Швейцария
Швейцар Конфедерациясы | |||||
| |||||
Урааны: «лат. Unus pro omnibus, omnes pro uno» «Бирөө бардыгы үчүн, бардыгы бирөө үчүн» | |||||
Гимн: «Швейцар забуру» | |||||
Расмий тилдери | немис тили, француз тили, италян тили, романш тили | ||||
Борбор шаары | Берн | ||||
Ири шаарлар | Цүрих, Женева, Базель, Лозанна, Берн, Люцерн | ||||
Президент | Иньяцио Кассис | ||||
Аянты • Жалпы • Суу бетинин %. |
41 284 км² 4,2 | ||||
Калкы • Бааланган (2019) • Жыштыгы |
8 558 758[1] адам 207 ад./км² | ||||
Акча бирдиги | швейцардык франкы | ||||
Домени | .ch, .swiss | ||||
ISO коду | CH | ||||
ЭОК коду | SUI | ||||
Телефон коду | +41 | ||||
Убакыт аралыгы | UTC UTC+1 |
Швейцария (нем. Schweiz, фр. Suisse, итал. Svizzera, рома. Svizra), расмий аталышы — Швейцар конфедерациясы (лат. Confoederatio Helvetica, нем. Schweizerische Eidgenossenschaft, фр. Confédération suisse, итал. Confederazione Svizzera, рома. Confederaziun svizra) — Европа континентинде орун алган өлкө. Борбор шаары - Берн. Мамлекеттик башкаруу түрү - федералдык парламенттик башкаруу системасы. Бул мамлекет Батыш Европада жайгашып, түндүгүндө Германия, түштүгүндө Италия, батышында Франция, чыгышында Австрия жана Лихтенштейн менен чектешет. Швейцария мамлекет катары 1848-жылы 3 (облустан) кантондон түзүлгөн. Азыр Швейцариянын курамына 26 кантон кирет. Мамлекеттик 4 тил бар. Алар: немис, француз, итальян жана ромонж (ромонж тили 1 гана кантондо колдонулат) тилдери. Швейцария узак убакыттан бери саясий жана аскерий бейтараптыкты сактап келет. Ошол себептен бул өлкөдө көптөгөн ири эл аралык уюмдар жайгашкан.
Өлкөнүн аталышы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Швейцариянын мамлекеттик тилдериндеги аталышы ар түрдүү. Мисалы немисче-Schweiz, французча-Suisse, италиянча-Svizzera, ромонжчо-Svizra -деп аталат. Швейцариянын расмий аталышы- Швейцария конфедерациясы - немисче-Schweizerische Eidgenossenschaft, французча-Confédération suisse, италиянча-Confederazione Svizzera, ромонжчо Confederaziun Svizra.
Өлкөнүн аталышы XVI кылымда Швиц Schwytz кантонунун(облусунун) негизинде пайда болгон. Байыркы немис тилинен Schwytz аталышын кыргызчага которгондо "өрттөө" -дегенди билдирет. 972-жылы швейцариялыктар өздөрү жашаган Швиц айылындагы калктын тукум уланышына, жер өсүмдүктөрүнүн жакшы өсүшүнө кам көрүү максатында айылдын тегерегиндеги токойлорду ирээттеп, куураган бактарды дайыма өрттөп турушчу. Ошондон улам Shwytz (кыргызча-өрттөө)- деген аталышы пайда болгон.
Кийинчерээк австриялыктар тарабынан Schwytz деген аты бурмаланып, азыркы учурда Швиц (немисче- Schweiz) деп айтылып келет.
Кыргыздар арасында аталган мамлекет Швейцария -деген аталышы менен белгилүү.
Швейцариябы же Швейцария конфедерациясыбы?
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Щвейцариянын латын тилиндеги аталышы — Confoederatio Helvetica. Бул аталышты щвейцариянын акчаларынан жана өлкөнун интернет доменинде көрүүгө болот(ch). Ошондой эле Щвейцариянын почта маркаларында дагы Helvetia- деген латын тилиндеги аталышы жазылат. Мындан тышкары "Хелветика конфедерациясы" -деген расмий жазуу темир акчаларда жана өлкөнүн борбор калаасы болгон Берн шаарындагы Өкмөт үйүнүн кире беришинде да сакталып калган.
Мамлекет- "Швейцария Конфедерациясы" (фрацузча-Confédération suisse) катары биринчи жолу жалпы европалык "30 жылдык согуш" учурунда (1618-1648) кайсы бир немисче документте катталган. Бирок, бул аталыш ошону менен тез эле кеңири колдонулуп кеткен жок. XVIII-кылымга чейин расмий түрдө да, жөнөкөй учурда да "Хелветика корпусу", "Магна лигасы" жана "Хелветия" деп айтылып жүргөн.
Iвейцария конфедерациясы- деген аталыш 1803-жылдын 19-февралында Наполеон Бонопарт тарабынан жазылган "Ортомчулук мыйзамында" да белгиленген эмес. Биринчи жолу "Щвейцария конфедерациясы" катары австриялыктар менен болгон согуштан кийин 1815-жылдагы "Швейцариянын биригүүсүнүн түбөлүк бейтараптыгы жана чек араларынын кол тийбестиги жөнүндөгү" декларациянын 15-беренесинде жазылган.
Анткен менен 1948-жылы 22 кантон (облус) "Щвейцария конфедерациясын" түзүп, жаны кабыл алган Конституциясында кайрадан "Хелветика конфедерациясы" (Confoederatio Helvetica) - деп жазылып калган.
Мезгил өткөн сайын "Хелветика конфедерациясы" деген аталышы аз колдонулуп отуруп, акыры 1999-жылы кабыл алынган Конституцияда расмий түрдө "Щвейцария конфедерациясы" аталды.
Тарыхы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]...
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]...
Европа өлкөлөрү | ||
---|---|---|
Эгемендүү мамлекеттер | Австрия · Азербайжан¹ · Албания · Андорра · Беларусь · Бельгия · Болгария · Босния жана Герцеговина · Ватикан · Германия · Грекия · Грузия¹ · Дания · Ирландия · Исландия · Испания · Италия · Казакстан² · Латвия · Литва · Лихтенштейн · Люксембург · Мажарстан · Мальта · Молдавия · Монако · Монтенегро · Нидерланд · Норвегия · Орусия² · Польша · Португалия · Румыния · Сан Марино · Сербия · Словакия · Словения · Түндүк Македония · Түркия² · Украина · Улуу Британия · Финляндия · Франция · Хорватия · Чехия · Швейцария · Швеция · Эстония | |
Таанылбаган жана жарым-жартылай таанылган мамлекеттер | Косово · Приднестровье | |
Көз каранды аймактар | Аланд аралдары · Гернси · Гибралтар · Жерси · Мэн аралы · Фарер аралдары · Шпицберген · Ян-Майен | |
¹ Европа менен Азиянын ортосундагы чек аранын өтүшүнө байланыштуу, негизинен же толугу менен Азияда. ² Негизинен Азияда. |
- ↑ EDA. Die Bevölkerung: Fakten und Zahlen: 2017. Eidgenössisches Departement für auswärtige Angelegenheiten EDA (2017). Текшерилген күнү 27 -ноябрь (жетинин айы) 2017.