Ташкөмүр
Көрүнүш
«Таш-Көмүр шаары» менен адаштырбаңыз.
Ташкөмүр - өсүмдүктөрдүн ташка айланган калдыктарынан пайда болгон чөкмө түрүндөгү каралжын катуу зат.
Негизинен энергетикалык отун катары, химиялык сырьё жана кокс, газ алуу үчүн пайдаланылат. Күйүүчү массасында 75тен 97%ке чейин көмүртек болот. Күйгөндө 30,1-36,6 МДж/кг жылуулук бөлүп чыгарат. Түрдүү калыңдыктагы катмар түрүндө жатат. Карбон, пермь, юра мезгилдеринде пайда болгон тоо тектерде кеңири таралган.
Дүйнөдөгү ири таш көмүр бассейндери: Донбасс, Кузбасс (Украина, Россия). Пенсильвания, Аппалачи (АКШ), Жогорку Силезия (Польша), Рур (Германия) ж. б. Кыргызстанда Ташкөмүр, Жыргалаң, Көкжаңгак ж. б. таш көмүр кендери бар. Топоним катары да кездешет, мис., Ташкөмүр шаары.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71-72. ISBN 9967-14-006-2
Алмаз · Графит · Нефть · Битум | |
Көмүр | Күрөң көмүр · Таш көмүр · Антрацит · Көмүр кендери |