Мазмунга өтүү

Радиация коопсуздугу

Википедия дан

Радиация коопсуздугу - радиоактивдүү заттар жана иондоштуруучу нурлар менен иштөөдө алардын организмге тийгизген биологиялык таасиринен коргонуу чараларынын комплекси.

Ал бардык иондоштуруучу нурлардын суммалык дозасын белгиленген ченге чейин азайтууну камсыз кылат. Рентген түтүгү, тездеткичтер радиоактивдүү заттарды сыртка чыгарбайт. Мында организмге сырткы нурлануу гана таасир этиши мүмкүн. Радиоактивдүү заттар дем алуу, тамак сиңирүү органдары, тери аркылуу организмге өтсө, ички нурланууга коркунуч туудурат. Ага каршы желдетүү системасында чыпка орнотуу, технологиялык жабдууларды жана иштеген орунду герметизация ж. б. чаралар жүргүзүлөт. Радиация коопсуздугунун милдетине радиоактивдүү заттар менен булгануунун өлчөмүн тактоо, радиоактивдүү таштандыларды жыйноо, жоготуу ж. б. чаралар кирет.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.