинети өлкөнүн аткаруу бийлигинин жалпы жетекчилиги жана көзөмөлү менен алектенет, ошондой эле парламенттин алдында жамааттык жоопкерчиликке ээ. Министрлер кабинетин парламенттин сунушу боюнча мамлекет башчысы тарабынан дайындалган премьер-министр жетектейт. Ошондой эле мамлекет башчысы премьер-министрдин кеңеши боюнча мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаттарынын ичинен өлкөнүн саны сегизден кем эмес жана он экиден ашпаган министрлерин дайындайт[47].

Самоа сот системасы апелляциялык соттон, жогорку соттон, магистраттык соттордон, айылдык фонодон (англ. Village Fono) жана жер сотунан (англ. Land and Titles Court) турат.

Самоа Жогорку соту — кылмыштык жана жарандык иштер боюнча биринчи инстанциядагы сот. Ал Жогорку соттун төрагасынан жана бир нече судьялардан турат[48]. Төрагасы премьер-министрдин сунушу боюнча мамлекет башчысы тарабынан дайындалат[48].

Шайлоо округдары

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Өлкө фаипуле деп аталган 41 шайлоо округуна бөлүнөт. 21 жашка толгон бардык Самоа жарандарына шайлоо укугу берилет. Мурун матаилер (уруу башчысы) гана добуш берген. Жалпы шайлоо укугу 1991-жылы киргизилген, бирок азырынча парламентке матаилер гана талапкер боло алат. Өлкөдө 25 000ден ашык матаилер бар, алардын 5 %га жакыны аялдар.

Жергиликтүү башкаруу жана өз алдынча башкаруу системасы

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жергиликтүү айылдарды жана округдарды матаилер башкарат. Айылды бир нече аингдин («жаамат») мүчөлөрү мекендейт. Эң белгилүү аингдин башчысы бүт айылдын матаиси болуп саналат. Ал башка жамааттардын башчылары менен бирге айылдык кеңеште (фоно) жыйындарды өткөрүп турат. 10-12 айыл биригип бир округду түзөт. Эң белгилүү айылдын конок үйүндө бардык айылдардын башчылары катышкан округдук фонолор чогулат.

Округдарды (итумало) округдун башчысы башкарат, ар бир итумало өзүнүн наамына ээ:

  • Аана — туи Аана;
  • Аига-и-ле-Таи — леиатауа;
  • Атуа — туи Атуа;
  • Ваа-о-Фоноти — таламаивао;
  • Палаули — лиломаиава;
  • Сатупаитеа — тонумаитеа;
  • Туамасага — малиетоа.

Саясий партиялары

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Өлкөнүн негизги саясий партиялары[49]:

  • «Демократиялык Бириккен Самоа партиясы»
  • «Адам укуктарын коргоо партиясы»
  • «Самоа партиясы»
  • «Самоа прогрессивдүү саясий партиясы»
  • «Христиан-демократиялык партиясы»

Тышкы саясат жана эл аралык мамилелери

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Самоа мамлекети Улуттар Шериктештигинин, Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) жана анын атайын агенттиктеринин, Азия өнүктүрүү банкынын, Тынч океан аралдары форумунун, Эл аралык валюта фондунун, Дүйнөлүк Соода Уюмунун жана башка эл аралык уюмдардын мүчөсү.

Куралдуу күчтөрү

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Самоада расмий коргонуу структурасы же аскер күчтөрү жок. Бейрасмий аскердик байланыштары Жаңы Зеландия. 1962-жылы кол коюлган достук келишими боюнча Самоанын ар кандай сурануусуна Жаңы Зеландия аскердик жактан жардам берүүгө милдеттенет.

Калкынын саны[50]
1960 1961 1962 1963 1964 1965 1966 1967 1968 1969 1970 1971
108 645 112 121 115 786 119 564 123 354 127 068 130 687 134 194 137 503 140 520 143 175 145 437
1972 1973 1974 1975 1976 1977 1978 1979 1980 1981 1982 1983
147 323 148 889 150 219 151 383 152 390 153 244 154 010 154 763 155 554 156 435 157 401 158 383
1984 1985 1986 1987 1988 1989 1990 1991 1992 1993 1994 1995
159 281 160 030 160 591 161 014 161 424 162 001 162 865 164 073 165 568 167 206 168 786 170 158
1996 1997 1998 1999 2000 2001 2002 2003 2004 2005 2006 2007
171 276 172 191 172 979 173 758 174 614 175 567 176 592 177 677 178 794 179 928 181 073 182 240
2008 2009 2010 2011 2012 2013 2016 2017 2020 2021
183 444 184 704 186 029 187 429 188 889 190 372 195 979 196 440 198 410 200 010
2020-жылга карата жыныстык жана курактык түзүм
Самоа үй бүлөсү

1986-жылдагы эл каттоодо өлкөдө 157 миң адам жашаган. 2004-жылга карата калктын саны 177,7 миңге чейин өскөн. 2007-жылдын июль айына карата Самоанын калкы 214 265 адамды түзгөн.

2011-жылдагы эл каттоодо Самоалуктардын саны 187,820 адамды (96,990 эркек жана 90,830 аял) түзгөн, алардын 96% самоалыктар, 2% европалыктар менен полинезиялыктардын никесинен төрөлгөндөр, 1,3% европалыктар жана 0,6% башка улуттар болгон[50].

Калкынын 36 735 адамы шаарларда жана 151 085 адамы айылдарда жашайт. Өлкөнүн калкынын 75% дан ашыгы Уполу аралында жашайт, бирок бул арал самоалыктардын 24% жашаган Савайиден бир жарым эсе кичине[51]. Маноно жана Аполима аралдарынын тургундары калктын болжол менен 1% түзөт. Калган кичинекей аралдарда адам жашабайт. Тургундардын басымдуу көпчүлүгү жээктерде жайгашкан, эки ири аралдын ички бөлүгүндө жашаган калктын саны өтө аз. Калк эң жыш отурукташкан аймактары болуп Уполу аралынын түндүк-батыш жээги жана Апиа борбор шаары эсептелет.

Калктын 38,3% 15 жашка чейинки курактагылардын тобуна, 56,8% 15 жаштан 65 жашка чейинкилердин тобуна жана 4,9% 65 жаштан жогору жаштагылырдын тобуна кирет. Төрөттүн көрсөткүчү 1000 адамга 30,4 адам, өлүмдүн көрсөткүчү 1000 адамга 4,7 адам, эмиграциянын көрсөткүчү 1000 адамга 11,59 адамды түзөт. Ымыркайлардын өлүмү 1000 жаңы төрөлгөндөргө 15,6 ымыркайды түзөт[51]. Акыркы жылдары Самоа аралдарынын калкынын санынын азайуу тенденциясы сакталууда.

Самоадагы массалык эмиграция жергиликтүү экономиканын начар өнүккөндүгү менен түшүндүрүлөт. Жаштар жумуш издеп же көбүрөөк киреше табуу үчүн өлкөдөн чыгып кетишет, ошондой эле азыркы замандын талабына туура келбеген салттуу буйруктарга нааразы болушкандар да мигранттардын бир бөлүгүн түзүшөт. Миграциянын негизги агымы Жаңы Зеландияга багытталган. Эмигранттардын бир бөлүгү акча топтоп же окуусун аяктап, мекенине кайтып келишет, ал эми бир бөлүгү толугу менен Самоадан биротоло кетишет.

Христианчылык

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Самоалыктардын 92 % христиан динин тутушат[51]:

  • конгрегационалисттер — 31,8 %
  • католиктер — 19,4 %
  • методистер — 13,7 %,
  • акыркы күндөрдүн ыйыктары чиркөөсүнүн жолдоочулары — 15,1 %
  • Кудайдын Ассамблеясынын жолдоочулары — 8 %
  • жетинчи күндүн адвентисттери — 3,9 %
  • башка агымдары — 7,9 %
  • агымын тактабагандар — 0,2 %

2007-жылга чейин мамлекет башчысы болгон Малиетоа Танумафили II бахаи агымынын жолдоочусу болгон. Самоада бахаи динине сыйынган жети үйдүн бири жайгашкан. Ал 1984-жылы негизделген жана Апиа шаарынан 8 км алыстыкта жайгашкан Тиапапатта орун алган.

Батыш Самоадагы ислам тарыхы 1985-жылы башталган, анда бир нече мусулман жумушчулары өлкөдө өкмөттүн келишими же БУУнун программаларынын бири менен иштешкен. Бирок, алардын саны аз болгондугуна байланыштуу жергиликтүү калкка эч кандай диний таасирин тийгизген эмес.

Өлкөнүн расмий тилдери — самоа тили жана англис тили. Самоа тили австронезия тил бүлөсүнүн океан аймагына кирген полинезия тилдерине кирет.

Самоа жазуусу латын алфавитинин негизинде түзүлгөн. Ал 1834-жылы миссионерлер тарабынан иштелип чыккан. Самоа тилинде негизинен окуу китептери, диний адабияттар, ошондой эле бийликтин мыйзамдары жана буйруктары чыгарылат. Өлкөдө самоа тилинде өкмөттүк маалымат бюллетени жарыяланып турат. Жергиликтүү радио жана телекөрсөтүүлөр өз берүүлөрүндө эки тилди колдонушат.

Апиа - Самоанын борбор шаары

Самоадагы жалгыз шаар жана негизги порт — бул Уполунун түндүк жээгинде жайгашкан Апиа борбор шаары. Анын калкы 33 миң адам.

Таро

Самоа экономикасынын артыкчылыктары болуп жеңил өнөр жайдын бат өсүшү, чет элдик инвестициялардын келиши саналат. Туризм, кызмат көрсөтүү жана оффшордук аймактын түптөлүшү экономикага оң таасирин тийгизүүдө. Тропикалык шарттардагы айыл чарбасы негизинен таро, кокос майын жана сүтүн, какао жана копраны экспорттоого шарт берет.

Циклондордон көз карандылык, эл аралык копра жана какао рынокторунун туруксуздугу, өлкөнүн транспорт системасы начар өрчүүшү экономикага терс таасирин тийгизген факторлор болуп саналат.

Өнөр жай жана энергетика

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1967-жылы америкалык ири компания Савайи аралында жыгач өнөр жай комплексин куруп, баалуу дарактарды жыйноого киришкен, бирок анын «жырткычтык» аракеттери Самоа Өкмөтүнүн нааразычылыгын жараткан. 1977-жылы ал компания менен болгон келишим жокко чыгарылып, компаниянын бүт мүлкүн сатып алып, Самоа Өкмөтү жыгач өнөр жай комплексин өз көзөмөлүнө алган. Өндүрүлгөн жыгач материалдарынын көпчүлүгү экспортко кетет.

Жыгач өнөр жай комплексинен тышкары, өлкөнүн өнөр жайы бир нече чакан ишканалардан турат. Бул самын жана сыра заводдору, тигүү фабрикасы, эмерек, кокос майы, печенье, балмуздак жана кока-кола ишканалары. Бийлик элдик көркөм кол өнөрчүлүктү өнүктүрүүгө үндөйт. Элдик кол өнөрчүлөрдүн буюмдарын экспорттоону атайын өкмөттүк уюм жүргүзөт.

Керектелүүчү электр энергиясынын 35 % гидроэлектростанциялар тарабынан өндүрүлөт, электр энергиясына болгон калган муктаждыктар импорттолуучу органикалык отундун эсебинен канааттандырылат[52].

Айыл чарбасы жана балык улоо

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Самоа агрардык өлкө жана анын калкынын 77% айыл жеринде жашайт. Жагымдуу климаттык шарттар көп сандагы тропикалык жана субтропикалык мөмөлөрдү өстүрүүгө мүмкүндүк берет[53].

Бүгүнкү күндө Самоанын негизги товарлары копра, какао жана банан. 2001-жылы айыл чарба продукциясынын экспорту 5,1 миллион АКШ долларына бааланган[54].

Өндүрүлгөн какао — жогорку сапаттагы какао болуп саналат жана Жаңы Зеландиянын шоколад өндүрүчүлөрү тарабынан колдонулат. Кофе өстүрүү үчүн жакшы шарттарга карабастан, туруктуу өндүрүш тутуму түзүлө элек. Каучук өлкөдө көп жылдар бою өндүрүлүп келген, бирок анын экспорту өлкөнүн экономикасына анча деле таасир этпейт.

Самоа ири балык байлыктарына ээ, бирок балык уулоо негизинен керектөө мүнөзүнө ээ жана жергиликтуу калк күнүмдүк жашоосунда тамак-аш даярдоо үчүн гана балык кармашат. Деңиз балык уулоочу кемелердин, заманбап тоңдургуч жабдуулардын жана балык консервациялоочу ишканалардын жоктугунан өлкө балыкты экспорттой албайт, ал тургай чет өлкөдөн балык азыктарын импорттоого аргасыз. ушул себептен Өкмөт өзүнүн балык уулоо тармагын түзүүнү кечиктирилгис милдеттеринин бири деп эсептейт[55].

Транспорт жана коммуникация

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Өлкөдө 2100 км жол бар, бул жолдор негизинен айылдык жолдор. Паромдом Уполу жана Савайи аралдарынын ортосунда, ошондой эле Америка Самоасынын Паго-Паго порторунун ортосунда каттап турат. Апиадан 34 чакырым алыстыкта жайгашкан Фалеолодогу эл аралык аэропорт оор учактарды да кабыл алат. Уюлдук телефондор менен камсыз болуусу — калктын миң адамына 130 даана уюлдук телефон (2003-2004 жж.)[3].

