Мобилограф, копирайтер, сторисмейкер...

Учурдун актуалдуу онлайн кесиптериБуга чейин инфопродюсер, инфобизнесмен сыяктуу бир топ онлайн кесиптер тууралуу жазганбыз. Учурда актуалдуу болуп жаткан онлайн кесиптер тууралуу маалымат берүүнү улантабыз.

Мобилограф – бул социалдык тармактарда блог алып барган, бизнес жүргүзгөн же курс саткандардын социалдык тармактарга жарыялаган сүрөттөрүн, видеолорун кооз кылып тартып, монтаждап берген адам. Көпчүлүк мобилографтар Айфон үлгүсүндөгү телефон менен тартышат, аны ошол эле телефондон монтаждашат. Бул кесиптин ээси болуш үчүн керектүү билимге ээ болушуңуз керек. Бул үчүн атайын курстар бар. Мобилографтар бир видеону тартуунун, монтаждын оор-жеңилине жараша 1000 сомдон жогору алышат.

Копирайтер – бул социалдык тармактарда сатуучу, элдин көңүлүн бурдуруучу тексттерди жазган адам. Товарлардын сатууда же кызмат көрсөтүүдө так ушул текст кардарларды, жазылуучуларды көндүрүп, сатып алууга же кызматты колдонууга түртөт эмеспи. Андыктан копирайтер текстти жөн гана жазып койбостон, кардарлардын көйгөйүн чече ала турган, окуган адамга эмоция жаратып, жаңы кардарларды таба турган, сатууну көбөйтө турган, ошону менен бирге туура, так, кыска тексттерди жаза алышы керек. Копирайтерлер бир айлык долбоордон 25-40 миңге чейин тапса болот.

Таргетолог – бул социалдык тармактарда белгилүү бир постту таргеттелген жарнамага койгон адам. “Target” сөзүн англисчеден которгондо “максат” дегенди билдирет. Таргетолог жарнамага коюла турган постту, видеороликти аларга керектүү критерийлерге жооп берген адамдарга, тагыраак айтканда, сиздин баракчаңызга жазылбаган, бирок социалдык тармактарды активдүү колдонгон адамдарга көрсөтүп берет. Мындай адамдар максаттуу аудитория деп аталат. Бул үчүн социалдык тармактарга карта байланып, акча төлөнөт. Таргетолог ушул техниканы мыкты өздөштүргөн, баракчаны блокко түшүрбөй жарнамага коюп бере алган адам. Ал бир жолку кызматына 2000-5000 сом алат.

Лидменеджер же лидмейкер – бул онлайн бизнес жүгүзүүдө керектүү кесип. Lead – англисчеден которгондо “алып баруу” дегенди билдирет. Социалдык тармактар аркылуу кызыкдар болгон адамдар калтырган байланыш номерлерди же арыздарды лид, ал эми бул маалыматтарды, байланыш номерлерин чогултуп берген адамды лидмейкер дешет. Байланыш номерлердин санына жараша 10 миң сомдон жогору алышат.

Сатуучу же менеджер – кадимки эле сатуучулук кылган, маалымат берген адам. Көбүнчө булар лидмейкер берген байланыш номерлер, кардарлар менен иштешет. Акысы – болжол менен ар бир сатуусунан 9-10 пайыз.

Мындан сырткары баракчалардын дизайнын жасаган дизайнер, посттордун макетин жасаган макет мейкер, сатууда каржы жагын иреттеген онлайн бухгалтер, баракчанын тарыхчасын гана алып барган сторисмейкер деген кесиптер бар.

Маалыматты даярдоого көмөктөшкөн копирайтер, инфопродюсер Нурзада Калмурзаевага ыраазычылык билдиребиз.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1120, 23-29-май, 2024-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан