“Айрым энелер жөнөкөй эле нерселерди билбей, баласын оорукчан кылып алышат”,- дейт педиатр Айнура Сапарова итий дарты тууралуу айтып жатып. Макала балдар арасында көп кездешкен итий илдети тууралуу. Дарыгер айтканды эске тутуп, балдардын ден соолугуна эрте жашынан кам көрүңүз, урматтуу ата-эне.
D витамини жетишпегенде жаралат
Итий менен 2 айлык баладан тарта 3 жашка чейинкилер ооруйт. Көбүнчө ара туулган, начар багылган балдарда кездешет бул илдет. Дартты D витамининин жетишпестиги жана ушундан улам баланын организминде зат алмашуунун бузулушу, кальцийдин ичегиде начар сиңиши пайда кылат. Демек, баланы начар же туура эмес тамактандыруу, курамында кальций көп сүт азыктарын аз берүү, таза абада, күндө аз көтөрүү жана ойнотуу, эмчек эмизген аялдын жакшы тамактанбашы баланы итий оорусуна жакындатат. D витамини тамак-аш, күндүн ультра-сыя-көк нурларынан алынары белгилүү.
Кальций сиңбесе, сөөк ичкерет
Жогоруда айтылгандай, кальцийдин жетишсиздиги, ичегиде начар сиңиши менен анын сөөктө топтолушу бузулат. Ушул себептен сөөк ичкерет, жукарат жана жумшарат. Кальций жетишсиздиги нерв ситеминин, ички органдардын иштешин да бузары анык. Итийди сөөктүн тубаса сынма оорусу, тукум куучулук, калкан сымал бездин оорусу болгон гипотиреоз (гормондор калыптагыдан аз иштелип чыгат), бойдун өспөй калышы да пайда кылат. Кош бойлуу аялдын өнөкөт оорулары, төрөт аралыктарынын жакындыгы, көп түйүлдүк (эгиз же үч эм), баланын ичтен туура эмес өсүшү, баланын канынын 2-топто болушу да балада итийди жаратышы мүмкүн дешет адистер.
Дарттын белгиси – баланын башына жол түшүшү
• Баланын чырголоонушу, начар укташы
• Тамактанып жатканда баланын бетинин, уктаганда башынын тердеши. Ушундан улам башы кычышып, башын жаздыкка сүргүлөйт. Желке чачтары түшүп, такыраят. Бул эл оозунда “башына жол түштү” деп айтылат.
• Башы чоңоюп, кежигеси жалпаят, төбө жана маңдай сөөктөрү өсүп, чекеси томпоёт. Эмгеги жумшак болуп, оңою менен катпайт.
• Баланын дене боюнун өсүшү жана ой жүгүртүүсү кечеңдейт
• Курсагы чоңоёт, ичи катат же өтөт
• Тиши кеч жана туура эмес чыгат
• Көкүрөк сөөктөрү ичкери кирип көкүрөгү чуңкураят же тескерисинче, сыртка чыгып томпоёт
• Алсызданып көп кыймылдай албайт
• Үндөн, кескин жарыктан чочуйт
• Айрымдарда ыйлаганда, чырдаганда ээги, колу-буту калтырайт
• Булчуңдарынын иштеши начар болгонго кеч отуруп, кеч басат
• Омуртка тутуму кыйшайып, буттары “X” же “O” формасында кыйшаят, таманы жалпаят
• Жугуштуу ооруларга бат-бат чалдыгат
• Салмак кошуусу абдан жай жүрөт
• Канынын курамында фосфор, кальций, лимон кычкылынын өлчөмү аз болот
• Чачы жана тырмактары сынат. Жогоруда аталгандар итийдин негизги белгилери экенин эске алыңыз.
Итийдин 3 стадиясы
1. Жеңил. Оорунун белгилери көп билинбейт, көкүрөк жана баш сөөктөрүндө өзгөрүүлөр азыраак болот.
2. Орто. Оорунун белгилери кадимкидей байкалат, ашказан-ичеги, өпкө, жүрөктүн иштеши бузула баштайт.
3. Оор. Нерв системи жана ички органдардын иштөөсү бузулат, сөөктөр кыйшайган абалда болот.
Дарылабаса...
• Баланын боюнун, акыл-эсинин өсүшү бузулат, артта калат
• Сөөктөрдүн кыйшайганы андан ары уланып, ички органдардын иштөөсү ого бетер бузулуп, башка оорулар да жаралат. Бала баса албай калат
• Тиштер орсок, кыйшык чыгышы мүмкүн
• Айрымдардын булчуңдары тартылышып, диртилдейт. Бул кийин талма оорусун жаратышы толук мүмкүн
Кан, сөөктөр текшерилет
Диагноз үчүн кан анализи тапшырылып, андагы D витамини, кальций, фосфаттын жана гемоглобиндин өлчөмү аныкталат. Сөөктөр рентгенге тартылып, канчалык кыйшайганы такталат. Ички органдардын абалы УЗИ аркылуу текшерилет жана башка.
Дарылоодо эмнелер сунушталат?
Дарттын жеңил түрүндө дары-дармек менен дарылоо сунушталат. Педиатр D витаминин жазып берет. Анын өлчөмүн өз алдынча көбөйтпөш керек. Анткени организмде анын өлчөмү көбөйүп кетсе, кальций туздары чогулуп калат да, аны заара менен чыгарууда бөйрөккө күч келет. Организм ууланып, кан тамыр системи, боор, ичеги-карын да жабыркашы мүмкүн. Массаж, дарылык физкультура да сунушталат.
Кошумча сунушталышы мүмкүн: балыктын майы, баланын рационуна курамында кальций, фосфор көп тамак-аштарды коштуруу, күн нуру алдында белгилүү бир убакытка баланы көтөрүү, ойнотуу.
Дарттын оор түрүндө, кыйшайган сөөктөр өз алдынча калыпка келбей турган учурда хирургиялык ыкма колдонулат. Айрым балдарга сөөктөрүнүн кыйшайганын түздөө үчүн атайын фиксатор керектелет. Сөөктөр көп кыйшайса операция жасалып, кайра калыпка келтирүү терапиясы зарыл болот. Итийликтин айынан бою өспөй жаткан балдарга да операция жасалып, сөөктүн өсүшүнө шарт түзүүчү, чоюучу пластина коюлат.
Оорунун алдын алуу үчүн:
• Баланы убак-убагы менен тойгуза эмизүү, эртең мененки саат 11лерде күн алдында көтөрүү. Эскертүү: Териси жука жана сезимталдарды, күн нуруна аллергиясы барларды абайлаш керек
• Педиатрга текшертип туруу
• Балага курамында кальций жана фосфор бар азыктарды берүү. Мисалы, балык, жумуртка, сүт, сыр, быштак, каймак, айран, жаңгак түрлөрү, какао, сарымсак, буурчак, кара ундан жасалган нан, бадам, жазмык, капуста жана башкалар.
• Кош бойлуу аялдын туура тамактанышы, убагында врачка текшерилип, УЗИге түшүп, жумуш менен эс алууну айкалыштырып турушу
Канымжан Усупбекова