Иманалиев, Сыдык Садырбаевич
Сыдык Садырбаевич Иманалиев (Sydyk Imanaliev; 15.5.1961) — кыргыздын заманбап философ окумуштууларынын бири, философия илимдеринин кандидаты (2007), доцент (2013). Учурда С.Нааматов атындагы НарынМУнун тарых, философия жана социалдык-экономикалык билим берүү кафедрасынын башчысы болуп иштейт. Кыргыз Тарых Коому эл аралык коомдук бирикмесинин мүчөсү.
Кыскача өмүр таржымакалы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Сыдык Иманалиев Кыргызстандын Нарын облусуна караштуу Нарын районундагы Жан-Булак айылында 1961-жылдын 15-майында туулган.
Атасы - Садырбай Иманалиевдин кесиби колхозчу болгон, бухгалтер кызматын да аркалаган (1922-жылы туулган), уруусу - моңолдор. Энеси - Калый Курамаева, үй кызматчысы болду (1922-жылы туулган). Сегиз бир туугандын жетинчиси.
Айылда орто мектепти 1978-жылы аяктаган.
Эки жыл иштеп, анан советтик армияда 2 жыл кызмат кылды.
1982-87-жж. Кыргыз улуттук университетинде тарых факультетинде окуду.
1987-89-жж. Бишкекте орто мектепте иштеди.
1989-94-жж. Абылкасым Жутакеев атындагы Жан-Булак орто мектебнде тарых мугалими болуп иштеди.
1994-95-жж. И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде тарых, философия, маданият таануу кафедрасында окутуучу жана изденүүчү болду.
1996-жылдан азыркыга чейин С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинде окутуучу, доцент, кафедра башчы болуп иштеп келет.
Илимий чыгармачылыгы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Сыдык Иманалиев философия жана педагогика жаатында бир катар эмгектер жарыялаган.
Ал 2007-жылы Кыргыз улуттук илимдер академиясынын философия жана укук институтунда "Манас" эпосундагы адам болмушу" аттуу темада кандидаттык диссертациясын ийгиликтүү коргоп, философия илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасын алган. Илимий жетекчиси - профессор Жамгырбек Бөкөшев (Бокошов).
Ал жетектеген кафедра тууралуу
[түзөтүү | булагын түзөтүү]1996-жылы “Социалдык-гуманитардык” кафедра болуп түзүлгөн.
2003-жылы “Философия жана социалдык дисциплиналар” кафедрасы.
2007-жылы “Тарых жана социалдык дисциплиналар” кафедрасы.
НМУнун 2009-жылдын 1-сентябрындагы № 394/1 буйругу менен “Тарых, философия жана мамлекеттик башкаруу” кафедрасы болуп кайра түзүлгөн.
Кафедра учурда “тарых” мугалимин жана “мамлекеттик жана муниципиалдык кызмат” адистиктерин даярдап чыгарат.
Үй-бүлөсү
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Үй-бүлөлүү. Жубайы - Айнагүл Керимкулова. Кыздары - Билим (1989), Илим (1992), уулдары - Сыймык (1998), Бакай (2001).
Эмгектеринин тизмеси
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Иманалиев С.С. Проблема человеческого бытия в эпосе "Манас": автореферат диссертации на соискание ученой степени к.филос.н.: специальность 09.00.03 / Иманалиев Сыдык Садырбаевич; Нац. акад. наук Кыргыз. Республики, Ин-т философии и права. - Бишкек: 2007. - 26 с.: ил.; 21 см.
Интернеттеги шилтемелер
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- https://edu24.kg/ky/university/245/ifg.html(жеткиликсиз шилтеме)
- http://nsu.ktnet.kg/?page_id=453 Archived 2015-10-04 at the Wayback Machine
- http://oel.bik.org.kg/ru/view/145/ Archived 2016-08-05 at the Wayback Machine
- http://leb.nlr.ru/edoc/182596/(жеткиликсиз шилтеме)