Мазмунга өтүү

Тонга

Википедия дан

Тонга Королдугу
тонга Puleʻanga Fakatuʻi ʻo Tonga
англ. Kingdom of Tonga

Герб
Туу Герб
Урааны: «Ko e ʻOtua mo Tonga ko hoku tofiʻa
(Кудай жана Тонга — менин мурасым)»
Гимн: «Ko e fasi ʻo e tuʻi ʻo e ʻOtu Tonga»
«Тонга аралдарынын падышасынын ыры»
Эгемендүүлүк күнү 4-июнь 1970-жыл

Улуу Британиядан)

Расмий тили тонга тили, англис тили
Борбор шаары Нукуалофа
Ири шаарлар Нукуалофа, Неиафу
Башкаруу формасы Конституциялык монархия
Король
Премьер-министр
Тупоу VI
Сиаоси Офакивахафолау Совалени
Мам. дини Динден тышкары мамлекет
Аянты
• Жалпы
• Суу бетинин %.
172-орун - дүйнөдө
748 км²
4
Калкы
• Бааланган (2024)
Жыштыгы

108,603 адам (199-орун)
139 ад./км²
ИДӨ (САМ)
  • Бардыгы

655 млн $
ИДӨ (номинал)
  • Бардыгы
  • Ар бир жанга

493 млн $
4,888 $
АДӨИ  0,739 (жогору) (98-орун)
Этнохороним тонгалык, тонгалыктар
Акча бирдиги Паанга (TOP, коду 776)
Домени .to
ISO коду TO
ЭОК коду TGA
Телефон коду +676
Убакыт аралыгы UTC +13:00

Тонга (англ. Tonga), расмий аталышы Тонга Падышачылыгы (тонга Puleʻanga Fakatuʻi ʻo Tonga, англ. Kingdom of Tonga) — Полинезиядагы мамлекет. Түндүгүнөн Самоа, чыгышынан Ниуэнин аймактык суулары, батышынан Фижинин суулары менен чектешет. Жээк тилкесинин узундугу 419 км. Тонга архипелагынын 177 аралында жайгашкан. Жалпы аянты — 748 км². Калкынын саны — 108,603 адам (2024)[1]. Борбору — Нукуалофа шаары.

Тонга аралдарын 1616-жылы голландиялык Виллем Схаутен жана Якоб Лемер саякатчылары ачышкан. 1900-жылы архипелаг Британиянын алдындагы мамлекетке айланган. Бирок, Тонга өзүн-өзү башкаруунун бардык укуктарын сактап калган. Аралдын, Улуу Британиядан көз карандысыздыгы 1970-жылы жарыяланган. Тонга Бириккен Улуттар Уюмунун[2], Түштүк Тынч океан комиссиясынын жана Тынч океан аралдары форумунун мүчөсү.

Полинезиянын көптөгөн тилдеринен которгондо Tonga cөзү «түштүк» дегенди маанини билдирет[3]. Архипелаг бул аталышты Полинезияны биринчи колониялаштыруу процесстери башталган Самоа аралдарынын түштүгүндө жайгашкандыктан алган деген божомолдор бар. Тонгалыктары өздөрү өлкөсүнүн атылышын «бакча» деп которушат[4][5].

Бул аралдарды, 1773-жылы англиялык саякатчы Жеймс Кук «Достук аралдары» (англ. Friendly Islands) деп атаган[3].

Географиялык абалы

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Полинезияда жайгашкан Тонга мамлекети — Тынч океанынын түштүгүндө жайгашкан, жанар тоо жана кораллдардан турган аралдардын тобунан турат. Өлкөнүн борбору Нукуалофа шаары, Жаңы Зеландиянын эң чоң шаары болгон Оклендден түндүк-чыгышында 1770 чакырым алыстыкта жана Фижинин борбору Суванын түштүк-чыгышында 690 чакырым алыстыкта жайгашкан[6].

Тонганын жалпы аянты 748 км². Анын ичинен кургактыктар — 718 км², суу бети — 30 км²[7]. Өлкө 172 аралда жайгашкан, алардын 36 аралында гана эл жашайт (калк жашаган аралдардын аянты болжол менен 650 км²)[8]. Падышалыкты түзгөн эң ири арал топтору: Вавау аралдары, Тонгатапуаралдары жана Хаапай аралдары. Аянты жагынан орточо келген Ниуас аралдары — Ниуафоу, Тафахи жана Ниуатопутапу үч кичинекей аралдардан турат жана бул аралдар өлкөнүн эң түндүккү аралдары болуп саналат.

Тонга архипелагы түндүк-чыгыштан түштүк-чыгышка болжол менен 631 км, ал эми түштүк-чыгыштан түндүк-батышка болжол менен 209 км созулуп жатат[6].

Эң маанилүү аралдары болуп Тонгатапу (борбор шаары жайгашкан), Вавау, Ниуатопутапу, Ниуафоу, Тафахи, Хаапай жана Эуа аралдары саналат.

1033 метрге жеткен өлкөнүн эң бийик чекити Као аралында жайгашкан[7].

Тонга Падышалыгынын эң түндүккү аралы — Ниуафоу аралы, эң чыгышкы аралы — Тафахи аралы. Эң түштүккү жана ошол эле учурда эң батышкы аралы — Ата аралы.

1972-жылы 24-январда Тонга Падышалыгы түштүгүндө жайгашкан Минерва рифтерине өз дооматтарын коюп, ушул эле жылдын 15-июнда өз курамына кошуп алган (аннексия). Бул аннексиянын натыйжасында өлкөнүн аймактык сууларынын аянты кыйла кеңейген. Тонганын мындай кадамы Түштүк Тынч океан форуму тарабынан таанылган. Ошого карабастан, Минерва рифтери Фижи тарабынан азыркыга чейин талашууда.

2006-жылдын ноябрында жанар тоонун активдүүлүгүнөн жаңы түптөлгөн аралдын космостон тартылган сүрөтү.
Айрым Тонга аралдарынын жээктери абдан тик жана жарлуу.
Архипелагдагы көптөгөн аралдар коралл рифтери менен курчалган.

Тонга архипелагы Тынч океанынын жана Австралиянын литосфералык плиталарынын чек арасында, терең деңиз кобулунун батышында жайгашкан жана бири-бирине параллель жаткан суу астындагы эки кырка тоолордун чокуларында жайгашкан вулкандык, көтөрүлгөн кораллдык аралдарын жана рифтердин жыйындысы[9]. Эуа аралында табылган эң байыркы тоо тектеринин үлгүлөрү эоцен дооруна таандык. Бул аралдар көп жылдар бою суу астында болушкан. Тонга аралдарынын пайда болуушунун так убактысы белгисиз. Эуа сыяктуу байыркы аралдар болжол менен 5 миллион жыл мурун же андан аз убакыт мурун пайда болгон деген да окумуштуулардын божомолдору бар. Ошондой эле кээ бир аралдар кеч миоценде, атүгүл неогенде пайда болгон деп божомолдоого болот[10].

Жанар тоолук аралдарга Хаапай арарлдар тобундагы Ата, Хунга-Хаапай, Хунга-Тонга, Хао жана Тофуа аралдары кирет; Вавау арарлдар тобундагы Латте жана Фонуалей аралдары кирет жана Ниуас тобундагы эки аралы дагы жанар тоонун активдүүлүгүнөн пайда болушкан. Алар түштүктөн түштүк-чыгышка жана түндүк-батышка созулган жанар тоо тоо кыркаларында пайда болгон. Бул тоо кыркалардын аймагында жанар тоолордун атылышынын натыйжасында, азыркы учурда активдүү геологиялык процесстер байкалууда[9].

2015-жылдын январында Хунга-Тонга-Хунга-Хаапай жанар тоосунун атылышынын натыйжасында жаңы жанар тоо аралын пайда болгон[11]. 2015-жылдын март айынын башына карата алынган маалыматтар боюнча, аралдын узундугу — 1,8 км, туурасы — 1,2 км түзгөн. Жаңы аралдын пайда болуу процессин геологдор, деңиз кызматтары жана жергиликтүү тургундар кемелерден, жеке кайыктардан жана космостон, спутниктердин жардамы менен байкап турушкан. Жаңы арал Хунга-Хаапай аралына кошулган[12].

Архипелагдын кээ бир аралдары, мисалы, Ниуас аралдары сыяктуу тосмо жана жээк рифтери менен курчалган. Вавау аралдар тобу негизинен бийик жанар тоолук аралдардан турат, ошондой эле рифтер менен курчалган. Хаапай тобундагы аралдардарда негизинен бийик жанар тоолук же жапыз акиташ тоо тектеринен турган аралдар кездешет. Тонгатапу жана Эуа аралдары акиташ тоо тектүү[9].

Тонгатапу аралына тегиз рельеф мүнөздүү, аралдары адырлар жана дөңсөлөр болжол менен 30 м бийиктикке жетет. Аралдын кораллдар турган негизин 3 м тереңдикке чейин жанар тоо күлү менен капталган[13].

Акыркы эки жүз жылдын ичинде аралдарда 35тен ашык жанар тоо атылышы катталган[14]. Бийиктиги 515 метр болгон Тонгадагы ири жанар тоолордун бири Тофуа аралында жайгашкан, ал суу астындагы стратовулканын чокусу болуп саналат. Жанар тоонун кальдирасынын туурасы 5 км, ошондой эле кальдирада тузсуз көл орун алган[15]. Акыркы катталган жанар тоо атылуусу 1960-жылы болгон. Өлкөнүн эң бийик жанар тоосу Хао аралында жайгашкан, ал деңиз деңгээлинен 1030 метр бийиктикке чейин жетет[16]. Башка ири жанар тоолор Фонуалеи, Лате, Ниуафооу аралдарында кездешет. аймактагы жанар тоолук активдүүлүктүн уланышы көбүнчө кичинекей эфемердик аралдардын пайда болушу менен коштолот. Мисалы, 2006-жылы жанар тоо атылгандан кийин кичинекей арал жана Метис рифи пайда болгон. 1995-жылы жанар тоо атылгандан кийин диаметри 280 метр жана бийиктиги 43 метр болгон арал пайда болгон[17].

Тонга аралдарында ири минералдык жана тоо кендери жок. Кум жана акиташ теги аз көлөмдө казылып алынат[18]. Бирок 2008-жылы өлкөнүн аймактык сууларынан цинк, жез, күмүш жана алтындын ири кендери табылган[19].

Тонганын климаты ысык, тропикалык жана түштүк-чыгыштан соккон пассаттардын таасири астында.

Тонга аралдарындагы топурактардын көбү негизинен жанар тоо тектеринен туруп, түшүмдүү келет. Курамында коралл жана башка тектердин бөлүктөрүн камтыйт[18]. Бул топурактар эң жагымдуу физикалык касиеттерге ээ: алар майда, жакшы структураланган, сууну сиңирүүсү жакшы. Топурактын түрлөрү кычкылдан щелочтукка чейин, курамында кальций менен магнийдин көрсөткүчтөрү жогору, катион алмашуу сыйымдуулугу жогору жана негиздер менен каныккан.

Тонга аралынын топурактары түшүмдүүлүгү жогору болгондуктан, эгин өстүрүүгө да, жайыттарды уюштурууга да ылайыктуу. Айрым жээк аймактарындагы топурактар туздуу (шор) келет[13].

Суу ресурстары (гидрология)

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Вавау аралдарындагы лагуна

Арарлдарда таза суунун чектелген гана туруктуу булактары бар. Суу топуракта көпкө сакталбагандыктан жана бат эле жерге сиңип кетишинен, жашоочулар негизинен чатырдан бетон цистерналарга топтолгон жамгыр суусун же кичинекей кудуктардагы сууну колдонушат. Жер астындагы суу катмарлары, кичинекей көлдөр жана сайлар жанар тоолук аралдарда жайгашкан[18].

Көлдөрдү Вавау, Ниуафооу, Номука аралдарынанан, ал эми кичинекей дарыяларды Эуа жана Ниуатопутапу аралдарынын кездештирсе болот[20].

Флора жана фауна

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Нымдуу тропикалык климаттын аркасында көптөгөн Тонга аралдары жыш өсүмдүктөр менен капталган (Эуа аралынын сүрөтү)

Тонга коралл аралдарынынын бетин калофилл өсүмдүктөрү басымдуулук кылган тропикалык токойлору ээлейт. Токойлорунун кыйла бөлүгү айыл чарба муктаждыктары үчүн тазаланган, ошондуктан азыркы учурда бул аймактардын бир бөлүгүндө лантан жана псидиум бадалдары, ошондой эле сорго жана таруу чөптөрү басымдуулук кылат. Аралдардын жээк аймактарында баррингтония жана сцеволдор өсөт. Жанар тоолордун кратерлеринин аймагында чөптүү өсүмдүктөр басымдуулук кылат, ал эми Хао жана Тафахи жанар тоолорунун чокуларында тумандуу тропикалык токойлор же нефелогилеялар орун алган[21]. Кең тропикалык токойлор туруктуу калк жашабаган жана жанар тоо аралдарында гана сакталып калган[22].

Жалпысынан Тонгада тамырлуу өсүмдүктөрдүн 770ке жакын түрү катталган. Аралдарда өсүмдүктөрдүн ар түрдүүлүгү айырмаланат. Мисалы, Тонгатапу аралында өсүмдүктөрдүн 340ка жакын түрү, ал эми Вавауда 107 түрү бар[22].

Өлкөнүн жаныбарлар дүйнөсү өтө аз түрлүү жана негизинен интродукцияланган түрлөрдөн турат. Архипелагда сойлоп жүрүүчүлөрдүн 12 түрү (бир түрү эндемикалык) жана жарганаттардын 2 түрү байырлашат, алар аралдардын жалгыз жергиликтүү сүт эмүүчүлөрү болуп саналат. Тонганын сууларында деңиз таш бакаларын, моллюскаларды, балыктардын түрлөрүн кездештирүүгө болот[21].