Негизги макала: Самоа таласы

Тала (белгиси: WS$; коду: 4217 — WST) — Самоанын улуттук валютасы. 1 тала 100 сенеден турат. 10, 20 50 сене 1 жана 2 тала монеталары, 5, 10, 20, 50 жана 100 тала номиналындагы банкноттор жүгүртүүдө.

Тышкы экономикалык байланыштары

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Негизги экспорттоолучу продукциялар балык, кийим-кече, кокос майы, кокос креми, сыра жана копра болуп саналат. Негизги испорттоолучу продукциялар велосипеддер, жабдуулар, курулуш материалдары жана күнүмдүк керектелүүчү товарлар болуп саналат.

Негизги соода өнөктөштөрү — экспорт: Австралия( 63%), АКШ, импорт: Жаңы Зеландия, Фижи, Австралия, АКШ жана Япония[56].

Савайидеги салттуу жамааттык үй

Салттуу Самоа жашоо образы (фаа Самоа деп аталат) Самоалыктардын жашоосунун жана саясатынын маанилүү компоненти бойдон калууда. Кылымдар бою европанын таасирине дуушар болгон самоалыктар тарыхый каада-салттарын, коомдук жана саясий түзүлүшүн, тилин сактап калышкан.

Самоа маданияты валеало принцибине негизделет. Бул приннцип адамдардын ортосундагы мамилелердин конкреттүү тутуму жана адамдар ортосундагы мамилелер бири-бирин урматтоого негизделген (фааало).

Самоалыктардын көбү салттуу сүйрү формадагы, фале деп аталган үйлөрдө жашашат. Бул үйлөрдүн дубалдары жок жана чатыры панданус же пальманын жалбырактары менен жабылган. Суук болгондо же катуу шамал, жаан учурларында дубалдырдын ордуна кездемелер, ар кандай тарлар колдонулат. Акыркы учурда темир чатыр менен жабылган фалелерди кездештирүүгө болот.

Самоа коомунун социалдык-экономикалык негизи болуп, жамаат (аинга) саналат. Ал эркектердин теги боюнча жакын туугандардын үч-төрт муунунан, келин болуп келген аялдардан жана асырап алуунун натыйжасында келген адамдардан турат. Аинганын мүчөлөрүн н(саны рто эсеп менен 40-50 адам) еана жрге эбиргеликте элик кылышат жана бардык жумуштардыр чогуу аткарышат[57].

Денесине салттуу малу чегилген Самоалык аял.

Көптөгөн Полинезия аралдарынын тургундары сыяктуу эле, самоалыктар да ар кандай татуировкаларды денесине чегишет. Татуировкалар адамдын жынысына жараша бөлүнөт[58]:

  • Татау — эркектер үчүн татуировкалар, тизеден кабыргага чейин түшүрүлгөн татаал геометриялык фигуралардан турат. Мындай татуировкасы бар эркек адамды согаимити деп аташат.
  • Малу — аялдар (теине) үчүн татуировкалар, тизенин ылдый жагынан баштап жамбашка чейин чегилет.

Музыка жана бий

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Композиторлордун (фатупесе), салттуу Самоа ырларынын авторлорунун (песе) чыгаандары — Толиафоа Талимуту, Песета Гатолоаи Сио, Малифа Фалетоэсе Лемалу, Анапу Лавеа Тэо, Калапу Луафатасага Калапу, Маиава Поуоно Ханкин, Комиси Фараимо.

Сива — Самоанын аялдардын улуттук бийи. Бул бий гавай элинин хула бийине окшош, колдун жана буттун жай кыймылдары менен музыканын ыргагында кандайдыр бир окуяны бий аркылуу сүрөттөйт[59].

Саса — Самоанын эркектеринин бийи.

Роберт Льюис Стивенсондун үй музейи

Роберт Льюис Стивенсондун музейи — Стивенсон өмүрүнүн акыркы жылдарын (1890-1894) өткөргөн үй. Жазуучунун мүрзөсү үйдүн жанында жайгашкан. Жазуучунун үйүнүн бүт аймагы корук деп жарыяланган. Бул жерде мамлекет башчысынын расмий резиденциясы жайгашкан[60][61].

Апиа шаарында жайгашкан улуттук музейде өлкөнүн тарыхын баяндаган түрдүү экспонаттар бар. Экспонаттардын бир бөлүгү Жаңы Зеландия, АКШ, Австралия жана Германиянын музейлеринде жана жеке коллекцияларында сакталат. Бардык чет элдик музейлер жана галереялар экспонаттарды сактоо үчүн тиешелүү шарттар түзүлгөндөн кийин Самоага кайтарып берүүгө милдеттенишкен. Музейдин бардык экспонаттарын эки категорияга бөлүүгө болот: археологиялык экспонаттар жана кол өнөрчүлүк буюмдары. Эң байыркы буюмдардын курагы 3000 жылдан ашык[62].

ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастар тизмесине талапкерчиликке коюлган аймактары

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

2001-жылы 28-августа Самоа дүйнөлүк маданий жана табигый мурастарды коргоо боюнча Конвенцияны ратификациялаган[63]. Микронезия Федеративдик Штаттарынын Өкмөтү тарабынан дүйнөлүк мурастар тизмесине талапкер катары Самоанын 2 объекти сунушталган:

Сүрөтү Атылышы Тизмеге киргизилген жылы Түзүү убактысы Местоположение Критерийлери
1 «Фагалоа-Бэй жана Уафато-Тиавеа» жаратылышты коргоо аймагы

(англ. Fagaloa Bay - Uafato Tiavea Conservation Zone)

2006 Яп аралдары.

Ваа-о-Фоноти округу.

5090 v, vii, x
2 Маноно, Аполима жана Нуулопа аралдарынын маданий пейзажы

(англ. Manono, Apolima and Nuulopa Cultural Landscape)

2006 Аига-и-ле-Таи округу 5091 iii, v
Датасы Атылышы Англисче аталышы
1-январь Жаңы жыл New Year’s Day
2-январь Жаңы жылдын экинчи күнү Day after New Year’s Day
25-апрель АНЗАК ANZAC Day
10-май Самоанун Энелер күнү Mothers of Samoa Day
1-июнь Эгемендүүлүк күнү Independence Day
августтун биринчи дүйшөмбүсү Эмгек күнү Labour Day
октябрдын башталышы Лоту-а-Тамаити Lotu-a-Tamaiti
ноябрдын башталышы Дарактарды отургузуу күнү Arbor Day
25-декабрь Рождество Christmas Day
26-декабрь Белектер күнү Boxing Day

Массалык маалымат каражаттары

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Самоа жана англис тилдеринде мезгилдүү басылмалар жарык көрүп турат[64]:

  • «Samoa Observer» гезити
  • «Samoa Times» гезити
  • «Savali» гезити
  • «Talamua Magazine» журналы

Радио жана телеканалдары дагы иш алып барышат[64]:

  • «Magik FM» радиосу
  • «K-Lite FM» радиосу
  • «Talofa FM» радиосу
  • «Samoa Broadcasting Corporation» радиосу
  • «Samoa Broadcasting Corporation» телеканалы
  • «O Lau TV» телеканалы
  • «TV3» телеканалы
  • «Vaiala Beach Television» телеканалы

Калктагы үналгылардын саны — 175 миңден ашуун (1997), сыналгылардын саны — 8,5 миң (1999)[65]. Аралдарда эки провайдер 10 миң интернет колдонуучу үчүн өз кызматтарын көрсөтөт (2007)[66].

Самоа (көк түстө) — Түштүк Африкадагы регби боюнча Дүйнө кубогу-2007.

Регби жана самоа крикети — Самоадагы эң популярдуу спорт түрлөрү.

Регбини башкарууну Тынч океан аралдары регби альянсынын курамына кирген Самоа регби союзу ишке ашырат, ошондой эле Тынч океан аралдарынын курама командаларынынын ишине көмөктөшөт. Клуб деңгээлинде жергиликтүү Улуттук чемпионат жана Тынч океан кубогу өткөрүлөт. Ману Самоадеп аталган самоанын регби боюнча улуттук командасы дайыма башка өлкөлүк атаандаштары менен беттешип турат. Самоа 1991-жылдан бери регби боюнча бардык дүйнөлүк чемпионаттарга катышып келет. 1991 жана 1995-жылдары Самоанын регби боюча курама командасы Дүйнө кубогунун чейрек финалына, 1999-жылы экинчи раундга чейин жеткен[67].

Мурдагы эң белгилүү самоалык оюнчулар Пэт Лам жана Брайан Лима, азыркы учурда Сеилала Мапусуа, Алесана Туилаги жана Микаэле Песамино белгилүү регби оюнчулары болуп саналышат.

Күрөштүн түрлөрү

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Самоалыктар американын профессионалдык күрөшү, бокс, кикбоксинг жана сумо оюндарында да ийгиликтерге жетишкен.

