Кайман аралдары
Кайман аралдары – Улуу Британиянын ээлиги. Ямайка аралынан түндүк-батышта, Кариб деңизиндеги Чоң жана Кичи Кайман, Кайман-Брак аралын ээлейт. Аянты 259 км2. Калкы 54,4 миң (2008); вест-индиялык негрлер менен мулаттар (60%ке жакын), европалыктар (20%) жана башка топтогулар (20%тен ашык) жашайт. Алгач аралга ямайкалыктар отурукташкан. Кичи Кайман жана Кайман-Брак аралында туруктуу отурукташуу кийинчерээк 1833-жылдан башталган. Негизинен христиан динин (85,2%) тутат. Расмий тили англис тили. Борбору Жоржтаун. Акча бирдиги Кайман доллары. Ири шаарлары: Жоржтаун (калкы 13 миң), Вестбей (3900), Боддентаун (1600).
Мамлекеттик түзүлүшү
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Аралды Улуу Британия королевасы дайындаган генерал-губернатор башкарат; ошондой эле Аткаруу кеңешин жана Мыйзам чыгаруу ассамблеясын жетектейт. Азыркы конституциясы 1972-ж. кабыл алынган. Аралдын жеринин бети түздүктүү (эң бийик жери Кайман-Брак аралындагы Блафф тумшугу, 43 м) келип, акиташ тегинен туруп, шуру рифтери менен курчалган. Жээктерин мангр өсүмдүктөрү ээлейт. Карст өнүккөн. Тектоникалык жактан Антил-Кариб облусуна кирет.
Климаты
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Климаты тропиктик, пассаттык. Жаан-чачындуу жана жылуу мезгили майдан ноябрга, салыштырмалуу кургак жана салкын мезгили ноябрдан майга чейин созулат. Айлык орточо температурасы 21-26°С, кышкысын 20°С. Деңиз суусунун температурасы 27-28°С. Жылдык жаан-чачыны 3000 мм. Июлдан декабрга чейин тропиктик катуу шамал (ураган) болуп турат. Агын суулары жок. Жамгыр суулары жасалма резервуарларда топтолот. Кээ бир жерлеринде мелүүн нымдуу дайыма жашыл токойлор сакталып калган. Жээктеринде пальма кездешет. Коргоого алынган 4 табигый аймак (аянты 437 га) түзүлгөн. 1986-жылдан деңиз резерваттар системасы жана улуттук парктар уюшулууда.
Тарыхы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Кайман аралдарын 1503-ж. Колумб жетектеген экспедиция ачкан. 1530-ж. таш бакалардын көптүгүнөн Лас-Тортугас деп аталган. 1662-ж. Англия басып алган. Мадрид келишими боюнча 1670-ж. Испания Англияга берген. 1863-1962-ж. Ямайканын курамында болгон. 1959-ж. Вест-Индия федерациясынын курамына кирген. 1962-жылдан Улуу Британиянын башкаруусунун алдында.
Экономикасы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Экономикасынын негизин туризм (туристтердин 85%и АКШдан келет) менен финансы иштери түзөт. Аралдын ИДПсинин көлөмү 1,94 млрд доллар; аны киши башына бөлүштүргөндө 43,8 миң доллардан туура келет (дүйнөдөгү эң жогорку көрсөткүчтөрдүн бири жана элинин жашоо деңгээли боюнча да эң жогорку баскычта турат). Тейлөө чөйрөсүндө калктын 95%и, өнөр жайында 3,2%и, айыл-чарбасында 2,3%и эмгектенет. Экономика жаатында эмгектенгендердин 50%и чет өлкөлүктөр (2005). 1998-жылдан оффшордук борбор [83,5 миң компания катталган (2006), анын ичинде 9,4 миңи пай фонду, 300 банк, 800 камсыздандыруучу жана 160 траст (ишенич) компаниялары]. Кайман аралдары дүйнөдөгү алдыңкы банк борборлорунун бири. Аралда дүйнөдөгү эң ири 50 банктын 40ынын өкүлчүлүктөрү жайгашкан. 21-кылымдын башынан Кайман аралында катталган банктардын саны алардын биригишинен азайганы менен түшкөн киреше көбөйүүдө (2006-ж. 1,41 трлн доллар; 2002-ж. 0,96 трлн доллар). Өнөр-жай начар өнүккөн. 2005-ж. 400 млн кВт-с электр энергиясы өндүрүлгөн. Автомобиль жолунун узундугу 785 км. Чоң Кайман аралында автобус каттайт. Автопаркы, эл аралык аэропорту (Чоң Кайман аралында) бар. Деңиз порту. Соода флотунда 124 кеме бар. Тамак-аш (негизинен айыл чарба продуктулары беленделет, пиво жана суусундуктар), курулуш материалдар, эмерек өнөр-жай ишканалары иштейт. Белек-бечкектер даярдалат. Азык-түлүктүн 90%и импорттолот. Помидор, цитрус, банан, манго, өсүмдүктөрү өстүрүлүп, баалуу жыгачтар даярдалат. Дайвинг, снорклинг, яхтинг, сёрфинг спорту өнүккөн. Суусу экзотикалык балыктарга бай. Сырткы соода жүгүртүүсүнүн көлөмү 733,5 млн доллар. Таш баканын чопкуту жана эти экспорттолот. Негизги соода шериктештери: АКШ, Ямайка (экспорт), АКШ, Нидерланддык Антил аралдары (импорт). [Категория:География]]
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 3-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. 784 бет, илл. ISBN 978 9967-14-074 -5
Түндүк Америка мамлекеттери | ||
---|---|---|
Эгемендүү мамлекеттер | Антигуа жана Барбуда • Багам аралдары • Барбадос • Белиз • Гаити • Гватемала • Гондурас • Гренада • Доминика • Доминикана Республикасы • Канада • Коста-Рика • Куба • Мексика • Никарагуа • Панама • Сальвадор • Сент-Люсия • Сент-Винсент жана Гренадиндер • Сент-Китс жана Невис • АКШ • Тринидад жана Тобаго • Жамайка | |
Көз каранды аймактар | Америка Виржин аралдары • Ангилья • Аруба • Бонайре, Синт-Эстатиус жана Саба • Британия Виржин аралдары • Гваделупа • Гренландия • Кайман аралдары • Клиппертон • Кюрасао • Мартиника • Монтсеррат • Навасса • Пуэрто-Рико • Сан-Андрес жана Провиденсия • Сен-Бартелеми • Сен-Мартен • Сен-Пьер жана Микелон • Синт-Мартен • Теркс жана Кайкос аралдары • Венесуэланын федералдык ээликтери |