Архипелагда көптөгөн канаттуулар уялайт. Аралдар полинезиялыктар отурукташканга чейин, кыйла ар түрдүү болгон. Адамдардын келиши менен Тонгада канаттуулардын кеминде 23 түрү жок болгон[22]. Архипелагда жалпысынан канаттуулардын 73 түрү катталган, алардын эки түрү эндемикалык канаттуулар. Кээ бир аралдарда деңиз канаттуулары уялаган «канаттуулар базарлары» жайгашкан.

Тонга аймагында эки улуттук парк (Эуа аралында жана Вавау аралынынын Талау тоосунда) жана алты корук жайгашкан[23].

Административдик-аймактык түзүлүшү

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Тонганын картасы

Аймактык жактан Тонга Падышалыгы беш административдик округдарга бөлүнөт: Вавау, Ниуас, Тонгатапу, Хаапай жана Эуа[24][25].

Округдар өз кезегинде райондорго жана айылдарга бөлүнөт[26]:

  • Вавау округунун курамына Неиафу, Леиматуа, Хахаке, Пангаимоту, Хихифо жана Моту атылышындагы 6 район кирет[27].
  • Ниуас округунун курамына Ниуатопутапу и Ниуафооу атылышындагы 2 район кирет[28].
  • Тонгатапу округунун курамына Колофооу, Коломотуа, Ваини, Татакамотонга, Лапаха, Нукунуку жана Коловаи атылышындагы 7 район кирет[29].
  • Хаапай округунун курамына Лифука, Фоа, Уиха, Лулунга, Кауваи-Хаано жана Муомуа атылышындагы 7 район кирет[30].
  • Эуа округунун курамына Эуа-Мотуа жана Эуа-Фооу атылышындагы 2 район кирет[31].
Округ Англисче аталышы Административдик борбору Жалпы аянты,

км²

Калк жашаган аралдардын аянты,

км²

Калкы,[32]

адам (2016)

Жыштыгы,

адам/км²

1 Вавау Vava’u Неиафу 194 119 13 738 114
2 Ниуас Niuas Хихифо 75 72 1232 17
3 Тонгатапу Tongatapu Нукуалофа 266 261 74 611 286
4 Хаапай Ha’apai Пангаи 126 110 6125 56
5 Эуа 'Eua Охонуа 87 87 4945 57
Жалпы 748 649 100 651 155

Саясий түзүлүшү

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мамлекеттик түзүлүшү

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тонга — тупоу династиясынын өкүлдөрүнүн арасында, бийлик атадан балага өтүүчү конституциялык монархия жана Океанияда орун алган жалгыз падышалык.

Өлкөнүн азыркы Конституциясын 1875-жылы 4-ноябрда падыша Жорж Тупоу I тарабынан сунушталган жана кабыл алынган. Конституциянын кабыл алынышы бул Падышалыктын мамлекеттик өнүгүүсүн, коомунуну модернизациялоосун, өлкөнүн ички туруктуулугун жана биримдигин камсыз кылууда маанилүү орунду ээлеген. Ушул Конституциянын негизинде, XIX кылым баю Тонга Падышалыгы көз карандысыздыгын сактап келген деп айтса да болот[33].

Тонганын Конституциясы 3 бөлүмдөн, 115 беренеден турат жана «катаал» конституциялардын катарына кирет, башкача айтканда, аны өзгөртүү үчүн бир катар мыйзамдык шарттарды сактоон талап кылынат. Өлкөнүн негизги мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү укугу Мыйзам чыгаруу Ассамблеясына берилген. Түзөтүүлөр ассамблеядагы үч окуудан өтүп, андан кийин падышага тапшырылышы керек. Эгерде Тонганын Жашыруун Кеңеши жана Министрлер кабинети конституциялык түзөтүүнү бир добуштан колдосо, анда ал падыша тарабынан бекитилиши керек. Падыша кол койгондон кийин, түзөтүү күчүнө кирет[34].

Учурда Тонгада этап-этабы менен саясий реформа жүрүп жатат. Ушул максатта 2008-жылы 5 адамдан турган конституциялык жана шайлоо комиссиясы түзүлгөн[35], анын негизги максаты Конституциянын беренелерин аткаруу, шайлоо органдарынын жана алардын ортосундагы өз ара мамилелердин принциптерин, ошондой эле Тонга шайлоо мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу болгон[36]. 2010-жылдын апрелинде комиссиянын сунуштарынын негизинде өлкөнүн парламенти шайлоо системасына өзгөртүүлөрдү киргизген. Мыйзам чыгаруу органында эл тарабынан шайланган өкүлдөрдүн саны көбөйгө (9дан 17ге чейин). Натыйжада Тонганын тарыхында биринчи жолу эл өкүлдөрүнүн саны пэр депутаттарынын санын ашкан[37], айрым шайлоо округдарынан шайланган депутаттардын саны да көбөйгөн: Тонгатапудан — он (мурун үч орун) жана Ваваудан — үч (мурун эки орун). Жаңы система боюнча биринчи парламенттик шайлоо 2010-жылдын ноябрында өткөн.

Падышанын сарайы

Падыша мамлекет башчысы болуп саналат. Мураскерлик принциптери учурдагы Конституциянын 32-беренесинде бекитилген. Мураскер мыйзамдуу никеде төрөлүшү керек. Так (бийлик) падышанын тун уулуна өтөт, ал эми тун уулу каза болгон учурда анын мураскерлерине берилет. Эгерде падышанын тун уулунун балдары жок болсо, анда так (бийлик) экинчи уулуна же анын мураскерлерине өтөт. Бийлик ата тарабынан гана эркек уулдарына берилет. Эгерде падышалык тукумда эркектер жок болсо, так падышанын тун кызы жана анын мураскерлерине берилет. Эгерде падышанын мураскерлери калбаса, анда так Уильям Тунгинин урпактарына жана мыйзамдуу мураскерине өтөт.

Эгерде падышанын мыйзамдуу мураскорлору жок болсо, анда падыша өз алдынча (пэр депутаттарынын палатасынын макулдугу менен) өзүнүн мураскорун тирүү кезинде дайындай алат. Эгерде мындай чечимдер падыша тарабынан кабыл алынгабаган болсо, анда премьер-министр же министрлер кабинети, Мыйзам чыгаруу Ассамблеясынын чакырууга милдеттүү жана пэрлер палатасынын жыйынында добуш берүү аркылуу уруу башчыларынын бирин падыша кылып тандап, жаңы падышалык династияны түзүшү керек[38].

Конституцияга ылайык, падышанын инсандыгы ыйык жана ал бардык уруу башчылардын жана бүткүл Тонга элинин башчысы. Ал өлкөнү башкарат, бирок жоопкерчиликти министрлер тартышат. Мыйзам чыгаруу Ассамблеясы аркылуу өткөн бардык мыйзам долбоорлоруна күчүнө киргенге чейин падыша кол коюшу керек[39]. Падыша Тонганын кургактык жана аскер-деңиз күчтөрүнүн жогорку башчысы. Ал бардык офицерлерди дайындайт, аскердик даярдыкты жана көзөмөлдү жөнгө салат, Мыйзам чыгаруу Ассамблеясынын макулдугу менен согуш жарыялоо укугуна ээ[40]. Падыша ырайым берүү укугуна ээ, Мыйзам чыгаруу Ассамблеясынын өз чечими боюнча чакыра жана тарката алат[41], чет мамлекеттер менен келишимдерге кол коёт, башка мамлекеттердеги Тонга дипломатиялык өкүлдөрүн дайындайт[42], ардак наамдар менен сыйлайт[43]. Падыша мыйзам чыгаруу жыйынынын макулдугусуз бажы алымдарынынын наркын өзгөртө албайт[42].

Мыйзам чыгаруу бийлиги

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Пэрлер өкүлдөрү менен эл өкүлдөрү бир палатада отурушу керек. Мыйзам чыгаруу Ассамблеясы Жашыруун Кеңештин жана министрлер кабинетинин мүчөлөрүнөн, пэрлер палатасынын өкүлдөрүнөн жана өлкөдөгү эл өкүлдөрүнөн турат. Пэрлердин өкүлдөрү (Ассамблеядагы жалпы саны 9 адам) падышалык пэрлер тарабынан үч жылда бир шайланат. Эл өкүлдөрүн (жалпы саны 17 адам) калк үч жылда бир шайлайт. Шайлоо укугуна ээ болгон активдүү жарандар талапкер боло алышат. Ассамблеянын төрөгасын падыша дайындайт[44].

Тонганын Конституциясына ылайык, падыша жана Мыйзам чыгаруу Ассамблеясы мыйзамдарды кабыл алуу укугуна ээ[45].

Аткаруу бийлиги

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Тонганын премьер-министринин кеңсеси

Тонгада премьер-министр, тышкы иштер министри, жерди пайдалануу министри, тартип коргоо министри жана башка министрлерден турган Министрлер кабинети аткаруу бийлиги болуп саналат. Министирлер кабинентинин мүчөлөрүн падыша дайындайт.

Падыша Министрлер Кабинетинин макулдугу менен Хаапай жана Вавау округдарынын губернаторлорун дайындайт[46].

Падышанын астында Жашыруун Кеңеш иш алып барат жана монрахка анын бир катар функцияларын аткарууга көмөктөшөт. Ал министрлер кабинетинин мүчөлөрүнөн, губернаторлордон жана падыша дайындаган башка адамдардан турат. Падышанын жана Жашыруун Кеңештин буйруктарынын бири да буйрук үчүн жооптуу болгон тиешелүү министрлердин кол тамгасысыз күчүнө кирбейт[47].

Тонганын сот системасы өз курамына Жашыруун Кеңешти (англ. Privy Council), апелляциялык сотту (Court of Appeal), Жогорку сотту (Supreme Court), магистрат сотторун (magistrates court) жана жер маселелери боюнча сотту (Land court) камтыйт[48].

Шайлоо округдары

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мыйзам чыгаруу Ассамблеясына талапкерлерди шайлоо үчүн өлкө 5 шайлоо округуна бөлүнөт[49]:

  • Тонгатапу
  • Хаапай
  • Вавау
  • Эуа
  • Ниуафооу-Ниуатопутапу

Жергиликтүү башкаруу жана өз алдынча башкаруу системасы

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тонгадагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу системасы мыйзамдуу түрдө бекитилген эмес. Өлкөдө айылдарды башкарган айылдык кеңештер жок[50]. Бардык бийлик борбордук өкмөттүн колунда, анда жалпы коомду, айрыкча шаарларды жана айылдарды жөнгө салуу маселелери боюнча ар кандай эрежелер жана регламенттер иштелип чыгат. Башкарууну жүзөгө ашыруу үчүн өлкө округдарга жана шаарларга бөлүнөт[51].

Саясий партиялар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тонгада катталган саясий партиялар жок, бирок айрым саясий топтор жана бирикмелер «партия» деген сөздү колдонушат[52].

Куралдуу күчтөр

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Тонганын аскерлери Иракта.

Тонганын коргонуу күчтөрү (англ. Tonga Defence Services) деп аталган туруктуу куралдуу күчтөр бар. Алардын негизги функциялары болуп Падышалыкты коргоо, жарандык бийликти колдоо, ага тартипти сактоого жардам берүү жана падыша тарабынан жүктөлгөн башка функциялар жана милдеттерди аткаруу болуп саналат[53].

Куралдуу күчтөр регулярдык армиядан (англ. Regular Force), аймактык армиядан (англ. Territorial Force) жана резервдик армиядан (англ. Reserve) турат[53].

Укук коргоо органдары

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тонгада полиция күчтөрү бар (англ. Tonga Police Force). 2000-жылга карата полиция кызматкерлеринин саны 420 адамды түзгөн. Штаб-квартирасы Нукуалофада жайгашкан жана курамында төмөнкү бөлүмдөр бар:

  • аймактык 4 полиция бөлүмү
  • окуу борбору
  • атайын топ

Полициянын негизги милдети мыйзамды жана тартипти сактоо, тынчтыкты сактоо, өмүрдү жана мүлктү коргоо, кылмыштардын алдын алуу жана аныктоо жана мыйзамдарда каралган башка функциялар[54].

Тышкы саясат жана эл аралык мамилелер

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргызстан менен Тонга Падышачылыгынын ортосунда дипломатиялык мамилелер 2022-жылдын 7-декабрында орнотулган[55].

Тонга Королдугу — БУУнун, Дүйнөлүк Соода Уюмунун, Тынч океан коомчулугунун катчылыгынын, Тынч океан аралдары форумунун, Африка мамлекеттеринин, Кариб деңизинин жана Тынч океанынын улуттар шериктештигинин жана башка эл аралык уюмдардын мүчөсү.

Тонга менен дипломатиялык мамилелердин орноткон өлкөлөрдүн картасы
Калкынын саны
1960 1961 1962 1963 1964 1965 1966 1967 1968 1969 1970 1971
61 600 63 740 66 255 69 000 71 757 74 363 76 787 79 048 81 096 82 879 84 370 85 520
1972 1973 1974 1975 1976 1977 1978 1979 1980 1981 1982 1983
86 349 86 985 87 609 88 347 89 258 90 296 91 361 92 300 93 007 93 451 93 682 93 774
1984 1985 1986 1987 1988 1989 1990 1991 1992 1993 1994 1995
93 838 93 953 94 149 94 403 94 687 94 952 95 165 95 321 95 443 95 560 95 712 95 928
1996 1997 1998 1999 2000 2001 2002 2003 2004 2005 2006 2007
96 218 96 574 96 991 97 457 97 962 98 504 99 083 99 691 100319 100960 101617 102289
2008 2009 2010 2011 2012 2013 2017 2020
102 947 103 557 104 098 104 554 104 941 105 323 108020 105697
Тонганын калкы
Тонганын калкынын өсүү динамикасы. 1961-2003 жж.
Калктын структурасы
Калктын саны 103 252 адам (2011)
Калктын жыштыгы 138,04 адам/км² (2011)
Орточо курагы жалпы: 21 (2011)
эркектер: 20 (2011)
аялдар: 22 (2011)
Курак структурасы 0—14: 37,3 % (2011)
15—59: 8,3 % (2009)
59 жогору: 8,3 % (2009)
Шаардык калктын үлүшү 23,47 % (2011)
2000-жылга карата жыныстык жана курактык түзүм
Төрөлүүнүн деңгээли
Фертилдүүлүктүн жалпы коэффициенти 2,5 ‰ (2008)
Төрөттүн жалпы коэффициенти 1,236 ‰ (2011)
Өлүмдүн деңгээли
Ымыркайлардын өлүмү

