Нальчик
![](http://upload.wikimedia.org/wikipedia/commons/thumb/f/fc/%D0%9D%D0%B0%D0%B2%D0%B5%D0%BA%D0%B8_%D1%81_%D0%A0%D0%BE%D1%81%D1%81%D0%B8%D0%B5%D0%B9.jpg/220px-%D0%9D%D0%B0%D0%B2%D0%B5%D0%BA%D0%B8_%D1%81_%D0%A0%D0%BE%D1%81%D1%81%D0%B8%D0%B5%D0%B9.jpg)
Нальчик — Кабарда-Балкар Республикасынын административдик борбору. Россиядагы шаар (1921-жылдан). Нальчик дарыясынын боюнда жайгашкан. Калкы 240,8 мин (2010). Машина куруу жана металл иштетүү (ири ишканалары: «Машина куруу заводу», «Терекалмаз» ААК, «Кавказкабель» ЖАК, «Телемеханика»; заводдору: электр-вакуум, ста- нок куруу жана башка), түстүү металлургия, химиялык, тамак-аш-татымал (кондитер азыктары, спирт ичимдиктери, алкоголсуз суусундуктар, жашылча-жемиш консервалары), жеңил өнөр жай ишканалары иштейт. Үч ЖОЖ (анын ичинен Кабарда-Балкар университети), айыл чарбаакадемиясы, музыкалык окуу жайы, консерватория коллеждер, 2 театр, музейлер (анын ичинен край таануу, сүрөт) бар. Бальнеол. жанатоо климаттык курорточо Түндүк Кавказдагы туризм жана альпинизмдин борборлорунун бири. 1817-жылы негизделген.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 5-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. илл. ISBN 978 9967-14-111-7