Шанхай кызматташтык уюму
Шанхай кызматташтык уюму | |
上海合作组织 | |
Файл:SCO logo.svg | |
Аянты: 34,3 млн км² | |
Мүчөлүк: |
8 мүчө мамлекет |
---|---|
Штаб-квартира: | |
Уюмдун түрү: | |
Ырасмый тилдери: | |
Жетекчилери | |
Генералдык секретарь |
Рашид Алимов |
Негизделген | |
Шанхай кызматташтык уюму (англ. Shanghai Cooperation Organisation, кыт. 上海合作组织, орус. Шанхайская организация сотрудничества) же ШКУ — өкмөттөр аралык өз ара коопсуздук уюму, 2001-жылы Шанхайда Казакстан, Кыргызстан, Кытай, Орусия, Өзбекстандын, Тажикстан жана башчылары тарабынан негизделген.
Мүчөлүк
[түзөтүү | булагын түзөтүү]ШКУ мүчө өлкөлөрү
Байкоочу мамлекеттер
Ооганстан
ШКУга байкоочу мамлекет катары кирүү демилгесин көрсөткөн өлкөлөр
«Сүйлөшүү шериктери»
ШКУнун конок катышуучулары
Мындан тышкары, ШКУнун шериктештик жөнүндөгү келишимдери БУУ, КМШ, ЖККУ, ЕАЭБ жана АСЕАН менен түзүлгөн.
Башаты
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Шанхай бешилтиги 1996-жылдын 26-апрелинде Шанхайда Казакстан, Кытай Эл Республикасы, Кыргызстан, Орусия жана Тажикстан башчылары "Чек ара аймактарда аскер ишенимин тереңдетүү боюнча макулдашууга" кол коюу менен түзүлгөн. 1997-жылынын 24-апрелинде кээ бир өлкөлөр Москвадагы жолугушууда “Чек ара аймактарда аскер күчтөрүн кыскартуу боюнча макулдашууга” кол коюшту.
Шан[ай бешилтигинин кийинки жылдык жогорку деңгээлдеги жолугушуулары 1998-жылы Алматыда, 1999-жылы Бишкекте, 2000-жылы Дүйшөмбүдө өткөрүлдү.
2001-жылы саммит кайра Шанхай, Кытайда өттү. Беш мүчө-өлкө Шанхай Бешилтигинин аппаратына Өзбекстанды кабыл алышты (ошентип Шанхай алтыилтигине айланды). Андан соң алты өлкө башчылары 2001-жылдын 15-июнунда кызматташтыкты жогорку деңгээлге чыгаруу максатында “Шанхай Кызматташтык Уюмунун Декларациясына” кол коюшту. 2001-жылдын июлунда, Орусия жана Кытай Эл Республикасы, уюмдун эки баштоочу өлкөсу, “Ынак коңшулук жана дос кызматташтык боюнча макулдашууга” кол коюшту.
2002-жылдын июнунда, ШКУ мүчө-мамлекеттеринин башчылары Санкт-Петербург, Орусияда жолугушту. Алар уюмдун максаттарын, принциптерин, түзүлүшүн жана аракет түрлөрүн аныктаган ШКУнун Хартиясына кол коюшту жана аны эл аралык мыйзамдын көз карашы менен расмий түрдө түздү.
Анын алты толук мүчөсүнүн аянты Евразиянын 60% жана калкы дүйнөнүн төрттөн бир бөлүгүн түзөт. Байкоочу мамлекеттерди кошкондо адамзаттын жарымын камтыйт.
2005-жылдын июнунда анын Астанада (Казакстан) бешинчи жана чечүүчү саммитине Индия, Иран, Монголия жана Пакистандын өкүлдөрү ШКУнун жолугушуусуна биринчи жолу катышышты. Конокторду кабыл алган өлкөнүн президенти, Нурсултан Назарбаев, меймандарды “Сүйлөшүүлөр столдун тегерегинде отурган мамлекет башчылары - адамзаттын жарымынын өкүлдөрү”- деп мурун эч качан эч кандай контекстте колдонулбаган сөз менен тоскон экен.[1]
2007-жылы ШКУ жыйырмадан ашык чоң өлчөм чениндеги транспорт, энергетика, телекоммуникация тармактарындагы долбоорлорду сунуш кылды жана мүчө-өлкөлөрнүн коопсуздук, куралдуу күчтөр, коргоо, тышкы иштер, экономика, маданият, банк жана башка тармактардын жетекчилеринин туруктуу жолугушуулары өткөрүлдү.
Азыр ШКУ Бириккен улуттар уюму менен мамиле түзүп, анын Башкы Ассамблеясы, Европа Биримдиги, АСЕАН (Түштүк-Чыгыш Азия өлкөлөрүнүн Ассоциациясынын), КМШ жана Ислам Кызматташтык Уюмунда байкоочу.
Түзүлүшү
[түзөтүү | булагын түзөтүү]ШКУ мүчө мамлекеттеринин башчыларынын жолугушуусу | |||
---|---|---|---|
Күнү | Шаар | ||
1 | 26—27-апрель 1996 | Шанхай | |
2 | 24—25-апрель 1997 | Москва | |
3 | 3—4-июль 1998 | Алма-Ата | |
4 | 25—26-август 1999 | Бишкек | |
5 | 4—5-июль 2000 | Дүйшөмбү | |
6 | 14—15-июнь 2001 | Шанхай | |
7 | 7-июнь 2002 | Санкт-Петербург | |
8 | 28—29-май 2003 | Москва | |
9 | 17-июнь 2004 | Ташкен | |
10 | 5-июль 2005 | Астана | |
11 | 14—15-июнь 2006 | Шанхай | |
12 | 16-август 2007 | Бишкек | |
13 | 28-август 2008 | Дүйшөмбү | |
14 | 15—16-июнь 2009 | Екатеринбург | |
15 | 10—11-июнь 2010 | Ташкен | |
16 | 14—15-июнь 2011 | Астана | |
17 | 6—7-июнь 2012 | Бейжин | |
18 | 13—14-сентябрь 2013 | Бишкек | |
19 | 11—12-сентябрь 2014 | Дүйшөмбү | |
20 | 9—10-июль 2015 | Өфө | |
21 | 23—24-июнь 2016 | Ташкен | |
22 | 8—9-июнь 2017 | Астана | |
23 | 9—10-июнь 2018 | Циндао | |
24 | 14—15-июнь 2019 | Бишкек | |
25 | 2020 | Челябинск |
Өлкө башчыларынын кеңеши — бул ШКУнун жогорку чечим чыгаруучу борбору. Бул кеңеш ШКУнун мүчө-өлкөлөрүнүн баш калааларынын биринде жылдык саммиттеринде жолугат. Азыркы өлкө башчыларынын кеңешинин курамы:
- Садыр Жапаров (Кыргызстан)
- Си Цзиньпин (Кытай)
- Шавкат Мирзиёев (Өзбекстан)
- Касым-Жомарт Токаев (Казакстан)
- Владимир Путин (Орусия)
- Эмомали Рахмон (Тажикстан)
- Ариф Алви (Пакистан)
- Нарендра Моди (Индия)
Өкмөт башчыларынын кеңеши — бул уюмдун экинчи эң жогорку кеңеши. Бул кеңеш жылдык саммиттерде көп тармактуу кызматташтыктын маселелерин талкулайт. Кеңеш ошондой эле уюмдун бюджетин бекитет.
Тышкы иштер министрлер кеңеши да туруктуу жолугушууларды өткөрүп турат, ал жолугушууларда учурдагы эл аралык абалды жана ШКУнун башка эл аралык уюмдар менен эриш-аркактарын талкулайт[2].
Улуттук координаторлордун кеңеши ШКУнун Хартиясынын алкагында мучө-өлкөлөрүнүн көп тармактуу кызматташтыгын жетектейт.
ШКУнун катчылыгы — уюмдун башкы аткаруучу борбору. Ал уюмдун чечимдердин жана токтомдорун ишке ашыруусун тейлейт, сунушталган документтердин (декларация жана күн тартиби сыяктуу) долбоорлорун даярдайт, уюмдун документтерин сактоочу жайы функциясын аткарыт, ШКУнун алкагында атайын ишмердүүлүктү жүргүзөт жана ШКУ тууралуу маалымат таратат жана жарыялайт. Кеңсеси Пекинде жайгашкан. Азыркы ШКУнун Башкы катчысы - Муратбек Иманалиев, Кыргызстандын мурунку тышкы иштер министри жана Борбор Азиядагы Америка университетинин профессору[3].
Региондук терроризмге каршы түзүмү (RATS) — ШКУнун туруктуу борбору. Ал мүчө-өлкөлөрүнүн терроризм, сепаратизм жана экстремизмге каршы кызматташтыгын илгерилетүүнү тейлейт. Кеңсеси Ташкенде (Өзбекстан) жайгашкан. Түзүмдүн башчысы үч жылга шайланат. Ар бир мүчө-өлкө түзүмгө туруктуу өкүлүн жиберет. [4]
Ишмердүүлүгү
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Коопсуздук боюнча кызматташтык
[түзөтүү | булагын түзөтүү]ШКУнун көнүл чордонунда негизинен анын мүчө-өлкөлөрүнүн Борбордук Азиядагы коопсуздук маселелери, көбүнчө башкы коркунучтар терроризм, сепаратизм жана экстремизмге байланыштуу. Бирок анын ишмердүүлүгү коомдук өнүгүү тармагында тезирээк өсүүдө.
2004-жылдын 16-17 июнунда ШКУнун саммити Ташкент шаарында өткөрүлүп, Региондук терроризмге каршы түзүмү (RATS) түзүлдү. 2006-жылдын 21-апрелинде ШКУ терроризмге каршы бөлүмдүн астында эл аралык баңгизат кылмыштуулук менен күрөшүү планын жарыялады[5].
Григорий Логинов 2006-жылдын апрелинде ШКУ аскер сапсалгы болууну пландабаганын жарыялады, бирок “терроризм, сепаратизм жана экстремизмдин” күчөп бараткан коркунучтары куралдуу күчтөрдүн толук өлчөм ченинде катышуусун муктаж кылганын ырастады[6].
2007-жылдын октябрында Душанбе, Тажикстандын баш калаасында, ШКУ Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюму менен коопсуздук, кылмыштуулук, баңгизат ташуу сыяктуу маселелер боюнча кызматтыштыкты кеңейтүү үчүн макулдашууга кол койду[7]. Эки уюм арасында бириккен аракет планына кол коюу Пекинде 2008-жылдын башына пландаштырылган[8].
Уюм тарабынан ошондой эле киберсогушка жаңы аныктама берилип, "башка өлкөлөрдүн рухий, адеп-ахлак жана маданий чөйрөлөрүнө зыян келтирүүчү" маалыматты таркатуу коопсуздукка коркунуч катары каралыш керек деп айтылган. 2009-жылы кабыл алынган “мааалымат согуш” аныктамасына ылайык бул, айрыкча, кайсы бир өлкөнүн кимдир бирөөнүн “саясый, экономикалык жана коомдук системасын” бузуу аракети[9].
Аскер ишмердүүлүгү
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Акыркы беш жылда уюмдун ишмердүулүгү кеңейди жана аскер кызматташтыкты, биргелишкен чалгындоо жана терроризмге каршылык көрсөтүүнү камтыйт[10].
ШКУнун бир нече биргелишкен аскер машыгуулары өттү. Биринчиси 2003-жылы өткөрүлдү, анын биринчи фазасы Казакстанда, экинчи фазасы - Кытайда өттү. Ошондон кийин 2005, 2007, 2009-жылдары Кытай менен Орусия ШКУнун карамагында чоң өлчөм ченинде согуш оюндарында биригишти. Биргелишкен аскер машыгууларда (Тынчтык миссиясы, 2007) 2007-жылы Урал тоолоруна жана Борбордук Азияга жакын Челябинскте (Орусия) өткөрүлгөн, 2006-жылынын апрелинде ШКУ Коргоо министрлеринин жолугушуусунда макулдашылгандай 4 миңден ашык кытай жоокерлери катышкан. Аба күчтөрү жана так буталаган куралдар да колдонулган деп болжолдонууда. Орусия Коргоо министри Сергей Иванов бул машыгуулар басма сөз жана коомчулук үчүн айкын жана ачык болот деп айтты. Согуш оюндарынын ийгиликтүү аяктоосунан кийин орус мамлекеттик кызматкерлери келечекте Индиянын катышуусу жана ШКУнун аскер ролу тууралуу сөз кыла башташты. Казакстандын Матбулак машыгуу аянтында 2010-жылдын 9-25 сентябрында (Тынчтык миссиясы-2010), 5 миңден ашык Казакстан, Кыргызстан, Кытай, Орусия жана Тажикстан кызматкерлери биргелишкен пландоо жана пайдалануу ыкмаларын көрүштү[11].
Экономикалык кызматташтык
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Кытайдан башка ШКУ мүчөлөрү ошондой эле Евразия Экономикалык Коомчулугун мүчөлөрү. Экономикалык кызматташтыкты күчөтүү максатында ШКУ мүчөлөрү 2003-жылынын 23-сентябрында Түзүлүштүк келишимге кол коюшту. Ошол эле жолугушууда Кытай Эл Руспубликасынын премьер-министри Вен Цзибао, башка тикеден-тике чаралар кабыл алынгыча, региондо товарлардын агымын түзөө үчүн узак-мөөнөттүк максатта ШКУда эркин соода аймагын түзүүнү сунуштады[12][13]. Пландын ашырылышы үчүн бир жылдан кийин 2004-жылдын 23-сентябрында 100 ашык аракеттерге кол коюлду[14][15][16][17][18][19][20][21][22][23][24].
Маданий кызматташтык
[түзөтүү | булагын түзөтүү]ШКУнун алкагында маданий кызматташтык да жүзөгө ашырылууда. ШКУнун маданият министрлери алгачкы ирет 2002-жылдын 12-апрелинде Пекинде жолугуп кызматташууну улантуу үчүн биргелешкен арызга кол коюшту. Маданият министрлеринин жолугушуусу Ташкен, Өзбекастанда 2006-жылдын 27-28 апрелинде өттү[25][26].
ШКУ Өнөр фестивалы жана көргөзмөсү алгачкы ирет 2005-жылы Астанада өткөрүлүп жаткан саммит учурунда ачылды. Ошондой эле Казакстан ШКУнун элдик бий боюнча фестивалын 2008-жылы Казакстанда өткөрүүнү сунуштады[27].
Галерея
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- ↑ Kazinform, July 5, 2005
- ↑ ШКУнун мүчө-өлкөлөрүнүң тышкы иштер министрлер кеңешинин сессиясы Archived 2012-02-08 at the Wayback Machine Embassy of the Russian Federation in Malaysia (Россия Федерациясынын Малазиадагы элчилиги)
- ↑ ШКУнун Катчылыгы Archived 2012-03-10 at the Wayback Machine SCO Website (ШКУнун сайты)
- ↑ ШКУнун Региондук терроризмге каршы түзүм тууралуу маалымат Archived 2008-12-11 at the Wayback Machine SCO Website (ШКУ сайты)
- ↑ ШКУ эл аралык баңгизат кылмыштуулук менен күрөшүүнү күчөтүүдө Xinhua.net (Синхуа)
- ↑ ШКУ бирдиктүү аскер машыгууларга даярданып жатат Archived 2008-12-11 at the Wayback Machine World Student Press Agency (Дүйнөлүк Студенттик басма сөз агенттиги)
- ↑ Security alliances led by Russia, China link up (Орусия, Кытай башчылык кылган коопсуздук кошуундар биргелешүүдө) Daily Times
- ↑ Notes Afghanistan's Emerging Security Agenda (Казакстан Афганистандын жаңы коопсуздугун күн тартипте белгилеп жатат(жеткиликсиз шилтеме) Eurasia Daily Monitor
- ↑ http://www.npr.org/templates/story/story.php?storyId=130052701 Seeing The Internet As An 'Information Weapon' (Интернетти “маалымат курал” катары эсептөө)
- ↑ архив көчүрмөсү. Текшерилген күнү 17 -январь (үчтүн айы) 2012. Түп булактан архивделген күнү 11 -май (бугу) 2010.
- ↑ Boland, Julie. "Learning From The Shanghai Cooperation Organization's 'Peace Mission-2010' Exercise"( Шанхай Кызматташтык Уюмунун Тынчтык миссиясынын 2010-жылындагы машыгуулардан үйрөнүү) Archived 2011-06-28 at the Wayback Machine, The Brookings Institution, 29 October 2010
- ↑ Central Asianpowers agree to pursue free-trade zone(Борбордук Азия бийликтери эркин соода аймагын түзүүгө макул).
- ↑ http://www.ictsd.org/weekly/03-10-01/story3.htm Archived 2007-10-24 at the Wayback Machine China Intensifies Regional Trade Talks (Кытай региондук соода тууралуу сүйлөшүүлөрдү илгерлетип жатат). International Centre for Trade and Sustainable Development (Эл аралык Соода жана туруктуу өнүгүү боюнча борбор)
- ↑ Joint Communique of the Council of the Governmental Heads (Prime Ministers) of Shanghai Cooperation Organisation Member States (ШКУ мүчө-өлкөлөрүнун Өкмөт башчыларынын Кеңешинин биргелишкен расмий билдирүүсү) Archived 2009-03-30 at the Wayback Machine University of Hawaii (Гавайи университети)
- ↑ Shanghai Cooperation Organisation Eyes Economic, Security Cooperation The Jamestown Foundation
- ↑ SCO Ministers of Foreign Economic Activity and Trade to meet in Tashkent Archived 2011-08-15 at the Wayback Machine National Bank of Uzbekistan
- ↑ Russia's Foreign Ministry develops concept of SCO energy club Archived 2007-10-07 at the Wayback Machine Gazeta.kz
- ↑ Russia Urges Formation of Central Asian Energy Club Archived 2016-03-04 at the Wayback Machine Eurasianet
- ↑ Chronicle of Main Events of "Shanghai Five" and Shanghai Cooperation Organisation. Текшерилген күнү 17 -январь (үчтүн айы) 2012. Түп булактан архивделген күнү 14 -октябрь (тогуздун айы) 2008.
