Живопись
Живопись — көркөм сүрөт искусствосунун негизги түрлөрүнүн бири (Көркөм искусство, көркөм сүрөт искусствосу макалаларын караңыз). Практикада колдонулушу жана ага байланыштуу атайын милдеттерине карата живопись станоктук, монументалдык жана жасалгалык (декорациялык) болуп бөлүнөт. Тар мааниде – предметтик дүйнөнүн бир нерсенин үстүндө түстүү материалдын жардамы менен көркөм сүрөттөө живопись деп аталат. Формаларынын терең иштетилгенине жана мазмунун өзгөчө көп кырдуулугу менен станоктук живопись баарынан көбүрөөк живопись көркөм искусствосунда кеңири мүмкүнчүлүктөргө ээ. Живопистик көркөм каражаттардын негизин жарык шаңы менен ажырагыс бирдиктеги түс жана линия түзөт. Түс жана жарык шаңы живопись тарабынан толугу менен иштелип чыккан жана көркөм сүрөт искусствосунун башка түрлөрү үчүн кол жеткис нерсе. Мына ушул нерселер реалисттик живопистин курчап турган чындыктын материалдык касиеттерин туура берүүсүн, башка сүрөттөөчү артыкчылыктарын, мейкиндик жана көлөмдүк моделдештирүүнүн типтүү мыктылыгын (кемтиксиздигин) шарттайт. Живопись техникасынын негизги түрлөрүн боёчу материалдардын түрлөрү менен белгилөө кабыл алынган (Техника, майлуу боёктор живописи, Акварель, Гуашь, Темпера, клей живописи, Пастель, Фреска, Мозаика, Энкаустика жана башка макалаларын караңыз). Булардын эң жөнөкөй белгилери кээ бир учурда аларды бөлүп көрсөтө албайт, бирок дайыма живопись менен графиканы ажыратып көрсөтсө болот (мисалы, акварель же пастель менен аткарылган чыгарма сүрөтчүнүн алдына койгон максаты жана ага болгон мамилесине карата живопистин тигил же бул тармагына таандык боло алат). Живопись илгертен бери эле жашап келе жаткан, бирок анын ар тараптан өнүгүшү XVI–XVII кылымдарга таандык. Бул мезгилде көркөм өнөр жанрларга бөлүнүп, живописти майлуу боёктор менен тартуу техникасы кеңири тарай баштаган. Ошол мезгилдеги буржуазиялык көркөм искусстводо живопистин өнүгүшү начарлаган, себеби формализмдин үстөмдүгүнө байланыштуу бул көркөм искусствонун зор мүмкүнчүлүктөрү, мыкты традициялары, ал гана эмес эң жөнөкөй ыкмалары унутта калган.
Сорттор
Искусствонун салттуу тарыхында живопистин бир нече негизги түрлөрү бөлүнөт: станок живописи (б.а. живопись), монументалдык жана декоративдик живопись (фреска ж. б.), театралдык жана декоративдик живопись, цифралык сүрөттөр, миниатюра[8]. Кээде икон сүрөтү өзүнчө сорт катары каралат[9].
Мольберттик живописке сүрөтчүнүн мольбертинде (б.а. мольбертте) жаралган жана көргөзмөдө, музейде, башкача айтканда, курчап турган мейкиндикке карабастан, өз алдынча кабыл алуу үчүн арналган чыгармалар кирет. Демек, станоктук живопистин чыгармалары (ошондой эле графика) ушул шартты баса белгилеген кадрды талап кылат.
Жанрлар
Жанр түшүнүгү визуалдык искусстводо салыштырмалуу жакында эле калыптанган, бирок ансыз да аскага чегилген сүрөттөрдө жана Байыркы дүйнөнүн искусствосунда айрым жанрлардын алдыңкылары пайда болгон. Буга жаныбарлардын петроглифтери, биздин заманга чейинки 3-миң жылдыкка таандык байыркы Египет жана Месопотамия портреттери кирет. д., Антикалык мозаикадагы жана фрескадагы натюрморт жана пейзаждар. Мольберттик живопистеги жанр системасы Европада 15-кылымда калыптана баштап, анын калыптанышы негизинен 17-кылымда аяктаган. Ошол мезгилден 19-кылымга чейин жанрлар шарттуу түрдө жогорку (тарыхый, мифологиялык) жана төмөнкү (натюрморт, пейзаж, күнүмдүк живопись, портрет, анын салтанаттуу субжанрынан тышкары) болуп экиге бөлүнгөн.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Кыргыз сүрөт искусствосу: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. -Б.:, 2004