Суу кымыздык
Суу кымыздык (Горец почечуйный), (лат. Polygonum persicaria) - бир же көп жылдык чөп, чанда бадалча жана бадал.
Сабагы тик өйдө, кээде төшөлүп же чырмалып өсөт. Жалбырагы жөнөкөй, түрдүү формада. Гүлү майда, топ гүлү - чачы. 4-6 мүчөлүү, алар жалбырак колтугү нан өсөт.
Республикабыздын бардык булуң, бурчунда, суу жээгинде, арыктын бойлорунда, жүгөрү же чөп чабындынын майнаптарында майдан августка чейин өсөт. 22 түрү кездешет. Бийиктиги 30-50 см. Өңү кызгылт, даамы ачуу.
Суу калемпирдин сабагы кызара электе үстүнөн 15-20 cm оруп алуу керек. Дарылыгы: андан жасалган дары каражаты төрөп же бойдон түшүп, кан токтобогондо, геморройго, ошондой эле денени кесип алганда же ачык жараларга колдонулат.
Даярдалышы: 700 г кайнак сууга бир канча салып демдеп коюп 3-4 маал кан токтогончо ичилет. Эскертүү: даярдалган дарыны уулуу болгондуктан муздак ичүүгө болбойт.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Суусамыр: Энциклопедия /Башкы ред. Ү. Асанов. - Б.: Энцик. борбору, 2010. - 312 б., илл. ISBN 978-9967-14-076-9