- ↑ (Xinhua)
- ↑ http://www.google.com/hostednews/ap/article/ALeqM5ghofWsw6596hiWFv-WS4u6L84TGAD98RLUG80(жеткиликсиз шилтеме)
- ↑ http://news.xinhuanet.com/english/2009-06/18/content_11558133.htm
- ↑ Mehr News Agency, October 31, 2008
- ↑ Russia Today, October 30, 2008
- ↑ Culture Ministers of SCO Member States Meet in Beijing (ШКУ мүчө-мамлекеттеринин маданият министрлери Пекинде жолугушту People's Daily
- ↑ SCO Culture Ministers to Meet in Tashkent (ШКУ маданият министрлери Ташкенде жолугушту) Archived 2009-04-18 at the Wayback Machine Gazeta.kz
- ↑ Kazakhstan Backs Promotion of SCO Cultural Ties (Казакстан ШКУнун маданий байланыштарын илгерилетүүнү колдойт) Archived 2016-03-03 at the Wayback Machine www.kazinform.kz
Адабият
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Kalra, Prajakti and Saxena, Siddharth “Shanghai Cooperation Organisation and Prospects of Development in Eurasia Region” Archived 2015-07-16 at the Wayback Machine Turkish Policy Quarterly, Vol 6. No.2, 2007
- Sznajder, Ariel Pablo, “China's Shanghai Cooperation Organisation Strategy” Archived 2015-06-15 at the Wayback Machine, University of California Press, May 2006
- Oresman, Matthew, “Beyond the Battle of Talas: China’s Re-emergence in Central Asia” Archived 2010-03-26 at the Wayback Machine|4.74 MiB, National Defence University Press, August 2004
- Gill, Bates and Oresman, Matthew, China’s New Journey to the West: Report on China’s Emergence in Central Asia and Implications for U.S. Interests Archived 2006-11-29 at the Wayback Machine, CSIS Press, August 2003
- Fels, Enrico (2009), Assessing Eurasia's Powerhouse. An Inquiry into the Nature of the Shanghai Cooperation Organisation, Winkler Verlag: Bochum. ISBN 978-3-89911-107-1
- Yom, Sean L. (2002). "Power Politics in Central Asia: The Future of the Shanghai Cooperation Organisation". Harvard Asia Quarterly 6 (4) 48–54.
- Stakelbeck, Frederick W., Jr. (August 8, 2005). "The Shanghai Cooperation Organisation" Archived 2007-07-07 at the Wayback Machine. FrontPageMagazine.com.
- Navrozov, Lev. (February 17, 2006). "The Sino-Russian 'Shanghai Cooperation Organisation'". NewsMax.com.
- Daly, John. (July 19, 2001). "'Shanghai Five' expands to combat Islamic radicals". Jane's Information Group|Jane's Terrorism & Security Monitor.
- Colson, Charles. (August 5, 2003). "Central Asia: Shanghai Cooperation Organisation Makes Military Debut". Radio Free Europe/Radio Liberty.
- Cohen, Dr. Ariel. (July 18, 2001). "The Russia-China Friendship and Cooperation Treaty: A Strategic Shift in Eurasia?" Archived 2010-03-07 at the Wayback Machine. The Heritage Foundation.
- Cohen, Dr. Ariel. (October 24, 2005). "Competition over Eurasia: Are the U.S. and Russia on a Collision Course?" Archived 2010-03-02 at the Wayback Machine. The Heritage Foundation.
- John Keefer Douglas, Matthew B. Nelson, and Kevin Schwartz; “Fueling the Dragon’s Flame: How China’s Energy Demands Affect its Relationships in the Middle East.” Archived 2012-12-12 at the Wayback Machine|162 KiB, United States-China Economic and Security Review Commission, October 2006.
- Baris Adibelli. "The Eurasia Strategy of China," Archived 2008-09-12 at the Wayback Machine IQ Publishing House, İstanbul, 2007.
- Baris ADIBELLI, " The Great Game in Eurasian Geopolitics," IQ Publishing House, İstanbul, 2008.
- Baris Adibelli, "Turkey-China Relations since the Ottoman Period,"IQ Publishing House, İstanbul,2007.
- Baris Adibelli, The Shanghai Cooperation Organisation Dream of Turkey, Cumhuriyet Strateji,İstanbul, 2007.
- Baris ADIBELLI, "Greater Eurasia Project", IQ Publishing House, İstanbul,2006.
Интернет шилтемелери
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- http://www.sectsco.org/EN/ Archived 2011-12-30 at the Wayback Machine