Самоа футбол федерациясы 1986-жылдан бери ФИФАнын мүчөсү, бирок өлкөнүн курама командасы 2012-жылы гана ОФК улуттар Кубогунда биринчи жолу беттешке чыгып, үч матчта тең утулуп калган. 2016-жылкы футбол боюнча беттешүүдө да ушундай эле көрүнүш кайталанган[68].

Олимпиада оюндарында

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Өлкө 1984-жылдан бери бардык жайкы Олимпиада оюндарына катышып келет[69].

Социалдык тармагы

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

2002-2004-жылдары билим берүүгө болгон чыгымдар Самоанын ИДӨнүн 4,3% түзгөн. Мамлекет калкынын жогорку сабаттуулугу менен мүнөздөлөт — 98,6% (2005). 15 жаштан 24 жашка чейинки адамдардын арасындагы сабатсыздардын үлүшү 0,5% гана[66]. Сабаттуулук, өлкөдөгү мамлекеттик башталгыч жана жеке чиркөөлөрдүн карамагындагы мектептеринин кеңири тармагы бар экендигине байланыштуу. 7-12 жаштагы балдардын 3/4 мектептерде билим алышат.

Милдеттүү билим берүү системасында беш жашында кабыл алынып, он жыл бою билим алган мектептерди камтыйт. Окутуу самоа тилинде жүргүзүлөт, бирок англис тилин терең үйрөтөт. Биринчи мектептер XX кылымдын башында диний миссионерлер тарабынан уюштурулган.

Балдардын бир бөлүгү (66% — 2004) экинчи баскычтагы мектептерде окушат, ошондой эле Тропикалык айыл чарба колледжинде, Соода-сатык колледжинде жана бир нече башка мектептерде атайын билим ала алышат. Самоанын калкынын басымдуу бөлүгү негизинен Жаңы Зеландияда жогорку билимди алышкан.

Саламаттык сактоо

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Саламаттыкты сактоо системасы Апиадагы улуттук госпиталдан, төрт округдук госпиталдан жана медициналык борборлордон турат. Медициналык кызматкерлердин көпчүлүгү Фижи медицина мектебинде жогорку билимди алышкан[66]. Калктын 95% ар кандай ооруларга каршы эмдөө алышкан. Самоалыктардын 85% ичүүчү таза суу менен камсыз болушкан.

Өлкөдөгү жогорку билимди Самоа улуттук университети, Түштүк Тынч океан университети, Самоа политехникалык университети жана Океан медициналык университеттери берет[70].

Самоа Түштүк Тынч океан университетинин негиздөөчүлөрүнүн бири, анын башкы корпусу Сувада (Фижи) жана Самоадагы корпусу Алафуада жайгашкан[71]. Улуттук университет 1984-жылы негизделген.

Уполудо эс алып жаткан турист
Савайи аралындагы Матаваи айылындагы чиркөө
Апиадагы католик чиркөөсү
Савайи аралындагы Му-Пагоа шаркыратмасы

Туризм — 2008-жылга карата алынган маалыматтар боюнча өлкөнүн ИДӨнүн 25% түзгөн жана экономиканын өнүгүп келе жаткан тармагы болуп саналат[72]. Туристтердин саны 1996-жылы 70 000 адамдан 2005-жылы 100 000 адамга чейин көбөйгөн[73]. Самоа Өкмөтү каржы секторун жөнгө салууда жана инвестицияларды тартууда мамлекеттин ролун төмөндөткөнүн жарыялаган. Серепчилер эмгек рыногунун ийкемдүүлүгү — экономикалык өсүү мүмкүнчүлүктөрүнүн негизи экенин белгилешет.

Туристтик секторду өнүктүрүүгө мейманкана инфраструктурасынын курулушуна инвестиция салуу, коңшу өлкөлөрдөгү саясий туруксуздук жана өкмөттүн «Virgin Airlines» компаниясы менен үзгүлтүксүз авиа каттамдарын аткарып туруу жөнүндө макулдашуусу абдан чоң ролду ойногон.

Туристтер көп келген негизги объектери:

  • Апиа — борбор шаары, Самоанын көрүнүктүү жерлеринин арасында экинчи дүйнөлүк согуштун курмандыктарына арналган мемориалдык мунара, жайма базар жана көптөгөн чиркөөлөр;
  • Роберт Льюис Стивенсондун үй музейи — жазуучунун үйү Апиадан төрт чакырым алыстыкта жайгашкан;
  • Уполунун түштүк жээгинедеги суужээктери — Матарева, Саламума жана Аганоа. Алеипата коралл рифтери;
  • Папасеа аскасы — кичинекей токой көлүнө куйган, бийиктиги беш метрлик шаркыратмасы да бар;
  • Савайи — Тафуа жана Фалеалупо коруктары, Олимое шаркыратмасы, Тага гейзерлери[74].

