Сирия
Көрүнүш
Сирия Араб Республикасы | |||||
| |||||
Мамлекеттик Гимни | |||||
Сирия дүйнөлүк картада
| |||||
Негизделген | 17-чи апрель 1946-жыл | ||||
Расмий тили | Арапча | ||||
Борбор шаары | Дамаск | ||||
Ири шаарлар | Алеппо, Хомс, Хама, Латакия | ||||
' | |||||
Аянты • Жалпы • Суу бетинин %. |
87-чи - дүйнөдө 185.180 km2 км² 0,06 | ||||
Калкы • Бааланган (2019) • Жыштыгы |
25,100,900 [1] адам (57-чи) 92 ад./км² | ||||
Домени | .sy | ||||
ISO коду | SY | ||||
ЭОК коду | SYR | ||||
Телефон коду | +963 | ||||
Убакыт аралыгы | UTC +3 |
Сирия (ар. سُورِيَا) расмий аталышы — Сирия Араб Республикасы (al-Jumhūriyya al-ʿArabiyya as-Sūriyya) — мамлекет Чыгыш Жер Ортолук деңизинде жана Левантта жайгашкан Батыш Азиядагы өлкө. Батышынан Жер Ортолук деңизи, түндүгүнөн Түркия, чыгышынан жана түштүк-чыгышынан Ирак, түштүгүнөн Иордания, түштүк-батышынан Израиль жана Ливан менен чектешет. Борбор калаасы жана эң ири шаары — Дамаск. Өлкөнүн жалпы аянты 185 180 чарчы километрди түзүп, дүйнөдөгү мамлекеттердин аянты боюнча 87-орунду ээлейт.