Мазмунга өтүү

Күйдүргү

Википедия дан

Күйдүргү — кишиге малдан жугуучу катуу кармама жугуштуу оору. Көбүнчө терини, ичеги-карынды, өпкөнү жабыркатат. Ооруну таякчага окшогон микроб козгойт. Ал спора жана капсула түзгөндүктөн айлана-чөйрөнүн терс шарттарына абдан туруктуу келип, көп жылдар (20—30дан ашык) жашайт. Көбүнчө бодо мал, кой, эчки, чочко, төө жана башка ылаңдайт. Күйдүргү менен мал чарбасында жана эт, тери, жүн даярдоочу өндүрүштөрдө иштеген кишилер ылаңдаган малды союп, терисин сыйрып же жүнүн кыркып, жууп жатканда жугузуп алышат. Ылаңдаган малдан анын козгогучтары заара, заң, кан жана башка менен бөлүнүп чыгып жерди, чөп-чарды, сууну, тегеректеги буюмдарды булгайт. Кишиге бациллалар көбүнчө тери, кээде ооз, мурун жана көз аркылуу жугат. Алардын организмге кирген жолдоруна карай 3 түргө: тери, ичеги-карын жана дем алуу органдарын жабыркатуучу болуп бөлүнөт. Күйдүргү жарасы көбүнчө дененин ачык жеринде (ооруну козгогуч микроб кирген жерде): колдо, бетте, моюнда пайда болот. Оору жуккандан кийин анын негизги белгилери пайда болгончо көбүнчө 2—3 күн өтөт (жашырын мезгили — бир нече сааттан 7—8 күнгө чейин).

Күйдүргүнүн микросрөтү

Күйдүргүнүн тери формасы

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Күйдүргүнүн тери формасы

Күйдүргүнүн тери формасында микроб кирген жерде эң мурда кызыл так пайда болот, андан кийин томпоюп шишимек тартат. Кийинчерээк ал ыйлаакчага айланып, сууга, бир аздан кийин ириңге толуп, бат эле жарага айланат. Бул процесс (тактан баштап жара пайда болгончо) эң тез, баш аягы бир нече сааттын ичинде өтөт. Жара кычышат, ысыйт, ириңге кан кошулгандыктан анын өңү кара кочкул, тегереги кызарып шишимек тартып турат. Кээде анын тегерегинде шуру сымал ириңдеген майда чыбырчыктар пайда болот. Бул ооруда температура көтөрүлөт (39—40°), баш ооруйт, адам алсырайт, жүрөгү тез согуп, бир аз демигет. Мындай абал 5—7 күн созулат. Андан кийин температура кескин тез төмөндөйт, жара акырындап айыга баштайт, 2—3 жуманын аягында карты түшөт.

Күйдүргүнүн ички организмден кармаган формасы

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Өпкөдөн же ичеги-карындан кармаган күйдүргүнүн тери формасына салыштырганда оор болуп, өмүргө коркунучтуу. Өпкө күйдүргүсүндө оору катуу, капысынан кармайт, температура бир заматтын ичинде 40—41°ка жетет, көз кызарып жаш агат, жөтөлөт, чүчкүрөт, үн кырылдайт, бүтөт, көкүрөк сайгылашып ооруйт, демигет, эрин, моюн көгөрөт. Жөтөлгөндө кан аралаш какырык чыгат. Диагнозду өз убагында коюп, дарылабаса оорулуу 2—3 күндүн ичинде эле өлүмгө учурашы мүмкүн.
Ичеги-карын формасында ич ооруп, өтөт, кан аралаш кусат, кээде ич көөп, заң чыкпай калат. Эгерде оорунун белгилери байкалса же күнөм санаган учурда дароо медициналык жардамга кайрылган туура. Врач бул оорунун диагнозун эпидемиологиялык анамнездин жана лабораториялык изилдөөнүн негизинде тез эле таап, туура дарылайт.

Күйдүргүнү алдын алуу

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Күйдүргүнү алдын алуу үчүн айыл чарба малдарын эмдөө жыл сайын жүргүзүлөт. Эгер мал ылаңдап калса аны бөлүп дарылап, карантин коюлат (союуга тыюу салынат), анын кыгы, астына салынган чөп-чар, шакел жана башкаларды өрттөп таштоо керек. Андан өлгөн малды да өрттөйт (көмүүгө тыюу салынат). Эгер жайлоодо малдын өлүгү табылса, ал жерди өрттөп, андан кийин жегич натрийдин 20%түү эритмеси менен дезинфекциялайт. Соо малга алдын ала эмдөө жүргүзүлөт. Киши ооруп калса ооруканага жаткырылып, ал жашаган үй дезинфекцияланат.

Колдонулган адабият

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8