Ажайып жайлары

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  • Апиа:
    • Мулинуу — аралдардын эски салтанаттуу борбору жана азыркы учурда шаардын батыш бөлүгүн ээлейт. Бул жерде Фале-Фоно (парламент үйү) жана жергиликтүү аба ырайы станциясынын кеңсеси катары колдонулган обсерватория жайгашкан;
    • Апия шаарынын борборундагы саат мунарасы, Экинчи дүйнөлүк согуштун курмандыктарынынын элесине арналган эстелик;
    • Флеа-Маркет базары;
    • Самоанун улуттук музейи;
    • Шаардын айланасында жана шаарда көптөгөн чиркөөлөр жайгашкан, алардын эң чоңу океан жээгинде жайгашкан католик чиркөөсү. Англикандардын чиркөөсү кичинекей болсо да, кооз витраждуу терезелер менен кооздолгон. Аралдардагы биринчи диний миссионер Жон Уильямстын сөөгү христиандардын чиркөөсүнүн бирине коюлган. 1977-1983 жылдары шаардын тарыхый борборунда Апиа-Самоа-Темпл храм комплекси курулган;
    • Ваилима — Роберт Льюис Стивенсондун музейи.
  • Уполу:
    • Аралдын түштүк-чыгыш жээгиндеги Матарева, Саламума жана Аганоа суу жээктери;
    • Алеипата коралл рифтери жана рифтердеги коргоого алынган деңиз куштарынын уя салган аймагы;
    • Маливейфагатола дарыясындагы Фуиписия шаркыратмасы;
    • Аралдын чыгыш бөлүгүндөгү То-Суа жанар тоосунан алыс эмес жайгашкан Сопоага шаркыратмасы;
    • Кросс-Айленд автожолундагы Папапапаи-Таи шаркыратмасы;
    • Тогитогига жаратылыш паркындагы Тогитогига шаркыратмасы;
    • Апиадан 10 чакырым арылыкта орун алган Папасееа-Слайдин-Рок шаркыратмасы жана популярдуу эс алуу жайы.
  • Савайи:
    • Полинезиядагы эң чоң байыркы курулуш деп эсептелген, бийиктиги 12 метр жеткен байыркы Тиа-Сеу дөбөсү;
    • Тафуа жана Фалеалупо коруктары;
    • Пулета жана Гаутаваи айылдарынын ортосундагы Му-Пагоа шаркыратмасы;
    • Аралдын түштүк-чыгышындагы Афу-Аау шаркыратмасы;
    • Пай айылынын жанындагы Пеапеа (Лету) жана Паиа-Дворфс лава үңкүрлөрү (ар бир үңкүрдүн жалпы узундугу 1 кмден ашат);
    • Мулинуу тумшугунун жанындагы байыркы жылдыз формасындагы ырым-жырымдардын дөбөсү;
    • Силисили тоосу жана анын этегиндеги коргоого алынган Аопо үңкүрү;
    • Фалеалуподогу католик чиркөөсүнүн урандылары[75].
  1. БУУ мүчө мамлекеттер. Самоа.
  2. 2.0 2.1 2.2 Самоа атылышынын келип чыгышы.
  3. 3.0 3.1 The Commonwealth of Nations. Geography of Samoa.
  4. Districts of Samoa.
  5. Polynesian Voyagers. The Maori as a Deep-sea Navigator, Explorer, and Colonizer. The Occupation of Polynesia.
  6. John Edward Terrell, The Field Museum, Chicago. Colonization of the pacific islands.
  7. Watson, R.M. History of Samoa: THE ADVENT OF THE MISSIONARY. (1830.1839)
  8. Encyclopedia of the Nations. Samoa - History.
  9. Beautiful Samoa. Our History.
  10. Stevenson, Robert Louis. A Footnote to History: Eight Years of Trouble in Samoa — BiblioBazaar. — ISBN 1-4264-0754-8.
  11. Annexation of Samoa.
  12. Josiah Crosby. The Future of Western Samoa.
  13. New Zealand goes to war: The Capture of German Samoa.
  14. Imperialism as a Vocation: Class C Mandates.
  15. The 1918 flu pandemic.
  16. Nelson, Olaf Frederick 1883 - 1944.
  17. The Mau Movement.
  18. Field, Michael. Black Saturday: New Zealand's tragic blunders in Samoa. — Auckland, N.Z.: Reed Publishing (NZ), 2006. — ISBN 0790011034.
  19. History and migration: Who are the Samoans?
  20. Background Note: Samoa.
  21. CONSTITUTION OF THE INDEPENDENT STATE OF SAMOA.
  22. Constitution Amendment Act (No 2) 1997
  23. Черногория и Самоа присоединились к ВТО.
  24. Самоанын чөлгө айланууга каршы конвенциясын ишке ашыруу боюнча биринчи улуттук отчету.
  25. Geo-physical Features.
  26. Encyclopædia Britannica. Samoa: Climate.
  27. 27.0 27.1 27.2 27.3 Самоанын чөлгө айланууга каршы конвенциясын ишке ашыруу боюнча биринчи улуттук отчету.
  28. 28.0 28.1 28.2 Terrestrial Ecoregions. World Wildlife Fund. Samoan tropical moist forests.
  29. Маноно, Аполима жана Нуулопа аралдарын кошкондо.
  30. Нуусафее жана Алеипата аралдарын кошкондо.
  31. Округдун бир бөлүгү Уполудо жайгашкан (Саламуму-Уту жана Леауваа айылдарын кошкондо).
  32. Самоанын Конституциясы.
  33. Самоанын Конституциясы. 5-бөлүм, 42-берене.
  34. Самоанын Конституциясы. 5-бөлүм, 44-берене.
  35. Самоанын Конституциясы. 5-бөлүм, 45-берене.
  36. Samoa: Key Facts: Political.
  37. Самоанын Конституциясы. 5-бөлүм, 49-берене.
  38. Самоанын Конституциясы. 5-бөлүм, 63-берене.
  39. Самоанын Конституциясы. 5-бөлүм, 60-берене.
  40. Самоанын Конституциясы. 5-бөлүм, 59-берене.
  41. Hassall, Graham and Saunders, Cheryl. Asia-Pacific Constitutional Systems. — Cambridge University Press, 2002. — С. 41. — ISBN 0521591295.
  42. The Sydney Morning Herald. Samoan king dies at the age of 94.
  43. New Zealand Herald. New head of state for Samoa. Archived 2013-05-28 at the Wayback Machine
  44. Самоанын Конституциясы. 3-бөлүм, 18-берене.
  45. Самоанын Конституциясы. 3-бөлүм, 19-берене.
  46. Kogan Page, World of information. Asia and Pacific Review 2003/04, 21st edition (англ.). — Essex, England: Walden Publishing Ltd., 2003. — P. 41. — ISBN 0749440635.
  47. Самоанын Конституциясы. 4-бөлүм, 32-берене.
  48. 48.0 48.1 Самоанын Конституциясы. 6-бөлүм, 65-берене.
  49. The Commonwealth of Nations. Politics.
  50. 50.0 50.1 World Bank Open Data. Самоа.
  51. 51.0 51.1 51.2 Калкты каттоо (2011).
  52. The Kingfisher Geography Encyclopedia.
  53. Samoa at Atlapedia.
  54. Agriculture of Samoa.
  55. Samoa System of Government Information.
  56. The Commonwealth of Nations. Economy of Samoa.
  57. Samoa. The traditional village.
  58. Oceanside Museum of Art. Worn With Pride > Tatau (Tatoo).
  59. Dance: Siva.
  60. Robert Louis Stevenson Museum & Grave.
  61. Robert Louis Stevenson on stamps of Samoa.
  62. Лаура Бердехо, ЮНЕСКО. Самоа - в ожидании лучших времён музейные экспонаты находятся за границей.
  63. The States Parties - Samoa.
  64. 64.0 64.1 BBC. Country profile: Samoa
  65. Infoplease.com. Samoa: History, Geography, Government, and Culture.
  66. 66.0 66.1 66.2 The Commonwealth of Nations. Society of Samoa.
  67. Rugby in Samoa.. Текшерилген күнү 9 -июль (теке) 2024. Түп булактан архивделген күнү 9 -июль (теке) 2024.
  68. FIFA. Football Federation Samoa.
  69. Samoa Association of Sports and National Olympic Committee Inc.
  70. Oceania University of Medicine.
  71. University of the South Pacific.
  72. Samoa on PACREIP.
  73. Samoa Economy 2008.
  74. Самоа боюнча туристерге колдонмо.
  75. Послы.ру. Самоа.

Тышкы шилтемелер

[түзөтүү | булагын түзөтүү]