Шакек
Шакек — колдун манжаларына салынуучу зер буюму. Анын жердиги түстүү металлдардан, түрдүү заттардан болот. Алсак, «күмүш шакек», «алтын шакек», «сөөк шакек», «мүйүз шакек», «жез шакек», «коло шакек» деп айтылат. Жасалуу ыкмасы боюнча көздүү «асыл таш чөгөрүлгөн шакек», «тамандуу шакек», «мөөр шакек» оюм-чийим түшкөнүнө карата «кырдуу шакек», «жөнөкөй шакек» болот. Буга узанууда уюткан таза күмүштү алып, аны көрүк аркылуу эритет. Эми балка менен чоюп, жукартып иет, сомдойт да, муну шакек түспөлүнө келтирет. Эгер эки башын туюктагысы келсе, күмүш менен ширетет. Андан кийин зергер атайын чийим шибегеси аркылуу оюм келтирет. Буга кооздук берүүдө зергерчиликтин бардык ыкмаларын колдонсо болот.
Бул зер буюмунун таманын кооздоодо «айчык», «мүйүз», «кыял», «жарым кыял», «ит куйрук», «бармак боочу» өңдүү көркөм оюм менен көчөттөрдү түшүрөт. Ал эми ал «чапкылоо» ыкмасы аркылуу жасаса, көбүнчө «жылдызча», «кымкар» сыяктуу чапкы көчөттөрүн ромб, кайчылашкан «тоок көз» өңдөнтүп, оюм элементтерин таасын берүүгө мүнөздүү. «Из түшүрүлгөн» ал көчөттөр «сыя төгүүгө» өтө окшош келет.
Илгери ар түрдүү асыл таш, айнек, пластмасса, чайыр өңдүү чөгөрүлгөн шакектерди зергерлер көп кыла турган. Беш манжанын муунагы сайын күмүш шакектер жаркылдап, буюм зергерден-зергердин көз таразасынан өткөн.
Мында уютулган таза күмүштү алып, аны көрүгү менен аяр эритүү керек. Күмүштү күйгүзбөй, тапка этиет кармайт. Жашык күмүш балка менен оңой эле чабылат. Жукартып ийип, сомдоп шакек түспөлүнө келтирип, андан соң атайын чийим шибегеси менен оюм түшүрүлөт. Ага «сыялоо ыкмасын» берет. Айрым зергерлердин шакеги бир мм эки жаадан турат. Буга чыйратылган зымдан көркөмдүк түшүрүлөт да, анын ачык калган ортолору чыбырчыктата «сирке төгүлөт». Ал «сокмо шакек» деп аталат.
Ошентип, шакектер «чапкылоо», «сыя төгүү», «тартулатуу», «тогуз төбөлөө», «ийүү» ыкмалары аркылуу бүтөт. Кооз шакектин бири «жети сай» болот. Мурунку түшүнүктө күмүш шакектин бир түрү — кармоодо зергер өзүнчө темирден бир нече сайдан (сызыктан) турган форма (калып) жасап алат. Ал «беш сай» деп да айтылышы ыктымал. Демек, шакек болуучу күмүштү, жез (сары жез), (кызыл жез), коло, нейзильберь, мельхиор, дат чалбас жана башка ушул сыяктуу түстүү металлдарды ошого коюп, сомдоп-согуп алат.
Шакек жайгашкан жери
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Ар бир манжа шакек тагуунун өзүнчө салты болуп, белгилүү маанини билдирген (көпчүлүгү байыркы заманда калып, маданиятка жараша өзгөргөн) жана ошол маанини байкоочулар жакшы түшүнгөн.[1][2]
Байыркы замандарда чоң манжага шакек тагуу чыгырыкты жиберүүдө чоң манжаны жаракаттан коргоо максатында колдонулган жана жаачыны билдирген.
Кээ бир өлкөлөрдө оң колдун манжасы колдонулганына карабастан,[3] көптөгөн дүйнө өлкөлөрүндө нике шакеги сол колдун төртүнчү манжасында же аты жок манжада тагылат.[4] Бул салт Экинчи Дүйнөлүк согуш учурунда дээрлик нормага айланды.
Сол колдун аты жок манжасына ниет шакекти тагуу эски ишенимге байланыштуу, анткени аты жок манжа түздөн-түз жүрөк менен байланыштырылган деп эсептелген: vena amoris, же сүйүү тамыры. Бул идея 16-17-кылымдарда Англияда модада болгон, Генри Суинберн бул жөнүндө "Нике" китебинде айтып өткөн. Анын келип чыгышы байыркы Римге чейин барат, ал кезде Авл Геллий Аппиан менен бирге байыркы египеттиктер аты жок манжадан жүрөккө түздөн-түз байланышкан жука нерв тапканы жөнүндө айткан.
Коргоочу (пентактардык шакектер) же жеке сапаттарды жакшыртуучу (акылмандык, ишеним, социалдык статус жана башка) ар кандай максаттагы тумар шакектер ар кандай манжаларга тагылат, көбүнчө шакектин дизайнынын максаты же таштын касиеттерине жараша. Белгилүү максаттар үчүн белгилүү манжаларга тагылган тумар шакектер алардын күчүн жогорулатат деп эсептелген, бирок көпчүлүк адамдар аларды жөн эле кайсы манжага туура келсе, ошол манжага тагышат.
Кээде шакектер билерик же шуруга асуу үчүн кайра иштелип, өзгөртүлүп жасалган.[5][6]
Мөөр шакектери салтка ылайык сол кичине манжага тагылат.[7][8]
Туулган күндүн же "туулган күндүк" ташы бар шакек адатта оң колдун аты жок манжасына тагылат жана ошол эле учурда ээсинин төрөлгөн айын жана жумалык күнүн билдирет.
Колдонулган адабият
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия”, Бишкек 2003. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик Педагогикалык университети. “Башкы ред. Ү.А.Асанов, жооптуу ред. А.А. Асанков”. “Ред кеңеш: Ө.Ж.Осмонов (төрага) Т.Н Өмүрбеков”.
Интернеттик шилтемелер
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- ↑ 10 Little-known Meaning of Each Finger for Rings You Should Know. www.afashionblog.com. Текшерилген күнү 18 -сентябрь (аяк оона) 2024.
- ↑ The Meaning of Each Finger for Rings. www.aureusboutique.com. Текшерилген күнү 18 -сентябрь (аяк оона) 2024.
- ↑ Die Bedeutung von Verlobungsringen und Eheringen für ein frisch vermähltes Paar. www.bekommenamenskette.com. Текшерилген күнү 18 -сентябрь (аяк оона) 2024.
- ↑ Which Finger Does a Wedding Ring Go On?. www.brides.com. Текшерилген күнү 18 -сентябрь (аяк оона) 2024.
- ↑ Wearing A Ring On A Necklace and What Does it Mean. atolyestone.com. Текшерилген күнү 18 -сентябрь (аяк оона) 2024.
- ↑ Converting a Ring Into a Necklace. www.milinalondon.com. Текшерилген күнү 18 -сентябрь (аяк оона) 2024.
- ↑ PLINY THE ELDER, Natural History. www.loebclassics.com. Текшерилген күнү 18 -сентябрь (аяк оона) 2024.
- ↑ The meaning of the rings on the fingers. www.intinijewels.com. Текшерилген күнү 18 -сентябрь (аяк оона) 2024.