12 Июнь (Кулжа)
Көрүнүш
← июнь → | ||||||
Дш | Шш | Шр | Бш | Жм | Иш | Жк |
1 | ||||||
2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 |
9 | 10 | 11 | 12 | 13 | 14 | 15 |
16 | 17 | 18 | 19 | 20 | 21 | 22 |
23 | 24 | 25 | 26 | 27 | 28 | 29 |
30 | ||||||
2025-ж. |
12 июнь — Григорий календары жылдын боюнча 163-күнү (толук жыл боюнча 164-күнү). Жылдын аягына чейин 202 күн бар.
Майрамдар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- БУУ - Балдардын эмгектенүүсүнө каршы эл аралык күнү.
- Бразилия - Сүйүшкөндөр күнү.
- Гаити - Балдар күнү.
- Орусия - Орусия күнү.
- Парагвай - Тынчтык күнү.
- Украина - Фондулук базар кызматкелери күнү.
- Филиппиндер - Эгемендүүлүк күнү
- Финляндия - Хельсинки күнү.
Окуялар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- 1886 - Падышалык бийлик "Түркстан чөлкөмүн башкаруу туурасындагы" жобо кабыл алган.
- 1924 - "Орто Азия республикаларынын улуттук-мамлекеттик бөлүнүшү туурасында" токтом кабыл алган
- 1938 - Фрунзенин Эмен сейил багында Сүрөт галереясында сүрөтчү Семен Чуйковдун биринчи чыгармачыл көргөзмөсү ачылган.
- 1942 - Фрунзеде Орто Азия жана Казакстан республикаларынын музыкасынын он күндүгү башталган.
- 1550 - Швециянын королу Густав I Хельсинки шаарын негиздеген.
- 1665 - Жаңы Амстердам шаары Нью-Йорк атын алган.
- 1668 - Лунд универститети (Швеция) негизделген.
- 1758 - Франция-инди согушу: Жеймс Вольф Луисбург шаарына чабуул кылган.
- 1772 - Жаңы Зеландиянын маори эли франциялык изилдөөчү Марк Жозеф Марион-Дюфренди жана анын 25 жандоочусун өлтүрү шкөн.
- 1776 - Америкалык Виргиния штаты Укуктар декларациясын биринчи болуп, кабыл алган.
- 1897
- Индиянын Ассам штатында күчү 8,1 баллга жеткен жер титирөө болгон.
- Карл Элзенер швейцариялык аскер бычагына патент алган.
- 1898 - Филиппиндер эгемендүүлүгүн жарыялашкан.
- 1901 - Кубанын жаңы Конституциясы кабыл алынган.
- 1910 - Аргентина футбол курамасы Май революциясынын 100 жылдыгына арналган кубокту жеңген.
- 1920 - Панама каналынын расмий ачылышы өткөн.
- 1921
- Фигейренсе (Флорианополис, Бразилия) футбол клубу уюшулган.
- Д. Шостакович атындагы Санкт-Петербург филармониясы ачылган.
- 1926 - Литванын биринчи радиосу ишин баштаган.
- 1939 - Нью-Йоркто Бейсбол Даңк залы ачылган.
- 1955 - Якутияда алмаз асыл ташынын кеңи ачылган.
- 1963 - Нью-Йоркто "Клеопатра" тасмасынын бет ачары болуп өткөн
- 1980 - Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарына жакын жерде Як-40 учагы коюу булуттун айынан тоого урунуп талкаланган.
- 1990 - СССРде “Басма сөз жана башка жалпыга маалымдоо каражаттары тууралуу” мыйзамдын кабыл алынышы менен цензура жоюлган.
- 2009 - Мельбурн Сити (Мельбурн, Австралия) футбол клубу негизделген.
- 2014
- Исламабадда террордук жардыруу болгон.
- Сан-Паулу шаарында 2014 FIFA Дүйнө кубогунун ачылыш аземи өткөн.
- 2015 - Азербайжандын борбору, Бакыда, 2015 Европа оюндарынын ачылыш салтанаты өткөн.
Төрөлгөндөр
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- 1773 - Амшель Ротшилд, немис банкири, Ротшилд династиясынын негиздөөчүлөрүнүн бири (1855 к.б.).
- 1924 - Жорж Буш (улуусу), АКШнын 41-президенти.
- 1963 - Шейшенкул Бакиров, кыргыз спорт ишмери.
- 1973 - Виктор Икпеба, белгилүү футболчу, 1994-ж Африка чемпиону.
- 1978 - Азиз Мурадиллаев, кыргызстандык актер.
- 1981 - Адриана Лима, бразилиялык супермодель.
- 1986 - Марио Касас, испаниялык актёр.
- 1992 - Филиппе Коутинью, бразилиялык футболчу, "Ливерпул" клубунун оюнчусу,
Кайтыш болгондор
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- 1997 - Булат Окуджава, советтик акын, жазуучу, сценарист, композитор (1924 т.).
- 1972 - Карл Людвиг фон Берталанфи, австриялык биолог (1901 т.).
- 2011 - Насыр Давлесов, кыргыз Эл артисти, дирижёр жана композитор (1929 т.).
- 2013 - Дзироэмон Кимура, эркектер арасында эң көп жашаган мырза (1897 т.).