(1 жашка чейинки 1000 төрөлгөндөргө)

жалпы: 11,88 ‰ (2008)

эркек балдар: 13,07 ‰ (2008) кыз балдар: 10,63 ‰ (2008)

Адамдардын өлүмү

(1000 адамга)

жалпы: 5,12 ‰ (2008)

Улуттук эл каттоо Тонгада 1921-жылдан бери үзгүлтүксүз жүргүзүлүп келет. Бирок, расмий эл каттоо башталган жылдан да мурунку жылдардан алынган статистика маалыматтары бар. 1956-жылдан бери эл каттоо он жылда бир өткөрүлүп келет[56].

Этникалык курамы

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Тонгалар — аралдардын түпкүлүктүү эли
2006-жылы Нукуалофа шаарындагы «Нукуалофадагы толкундоолор» аталышы менен белгилүү болгон козголоң учурундагы чыккан өрт

Тонганын калкы бир тектүү: 2011-жылдагы эл каттоого ылайык, калктын 96,5% жергиликтүү полинезиялыктар тонгалар,1,04% тонганлыктар жана башка улуттардын ортосундагы никеден төрөлгөндөр.

Чет элдиктердин (европалыктар, Тынч океанынын башка аралдарынан келгендер жана азиялыктар) үлүшү минималдуу. 1996-жылга карата маалыматтарды кытайлыктардын, индиялыктардын, ошондой эле фижиликтердин санынын өсүшү белгиленген[57].

Англис тилинен тышкары, өлкөнүн расмий тили болуп тонга тили саналат.

Гавай тили, маори тили, самоа тили, таити тили сыяктуу, тонга тили полинезиялык тилдеринин тобунун көптөгөн тилдеринин бири. Ниуэ тили менен бирге тонга тили полинезия тилдер тобунун тонга уячасын түзөт. Тилдин жазуусу XIX кылымдын биринчи жарымында европалык миссионерлер тарабынан түзүлгөн. 1998-жылы тонга тилинде сүйлөгөндөрдүн жалпы саны 96 334 адамды түзгөн[58].

Тонга тилинин жазуусунуда латын алфавитин колдонулат. Ал болгону 16 тамгадан турат: 5 үндүү жана 11 үнсүз. Оозеки тилде үндүү тыбыштардын созулганы чоң маанини ойнойт, ошондуктан созуулган үндөрдөн сөздүн мааниси өзгөрүшү мүмкүн.

Өлкөдө 1981-жылы Тынч океан тилдеринин бири болгон ниуафооу тилинде сүйлөгөн 690 адам болгон[59].

XIX кылымга чейин Ниуатопутапу аралында өзүнүн жергиликтүү тили болгон, бирок 1862-жылы июнда Жордж Тупоу I тарабынан бул арал аннексиялангандан кийин, бул тил толугу менен тонга тилине алмаштырылган[60].

1998-жылдагы статистикалык маалыматтар боюнча, өлкөнүн калкынын 98,9% тонга же англис тилдеринде окуп жана жаза алган[7].

Коломотуадагы Эркин Уэслиан чиркөөсүнүн имараты

Тонга аралдарында үстөмдүк кылган дин христиан дини болуп саналат.

Христиан миссионерлери аралдардагы биринчи иш-аракеттерин биринчи аракетин 1797-жылы Лондон миссионердик коомунун миссионерлери тарабынан жасалган. Бирок ийгиликсиз болгон. Биринчи туруктуу христиан миссиясы Тонга аралдарында 1826-жылы гана негизделген[61].

Өлкөнүн конституциясы ар бир жаранга дин тутуу эркиндигин кепилдейт[62].

Тышкы экономикалык байланыштар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Акча жана каржы тутуму

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Социалдык тармагы

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  1. Тонганын калкынын саны.
  2. БУУ мүчө мамлекеттер. Тонга.
  3. 3.0 3.1 US Department of State. Тонга.
  4. Тонга падышалыгы.
  5. Тонганы зыянкеч флорадан жана фаунандан сактоо.
  6. 6.0 6.1 Тонганын жайгашкан жери жана аянты.
  7. 7.0 7.1 7.2 CIA. The World Fact Book. Тонга
  8. Ms Lu’isa Tupou Veihola Tu’i’afitu. National Circumstances // The Kingdom of Tonga’s Initial National Communication. In response to its commitments under the United Nations Framework Convention on Climate Change.
  9. 9.0 9.1 9.2 Edward R. Lovell, Asipeli Palaki. Introduction // National coral reef status report Tonga.
  10. David W. Steadman. Extinction & Biogeography of Tropical Pacific Birds. — University of Chicago Press, 2006. — С. 21. — 594 с. — ISBN 0226771423.
  11. Lenta.ru. Тынч океанында жаңы арал пайда болду.
  12. Окумуштуулар: Тынч океанындагы жанар тоо атылып, жаңы арал пайда болду.
  13. 13.0 13.1 Жайыт жана тоют ресурстары боюнча малыматтар. Тонга.
  14. Smithsonian National Museum of Natural History. Global Volcanism Program. Tofua.
  15. U.S. Geological Survey. Tonga Volcanoes and Volcanics.
  16. Smithsonian National Museum of Natural History. Global Volcanism Program. Kao.
  17. Smithsonian National Museum of Natural History. Global Volcanism Program. Metis Shoal.
  18. 18.0 18.1 18.2 Robert Thistlethwaite, David Sheppard, Netatua Prescott. 2.1.6 Mineral resources // The Kingdom of Tonga: action strategy for managing the environment.
  19. Teck Cominco Discovers Four High-grade Copper-Gold-Zinc SMS Systems in Tonga.
  20. Калктардын энциклопедиясы. Тонга. Топография.
  21. 21.0 21.1 Тонга. RAMSAR Program.
  22. 22.0 22.1 22.2 Tongan tropical moist forests (OC0114). World Wildlife Fund.
  23. Tonga — Parks & Marine Reserves. Jasons Travel Media.
  24. Тонганын аймактык бирдиктери.
  25. Тонгадагы жергиликтүү бийликтер.
  26. Populationfor distribution by division, district, village by population change, Tonga: 1996 & 2006
  27. Вавау округунун административдик-аймактык жактан бөлүнүшү.
  28. Ниуас округунун административдик-аймактык жактан бөлүнүшү.
  29. Тонгатапу округунун административдик-аймактык жактан бөлүнүшү.
  30. Хаапай округунун административдик-аймактык жактан бөлүнүшү.
  31. Эуа округунун административдик-аймактык жактан бөлүнүшү.
  32. Census of Population and Housing (2016).
  33. Sione Latukefu. The History of the Tongan Constitution.
  34. Тонганын Конституциясы. 2-бөлүм, 79-берене.
  35. Тонга Өкмөтүнүн расмий сайты. Parliament Approves Constitution & Electoral Commission Bills.
  36. Тонга Өкмөтүнүн расмий сайты. Commission to consider political reform.
  37. Radio New Zealand International. Tonga Parliament enacts political reforms.
  38. Тонганын Конституциясы. 2-бөлүм, 32-берене.
  39. Тонганын Конституциясы. 2-бөлүм, 41-берене.
  40. Тонганын Конституциясы. 2-бөлүм, 36-берене.
  41. Тонганын Конституциясы. 2-бөлүм, 38-берене.
  42. 42.0 42.1 Тонганын Конституциясы. 2-бөлүм, 39-берене.
  43. Тонганын Конституциясы. 2-бөлүм, 44-берене.
  44. Тонганын Конституциясы.
  45. Тонганын Конституциясы. 2-бөлүм, 56-берене.
  46. Тонганын Конституциясы. 2-бөлүм, 55-берене.
  47. Тонганын Конституциясы. 2-бөлүм, 50-берене.
  48. University of the South Pacific. Tonga Courts System Information.
  49. Мыйзам чыгаруу Ассамблеясы жөнүндө мыйзам.
  50. Kerry James, Taniela Tufui. National Integrity Systems Transparency International Country Study Report. Tonga 2004
  51. Округдук жана шаардык чиновниктер жөнүндө мыйзам.
  52. Tonga in a new political order – Analysing the 2014 general election results.
  53. 53.0 53.1 Тонганын коргонуу күчтөрү жөнүндөгү мыйзам.
  54. Полиция жөнүндө мыйзам.
  55. Кыргызстан менен Тонга дипломатиялык мамилелерди түздү.
  56. Tonga Department of Statistics. Population Census
  57. Tonga 2011. Census of population and housing
  58. Ethnologue. Tongan
  59. Ethnologue. Niuafo’ou
  60. Ethnologue. Niuatoputapu
  61. Free Wesleyan Church of Tonga
  62. Bureau of Democracy, Human Rights, and Labor. U.S. State Department. Tonga

Тышкы шилтемелер

[түзөтүү | булагын түзөтүү]