Бөбөк, сен үчүн! “Ажыдаарлардын сакчысы”

Жаш бөбөктөрдү ошондой эле мультфильмдерди кызыгып көргөн улуу муунду да бул макаланы окууга чакырабыз. Анткени бүт үй-бүлө кызыгып көрө турган “Ажыдаарлардын сакчысы” аттуу мультфильм тууралуу кызыктарды айтып бермекчибиз. Кытай режиссёрлору тарткан мультфильмдер жагабы? Балким, испандардын анимациялары жагаттыр... Ал эми кытай менен испандар бириккенде кандай тасма жаралганын “Ажыдаарлардын сакчысын” көргөндөн кийин баа берип көрүңүз.

Тарткан өлкө: Испания, Кытай

Чыккан жылы: 2024-жыл, 1-март

Жанры: мультфильм

Режиссёрлору: Сальвадор Симо, Ли Цзяньпин

Сценаристтери: Игнасио Феррерас, Росанна Чеккини, Кэрол Уилкинсон, Пабло И Кастрильо, Ван Сяньпин

Узактыгы: 1 саат 39 мүнөт

Илгери-илгери...

Илгери-илгери байыркы Кытайда адамдар сыйкырдуу, күчтүү, адамча сүйлөй алган ажыдаарлар менен достукта жашашчу. Бирок бул достук мамиле көпкө узаган жок. Адамдарды кул кылып, бийликке ажыдаарлар келип алат деп корккондор чыгып, зыяны жок жаныбарларды кармап, жер алдындагы зынданга камап, өлтүрө башташат. Ошол эле аймакта Пинг деген кичинекей кыз жашайт. Кичинесинен жетим калып, бир боорукер аялдын колунда чоңоёт. Түрдүү жумуш кылып, күлчү кыздай эле күн кечирген Пинг бир күнү ажыдаардын жумурткасын таап алган эле. Ал жумуртканы алыскы океанга алып барса, өзүлөрүнүн табигый чөйрөсүндө ажыдаарлардын жаңы мууну жарыкка келмек. Муну каардуу сыйкырчы да билип калып, жумуртканы жок кылганга аракет кылат. Ага чейин Пинг адамдар камап койгон акыркы ажыдаар менен таанышып, ага боору ооруп жүргөн эле, акыры аны бошотуп жиберет. Эми экөө биригип, ажыдаарлардын тукум курут болуусунун алдын алышы керек. Анан да Пинг өзү “ажыдаарлардын сакчысы” экенин билет. Эгер максатына жетсе, бир эле ажыдаарлардын эмес, Кытай элинин жашоосунда өзгөрүүлөр орун алат. Бир чети кызыктуу, ошол эле учурда кооптуу саякат күтүп турат каармандарды... Мультфильмдин кыскача мазмуну ушундай, окурман.

Достук, ишеним

Бөбөктөрдү, ата-энелерди эмне күтүп турат: кооз жаратылыш, компьютердик-техникалык эффекттер, графика, сапаттуу музыка, кызыктуу сюжет, жылмаюу жараткан тамашалар орун алган мультфильмде. Адамзаты жаратылышка каршы чыкканда кандай оор кесепеттер болору, ач көздүк, таш боордук, негизгиси, достук, ишеним, адамгерчилик, боорукерлик, жаратылыш менен гармонияда жашоонун баалуулугу тууралуу тарбиялык мааниси күчтүү тасма күтүп турат. Андыктан сөзсүз көрүүгө сунуштала турган мультфильм.

Бюджети

“Ажыдаарлардын сакчысы” мультфильминин дүйнөлүк бет ачары 2024-жылдын 1-мартында болгон. Ал эми Орусияда жана орус тилдүү мамлекеттерде мультфильм 6-июндан тарта прокатка чыкты. Прокаттын алгачкы күндөрүндө АКШдан 800 миң доллар түшсө, дүйнөлүк прокаттан 5 миллон доллардан жогорулаган. Бул сумма күндөн күнгө көбөйүп жатат. Болжолдуу түрдө долбоорду ишке ашырууга 24 миллион евро кеткени айтылууда. Анимацияга болгон укукту “Hulu” стриминг компаниясы сатып алган.

Дагы бир кызыктуу факт, Испанияда мультфильмдин бет ачары 27-ирет өтүп жаткан Малага кинофестивалынын ачылышында көрсөтүлүп, көрөрмандардын жогорку баасына татыган.

Испания + Кытай

Испания менен Кытайды эмне бириктирет? Бул ирет аларды “Ажыдаарлардын сакчысы” мультфильми бириктирди. Мультфильмдин негизги өзөгү австралиялык жазуучу Кэрол Уилкинсондун ажыдаарлар тууралуу жазылган “Ажыдаар сакчысы” романынан алынган. Бул жазуучунун ажыдаарлар тууралуу чыгармасынын биринчи гана бөлүмү, дагы 5 бөлүм бар. Эгер тасма жаратуучулар кааласа, мультфильмди франшизага айланта алышат. Сүрөтчүлөр долбоордун үстүнөн 6 жылдан ашуун иштешкен. Эмне деген эмгек, ээ? Ар бир каарман, алардын кийимдери жана башка майда-чүйдөсүнөн бери кытайлык сүрөтчүлөр, тарыхчылар менен биргеликте иштелип чыккан. Ал эми мультфильмде жаңырган музыкаларды Будапешттин музыкалык-симфониялык оркестри аткарган.

Тасма жаратуучулар

Мультфильмдеги каармандарга “жан киргизген”, тагыраагы, алардын үнүн коштогон актёр-актрисалардын аты-жөнү: Билл Найи, Билл Бейли, Энтони Хауэлл, Пингдин үнүн жараткан актриса Мейялин Гриффитс жана башкалар.

Эми режиссёрлорго токтолсок. “Ажыдаарлардын сакчысы” испаниялык кинорежиисёр Сальвадор Симонун алгачкы анимациясы эмес. Анын буга чейинки ийгиликтүү долбоорлорунун катарына 2018-жылы чыккан “Бунюэль: сөөктөрдүн лабиринтинде” мультфильмин кошсок болот. Дал ушул тасмасы менен Малага кинофестивалынын 22-аземинде катышуучу болгон. Быйыл болсо 27-аземди ачып берди. Андан сырткары “Мураскерлер: Падышалык үйлөнүү той”, “Макс: кызыктар башталды” жана башка мультфильмдерге режиссёрлук кылган.

“Ажыдаарлардын сакчысы” тасмасынын экинчи режиссёру – Ли Цзяньпин. Кытайлык кинорежиссёр, продюсер, сценаристтин колунан чыккан дагы бир анимациянын аталышы – “Баатырларга салам” (“Салют героям”). Кытайда тартылып, экранга 2020-жылы чыккан тасма тарыхый, аскердик тематикага арналган. Ли Цзяньпинди продюсер да дебедикпи, бул жаатта ал “Ажыдаарлардын сакчысына”, “Баатырларга салам” жана “Силкбой тууралуу уламыш” мультфильмдерине продюсерлик кылган.

Асыл Орозбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1128, 18-24-июль, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан