Мазмунга өтүү

Соломон аралдары

Википедия дан

Соломон аралдары
англ. Solomon Islands

Герб
Туу Герб
Урааны: «To Lead is to Serve
(Жол баштоо — кызмат кылуу)»
Гимн: «God Save Solomon Islands»
Эгемендүүлүк күнү 17-июль 1978-жыл

Улуу Британиядан)

Расмий тили англис тили
Борбор шаары Хониара
Ири шаарлар Хониара
Башкаруу формасы Конституциялык монархия
Король
Генерал-губернатор
Премьер-министр
Чарльз III
Дэвид Вунаги
Жереми Манеле
Мам. дини Динден тышкары мамлекет
Аянты
• Жалпы
• Суу бетинин %.
142-орун - дүйнөдө
28,450 км²
3,2
Калкы
• Бааланган (2023)
Жыштыгы

734,887 адам (167-орун)
24,2 ад./км²
ИДӨ (САМ)
  • Бардыгы

2,056 млрд $
ИДӨ (номинал)
  • Бардыгы
  • Ар бир жанга

2,707 млрд $
2,252 $
АДӨИ  0,562 (төмөн) (156-орун)
Этнохороним Соломон аралдарылык, соломон аралдарылыктар
Акча бирдиги Соломон аралдарынын доллары (SBD)
Домени .sb
ISO коду SB
ЭОК коду SOL
Телефон коду +677
Убакыт аралыгы UTC +11:00

Соломон аралдары (англ. Solomon Islands) — Тынч океаннын Меланезия аймагынын түштүк-батышындагы аралдарда жайгашкан мамлекет. 992 аралдан турат, алардын жалпы аянты 28 450 км² (кургактыктын аянты 28 400 км²). Калкынын саны - 734,887 адам[1]. Соломон аралдарынын борбору — Хониара шаары.

Физикалык жана географиялык мүнөздөмөсү

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Соломон аралдарынын картасы

Мамлекет Тынч океанынынын Жаңы Гвинея аралынын чыгышындагы Меланезия аймагында жайгашкан, ушундай эле аталаштагы архипелагдын чоң бөлүгүн ээлейт.

Ири аралдары: Гуадалканал, Санта-Исабель, Малаита, Сан-Кристобаль, Шуазёль, Нью-Жорджия. Ошондой эле Дафф, Санта-Круз, Суоллоу жана Беллона аралдары, Реннелл жана башка аралдардын тобун да ээлейт.

Аралдар негизинен жанар тоолордун атылышынын найтыйжасында пайда болгон. Активдүү жанар тоолор да жайгашкан. Архипелаг түндүктөн түштүккө карай 1400 чакырым арылыка созулуп жатат. Өлкөнүн эң бийик чекити — бийиктиги 2335 метр болгон Гуадалканалдагы Попоманасеу чокусу[2].

Кыска жана сууга мол дарыялар кездешет. Аралдарда көлдөр дээрлик жокко эсе.

Климаты субэкватордук, өтө нымдуу. Орточо айлык температура 26°Cтан 28°Cга чейин. Жаан-чачындын жылдык өлчөмү 2300дөн 7500 ммге чейин. Майдан октябрга чейин түштүк-чыгыштан соккон пассат шакамылы, ал эми декабрдан мартка чейин түндүк-батыштан соккон экватордук муссон басымдуулук кылат.

Флора жана фауна

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Аралдардын көпчүлүк бөлүгү дайыма жашыл болуп турган токойлор менен капталган. Эң кургак жерлеринде саванналар, океан жээктеринде мангрлар жайгашкан.

Жаныбарлар дүйнөсү: келемиштер, жарганаттар, крокодилдер, кескелдириктер, жыландар, алп бакалар; куштар — жапайы көгүчкөндөр, тоту куштар ж. б.

Соломон аралдары жер титирөө көп болгон сейсмикалык кооптуу аймакта жайгашкан. 2010-жылдын январында күчү 7,2 болгон жер титирөө болуп, бийиктиги 2,5 метр болгон цунамини пайда кылган[3]. Жалпысынан миңге жакын адам үй-жайсыз калган. 2011-жылы 23-апрелде силкинүү күчү 6,9 баллга жеткен жер титирөө катталган. 2013-жылы 6-февралда күчү 8.0 баллга жеткен жер титирөө болгон[4].

Административдик-аймактык түзүлүшү

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Соломон аралдарынын провинциялары

Соломон аралдарынын аймагы 9 провинцияга бөлүнөт. Гуадалканал аралында жайгашкан Хониара борбор шаары — Борбордук аймак деп аталган өзгөчө административдик бирдик болуп саналат.

Желеги Провинция Административдик борбору Аянты,

км²

Калкы,[5]

адам (2009)

Калктын жыштыгы,

адам/км²

1 Борбордук провинция Тулаги 615 26 051 42,36
2 Шуазель Таро 3 837 26 372 6,87
3 Гуадалканал Хониара 5 336 93 613 17,54
4 Исабель Буала 4 136 26 158 6,32
5 Макира-Улава Киракира 3 188 40 419 12,68
6 Малаита Ауки 4 225 137 596 32,57
7 Реннелл и Беллона Тигоа 671 3 041 4,53
8 Темоту Лата 895 21 362 23,87
9 Батыш провинция Гизо 5 475 76 649 14,00
10 Борбордук аймак Хониара 22 64 609 2936,77
Жалпы 28 400 515 870 18,16


Тышкы шилтемелер

[түзөтүү | булагын түзөтүү]