Мазмунга өтүү

Гуам

Википедия дан

Гуам аймагы
англ. Territory of Guam
чаморро Guåhan

Герб
Туу Герб
Урааны: ««Where America’s day begins»»
Гимн: ««Stand Ye Guamanians»»
Расмий тили англис тили, чаморро тили
Борбор шаары Хагатна
Ири шаарлар Дедедо
Башкаруу формасы АКШ инкорпорацияланбаган (курамына кирбеген) уюшулган аймагы
Президент
Губернатор
Жо Байден
Лу Леон Герреро
Мам. дини Динден тышкары мамлекет
Аянты
• Жалпы
192-орун - дүйнөдө
544 км²
Калкы
• Бааланган (2021)
Жыштыгы

168,801 адам (177-орун)
299 ад./км²
ИДӨ (САМ)
  • Бардыгы

5,8 млрд $
ИДӨ (номинал)
  • Бардыгы
  • Ар бир жанга

6,3 млрд $
37,387 $
АДӨИ  0,901  (жогору) ([[АДӨИ боюнча мамлекеттердин тизмеси|]])
Этнохороним гуамдык, гуамдыктар
Акча бирдиги АКШ доллары (USD)
Домени .gu
ISO коду GU
ЭОК коду GUM
Телефон коду +1 671
Убакыт аралыгы UTC +10:00

Гуам аймагы (англ. Territory of Guam, чаморро Guåhan) — Тынч океанынын батышындагы Мариана аралдарынын курамындагы арал, АКШнын инкорпорацияланбаган (курамына кирбеген) уюшулган аймагы макамына ээ.

Гуам Мариана аралдарынын калган бөлүгү менен бирге АКШга таандык эң батышкы аймак. Гуам саясий түзүм катары аралдарды Түндүк Мариана аралдарынын Шериктештиги менен бөлөт.

Гуамдын борбору — Хагатна шаары, ал эми калкы эң көп шаары — Дедедо шаары. Гуам 1983-жылдан бери Тынч океан коомчулугунун мүчөсү. Гуамдын жашоочулары гуамдыктар деп аталат жана аларга төрөлгөндөн кийин эле АКШ жарандыгы берилет. Гуамдын түпкү эли Индонезиянын чыгышындагы, Филиппиндеги жана Тайвандагы башка австронезиялыктар менен байланышкан чаморро элинин өкүлдөрү[1]. Чаморролор аралга 4000 жыл мурун келип отурукташкан.

2021-жылга карата Гуамда 168 801 адам жашаган. Гуамдын аянты 544 км²[2], калкынын жыштыгы бир чарчы километрде 299 адамды түзөт. Океаниядагы, Мариана аралдарынын ири аралы, түштүккүсү жана Микронезиядагы эң чоң арал. Эң бийик чекити деңиз деңгээлинен 406 м бийиктикте жайгашкан Ламлам тоосу. 1960-жылдардан бери аралдын бюджетинин негизги киреше булагы болуп туризм багыты жана АКШнын куралдуу күчтөрүнүн субсидиялары эсептелет.

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Байыркы тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Неолит доорундагы Инд жана Тынч океандарынын аралдарындагы австронезиялыктардын миграциясынын картасы

Гуамда 3,5 миң жыл мурун австронезия элдеринин бири чаморро эли отурукташа баштаган.

Байыркы чаморро коому төрт класстык топторго бөлүнгөн: чаморри (англ. chamorri, уруу башчылар), матуа (англ. matua, жогорку тап), ахаот (англ. achaot, орто тап) и маначан (англ. mana'chang, төмөнкү тап)[3]. Матуалар жээктеги айылдарда жашап, балык уулоочу мыкты жерлерге ээ кылышкан, ал эми маначандар аралдын борбордук бөлүгүндө жашашкан. Матуа менен маначандар бири-бири менен сейрек мамиле түзүшкөн. Матуала көбүнчө убактарда ахаоттор менен манчандардын ортосунда байланыш түзүүдө ортомчулык кылышкан.

Латте ташы

Чаморрилерде макахна (англ. makåhna) же какаха (англ. kakahna) деп аталган сыйкырдуу күчкө ээ шамандар жана ар кандай өсүмдүктөрдүн түрлөрүн жана табигый материалдарды колдонуп, дары жасаган сурухану (англ. suruhånu) же сурхана (англ. suruhåna) деген аталыштагы адамдар болгон[3]. «Таотао-моа» (англ. taotao mo'na) деп аталган байыркы чаморролордун рухтарына ишенүү салты европалыктар басып алганга чейинки маданиятынын калдыгы катары азыркы учурга чейин сакталып келет. Суруханулар гана «таотао-моанын» каарына калбай, өсүмдүктөрдү жана башка табигый материалдарды коопсуз чогулта алышат деп ишенишет. Чаморро коому тегин энесинин теги менен эсептейт[3].

Латте — Мариана аралдарында гана кездешүүчү таш мамылар, алар европалыктар бул аймакты басуп алганга чейинки чаморро маданиятынын эң жогорку жетишкендиги болгон. Латте самандан курулган турак жайларынын пайдубалы катары колдонулган. Бул таштар, халиги (англ. haligi) деп аталган акиташтан негизинен турат жана анын үстүндө кораллдардан же акиташтан турган халиги (англ. tåsa) деп аталган сепил ташы бар. Бул таштарды 1925-жылы Рота аралында табылган Рота-Латте таш кенинен казып алышкан деп божомолдонот[3].

Магелландын бул аралга келишинин урматтына коюлган эстелик

Испан доору[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Гуамда биринчи келген европалык португалиянын саякатсысы Фернан Магеллан болгон. Ал 1521-жылы 6-мартта бул аралга сүзүп келген. Европалыктардын кемесин жергиликтүү калктын жүздөгөн кичинекей каноэлери (кайыктар) курчап алган. Бул кичинекей кайыктарды, европалыктар «проа» деп, ал эми Гуам аралын «Латын парустарынын аралдары» (исп. Islas de las Velas Latinas) деп аташкан[3]. Магелландын жардамчысы Антонио Пигафетта жергиликтүү тургундар «кемелерге чыгып, колуна тийгендердин баарын уурдап кетишти» деп жазган. Ушундан улам, аралдарды ачкан европалыктар «Каракчылардын аралдары» (исп. Las Islas de los Ladrones) деген каймана ат менен аташкан[4].

Гуам 1565-жылы Испаниянын колониясы деп жарыяланган. 1600-жылдан тартып аралды Мексикадан Филиппинге бараткан испан галлеондору эс алуучу жана провианттарды толуктоо үчүн колдонушкан. Натыйжада, чаморролордун испандар менен, ошондой эле испан галлеондорунун командаларына кирген мексикалыктар менен филиппиндиктер менен аралашуусу башталган.

1668-жылы аралга католик диний үгүттөөчүлөрү келип, испан колонизациясы жергиликтүү чаморро калкын христиандаштыруу менен коштолгон. 1670-1695-жылдар аралыгында испан аскерлери тарабынан басылган чаморро колкынын козголоңдору болгон. Козголоңдордо, чаморролордун, айрыкча эркектердин саны кескин кыскарып кеткен. Бул чаморронун испандар, филиппиндер жана мексикалыктар менен кан аралашуусуна алып келген жана аралаш никеден балдар төрөлөө баштаган. Бирок, чаморро эли тилин жана кээ бир үрп-адаттарын сактап кала алышты.

Америка доору[түзөтүү | булагын түзөтүү]

АКШ аралды 1898-жылы испан-америкалык согуш учурунда басып алып, ошол эле жылы кол коюлган Париж тынчтык келишими боюнча аралдарды өз курамына алган. Гуам Филиппинден чыккан же Филиппинге бара жаткан америкалык кемелер үчүн өткөөл база катары кызмат кылган.

Агана же Хагатнаны борбордук көчөсү. 1899-1900 жж.

Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда Гуам 1941-жылы 8-декабрда, Перл-Харборго кол салгандан үч саат өткөндөн кийин Жапониянын бомбалоосуна дуушар болгон. Арал 10-декабрда жапон аскерлерине багынып берген.

Жапониянын гуамды оккупациялоосу эки жарым жылга созулган. Согуш учурунда аралда болжол менен 19 000 жапон аскерлери жана матростору жайгашкан.

1944-жылы 21-июлда америкалыктар Гуамды бошотуу максаты менен келишкен. Аралды бошотуу үчүн согуш 20 күнгө созулуп, аралдагы жапондордун дээрлик бардык аскерлери курман болушкан. 1945-жылы сентябрда Жапониянын багынып бергенин тааныбаган Сёити Ёкои, Гуам аралында 1972-жылга чейин «өз согушун» уланткан[5].

Физикалык жана географиялык мүнөздөмөсү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Географиялык абалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Гуам аралы түндүктөн түштүккө 50 км созулуп, эң кууш ортоңку бөлүгүнүн туурасы 12 км. Аралдын түндүк чекити — Ритидиан тумшугу.

Гуамдын аянты 544 км² болуп, АКШдагы аянты боюнча 32-орундагы арал. Жээк тилкесинин узундугу 125,5 км[2].

Гуам — Мариана аралдарынын эң чоңу, түштүккүсү жана Микронезиядагы эң чоң арал. Мариана кобулун бойлой, дүйнөлүк океандын эң терең жери деп эсептелген Челленжер ириминен 340 км түндүк-чыгышта жайгашкан[6].

Арал жанар тоолордун атылышынан келип чыккан жана коралл рифтери менен курчалган. Гуамдын түндүк бөлүгүнүн рельефи түштүктөн кескин айырмаланат. Түндүк бөлүгү кораллдардан турган акиташтуу бөксө тоолуу. Бөксө тоолор Гуамдагы ичүүчү суунун негизги булагы болуп саналат. Түндүк-батышта жана түндүктө бөксө тоолор океан жээгине чейин созулук жатат жана океан менен жолуккан жери тик жарлуу. Аралдын түштүк бөлүгү жанар тоолордун атылышынан келип чыккан жана адырлуу рельефке ээ. Адырлар лавалардан, ошондой эле кварциттерден жана чопо сланецтерден турат. Граниттерден жана кумдуктардан турган аймактары да бар. Аралдын эң бийик чекити Ламлам тоосу (406 м)[2].

Ири дарыялар жок, аралдын ири дарыя бассейндери болуп Талофофо, Илиг, Паго, Хагатна жана Апра саналат[7].

Атахан жанар тоосунан чыккан түтүндүн космостон тартылган сүрөтү

Гуам курамына кирген Мариана аралдарынын чынжырчасы Тынч океан менен Филиппин деңизинин тектоникалык плиталарынын кагылышуусунан келип чыккан. Гуам — Мариана аралдарынын чыгыш тарабында жайгашкан терең субдукция аймагы болгон Мариана кобулуна эң жакынкы кургактык. Субдукция аймагына жакын жайгашкандыктан, Гуамда кээде жер титирөөлөр болуп турат. Мурда Гуамдын жанындагы болгон жер титирөөлөрдүн эпицентриндеги күчү 5,0 ден 8,7 түзгөн. Түндүк Мариана аралдарындагы Анатахан аралынан айырмаланып, Гуам вулкандык жактан активдүү эмес, бирок Анатахандын вогу (жанар тоодон чыккан түтүн) ага чейин жетет.

Климат[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ритидиан-Пойнттогу коргоого алынган жээк

Көппендин классификациясы боюнча, Гуамдагы климат нымдуу тропикалык. Бирок март айы эң кургак ай жана түндүк-чыгыштан келген мезгилдүү шамал менен жумшартылган тропикалык муссон климатынын классификациясына кирет.

Гуамдагы абанын орточо суткалык температурасы жыл бою бирдей жана болжол менен 26-27°С. Кургакчыл мезгил январдан майга чейин, ал эми жаанчыл мезгил июлдан ноябрга чейин созулуп, түштүк-батыш соккон муссондо менен коштолот. 1981-2010-жылдар аралыгында жылдык орточо жаан-чачынды болжол менен 2490 мм болгон[8].

Тархындагы эң нымдуу айы деп эсептелген 1997-жылдын августунда 977,6 мм жаан-чачын жана ал эми эң кургак айы деп эсептелеген 2015-жылдын февралында 3,8 мм жаан-чачын жааган. 1976-жылы 3345,2 мм жаан-чачын жаап эң нымдуу жылы, 1998-жылы 1470,2 мм жаап эң кургакчыл жылы деп эсептелет. Рекорддук эң жаанчыл күн 1953-жылдын 15-октябрында катталып, 393,2 мм жаан жааган[8].

Орточо жогорку температура 30 °C, ал эми орточо төмөнкү температура 24,4 °C. Жалпысынан алганда абанын температурасы 32,2 °C ашпайт жана 21,1 °C төмөн түшпөйт. Салыштырмалуу нымдуулук адатта жыл бою түнкүсүн 84% ашат, бирок орточо айлык нымдуулук 66% тегерегинде. Эң жогорку температура Гуамда эки жолу катталган: 1971-жылдын 18-апрелинде жана 1990-жылдын 1-апрелинде — 35,6 °C; эң төмөнкү температура 1973-жылдын 3-февралында катталган жана 18,3 °C түзгөн[8].

Гуамдын аба ырайы
Көрсөткүч Жал Чын Буг Кул Тек Баш Аяк Тог Жет Беш Үчт Бир Жыл
Абсолюттук максимум, °C 34 34 34 36 34 35 35 34 34 34 33 33 36
Орточо максимум, °C 29,4 29,4 29,9 30,7 31,1 31,1 30,6 30,3 30,4 30,4 30,3 29,8 30,3
Орточо температура, °C 26,8 26,6 27,1 27,7 28,1 28,1 27,7 27,4 27,4 27,6 27,7 27,3 27,4
Орточо минимум, °C 24,2 23,9 24,2 24,7 25,1 25,2 24,8 24,6 24,6 24,7 25,1 24,9 24,7
Абсолюттук минимум, °C 19 18 19 20 21 21 21 21 21 19 20 20 18
Жаан-чачын нормасы, мм 126 115 70 91 109 180 308 436 360 300 233 152 2 480
Булак: Water Temperature - Guam, United States, National Weather Service Climate, Climatological Normals of Guam

Гуам тайфундардын жолунда жатат жана аралдагы муссондор мезгилинде тропикалык бороон жана тайфундардын болушу коркунучу менен мүнөздөлөт. Тайфундун эң жогорку күчкө жеткен убагы августтан ноябрга чейин созулат. Акыркы мезгилдерде Гуамдын үстүнөн өткөн эң жогорку күчкө жеткен тайфун Понгсон тайфуну болду, шамалдын ылдамдыгы 232 км/сааттан 278 км/саатка чейин жеткен. 2022-жылдын 8-декабрында бул тайфун аралга массалык кыйроолорду алып келген[9].

1976-жылы Памела тайфунунан кийин көптөгөн жыгач курулуштар бетон менен алмаштырылган. 1980-жылдары жыгач мамылар тайфунга туруктуу бетондон жана болоттон жасалган мамыларга алмыштырылган. Жергиликтүү бийлик катуу курулуш нормаларын киргизгенден кийин, көптөгөн үй жана ишкана ээлери темир бетондон имараттарды куруп жана күйүп кетүүгө каршы жапкычтарды чатырларына орното башташкан[10].

Топурак[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Аралдын топурагы түшүмдүү ферраллиттүү. Гуамдын түндүк бөлүгү саванна өсүмдүктөрү менен капталган. Тропиктик токойлор аралдын түштүк бөлүгүндөгү дарыя өрөөндөрүндө жана адырларда гана кездешет. Жээкти бойлой — кокос дарактарынын өсөт.

Фауна[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Гуамдын жаныбарлар дүйнөсү көп түрдү эмес. Кемирүүчүлөр (келемиштер, чычкандар), жарганаттар жана токойлорунда испаниялыктар Филиппинден алып келген бугулар кездешет. Жапайы камандар аралдын түндүк жана түштүк бөлүктөрүндө байырлашат. 1940-жылдардын ортосуна чейин аралда канаттуулардын көптөгөн түрлөрү болгон, алардын көбү экинчи дүйнөлүк согуштун аягында кокустан алынып келинген күрөң бойга жыланы тарабынан жок кылынган. Жыландын уусу адамдар үчүн дээрлик эч кандай зыяны жок болсо да, ал жергиликтүү фауна үчүн чыныгы бүлдүрүүнү алып келди. Жыландар канаттуулардын кээ бир түрлөрүнүн жок болушуна гана эмес, жогорку чыңалуудагы зымдардын чукул туташуусунун да себеби болуда[11].

Гуамда жыландардын саны бир чарчы километрде 2000ге жеткен, бул дүйнөдөгү эң жогорку көрсөткүчтөрдүн бири. Reuters маалыт агентигинин маалыматы боюнча 2013-жылы жыландардын жайылышын алдын алуу үчүн аралдын аймагына ууланган чычкандарды таштоо чечими кабыл алынган[12].

Саясий түзүлүшү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Лоу Леон Гуэрреро — учурдагы Гуамдын губернатору

Гума — АКШ инкорпорацияланбаган (курамына кирбеген) уюшулган аймагы макамына ээ. Гуам аралы, АКШ Конгресси тарабынан 1950-жылы кабыл алынган Органикалык Мыйзамынын негизинде башкарылат. Бул мыйзам аралга жергиликтүү өз алдынча башкаруу укугун берген жана анын тургундарын АКШнын жарандары деп жарыялаган.

Аткаруу бийлигин жергиликтүү Гуам калкы 4 жылдык мөөнөткө шайлаган губернатор жүзөгө ашырат жана губернатор өкмөттүн курамын дайындайт[13].

Гуамдын АКШнын өкүлдөр палатасында бир делегаты бар, бирок ал добуш берүү укугуна ээ эмес.

Мыйзам чыгаруу органы, калк тарабынан 2 жылдык мөөнөткө шайланган жана 15 сенатордон турган — Легислатура.

Гуамда АКШдан толук көз карандысыздык алууну максаттаган атайын саясий кыймыл бар, бирок Гуамдын көпчүлүк тургундары кеңири автономияга ээ болуу менен учурдагы макамын сактап калууну тандаган.

Гуам — АКШнын Тынч океанындагы эң ири стратегиялык аскерий базасы. АКШнын аскер кызматкерлери негизинен Андерсен аскердик авиабазасы жана Апра-Харбор аскер-деңиз флотунун базасы жайгашкан[14].

Административдик-аймактык түзүлүшү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Гуамдын муниципиалдык айылдары (2006)
Хагатна шаарынын Санта-Агуэда чебинен көрүнүшү

Гуам 19 муниципалдык айылдарга бөлүнөт:


Муниципалитет Аймагы

[15]

Аянты,

км²

Калкы,

адам. (2010)

Калктын жыштыгы,

адам./км²

1 Аганья-Хейтс Борбордук 2,68 3808 1420,90
2 Агат Түштүк 27,19 4917 180,84
3 Асан Борбордук 14,35 2137 148,92
4 Барригада Борбордук 21,96 8875 404,14
5 Чалан-Паго-Ордот Борбордук 14,73 6822 463,14
6 Дедедо Түндүк 79,16 44 943 567,75
7 Хагатна Борбордук 2,33 1051 451,07
8 Инаражан Түштүк 48,82 2273 46,56
9 Манжилао Борбордук 26,45 15 191 574,33
10 Меризо Түштүк 16,39 1850 112,87
11 Монгомонг-Тото-Майте Борбордук 4,79 6825 1424,84
12 Пити Борбордук 19,26 1454 75,49
13 Санта-Рита Түштүк 41,89 6084 145,24
14 Синаяна Борбордук 2,20 2592 1178,18
15 Талофофо Түштүк 45,81 3050 66,58
16 Тамунинг Түндүк 14,66 19 685 1342,77
17 Уматак Түштүк 16,63 782 47,02
18 Йиго Түндүк 91,71 20 539 223,96
19 Дзонья Түштүк 52,53 6480 123,36
Жалпы 543,52 159 358 293,20

Калкы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

2020-жылга карата жыныстык жана курактык түзүм

Калкынын саны — 168,801 адам (2021-жылга карата малыматтар боюнча), калкынын 93% шаарлардын жашоочулары.

  • Калкытын жылдык өсүшү — 1,3%;
  • Төрөлүү коэффициенти — 1000 адамга 18,1;
  • Каза болгондор — 1000 адамга 4,6;
  • Орточо жашоо узактыгы:
    • эркектер — 75 жаш;
    • аялдар — 81 жаш.

Этникалык курамы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

2010-жылы өткөн эл каттоо боюнча, калктын улуттук курамы төмөнкүдөй[16]:

  • чаморро — 37,3% (59 381 адам)
  • чуук — 7,0% (11 230 адам)
  • Океаниянын башка улуттары — 5,0% (7971 адам)
  • филиппиндиктер — 26,3% (41 944 адам)
  • Азиянын башка улуттары — 5,9% (9437 адам)
  • ар башка улуттар ортосунда никеден туулгандар — 9,4% (14 929 адам)
  • актар — 7,1% (11 321 адам)
  • каралар — 1,0% (1540 адам)
  • башка улуттар — 1,0% (1605 адам)

Диний курамы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Гуамдын негизги дини христиан дини. Калктын төрттөн үч бөлүгү католиктер, аз сандагы протестанттар да бар. Pew Research Center изилдөө борборунун маалыматы боюнча, 2010-жылы Гуамдын диний курамы төмөнкүдөй болгон[17]:

Тилдери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Гуамдын калкынын 99% сабаттуу. Колдонулган тилдери[16]:

  • англис тили — 43,6% (63 238 адам)
  • чаморро тили — 17,8% (25 827 адам)
  • филиппин тили — 21,2% (30 720 адам)
  • Океаниянын башка тилдери — 10,0% (14 441 адам)
  • Азиянын башка тилдери — 6,3% (9192 адам)
  • башка тилдер — 1,1% (1651 адам)

Экономикасы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тумондун туристтик борборундагы суу жээктер

Гуамдын экономикасынын булактры болуп, биринчи кезекте туризм (айрыкча Япония, Түштүк Корея жана Тайвандан келгендер) жана аралдын аянтынын олуттуу бөлүгүн ээлеген америкалык Андерсен аскердик авиа базасы эсептелет.

Туризм[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тынч океанынын батышында жайгашкан Гуам Япония менен Түштүк Кореянын туристтеринин сүйүктүү жери болуп саналат. Анын туристтик борбору Тумондо 20дан ашуун чоң мейманканалар, салыктан бошотулган аймактар, Плезер Айленд району, жабык аквариум, Лас–Вегас стилинде курулган эс алуучу, соода жана көңүл ачуу жайлар бар[18].

Туристтердин 75% Жапониядан келгендер. Гуамга Түштүк Корея, АКШ, Филиппин жана Тайвандан да көп сандагы туристтер келет[18]. Кирешелердин маанилүү булактарынын катарына салыксыз дизайнерлердин соода түйүндөрү жана америкалык стилдеги Микронезия соода борбору, Гуам Премьер соода түйүндөрү, Агана соода борбору жана Кмарт соода борборлору кирет[19].

Антонио Вон Пат эл аралык аэропортундагы терминал

Гуамдын түндүк бөлүгү — аралдагы эң сейрек калк жана туристтер эң аз келген аймак. Бул аймактын көпчүлүк бөлүгүн АКШнын аскер базалары ээлейт. Базалар тосулган, периметри боюнча аскердик транспорттор менен кароол уюштурулган. Ритидиан-Бич «жапайы» куум жеги жайгашкан.

Борбордук бөлүгү — туристтер жана калк эң жыш жайгашкан жана эң популярдуу аймак. Бул жерде Гуамдын борбору, ошондой эле аралдын негизги туристтик борбору болгон Тумон шаары жайгашкан.

Түштүк бөлүгү — аралдагы эң начар өнүккөн аймак. Бул аймакта жергиликтүү чаморро элинин маданияты жана эң жакшы сакталып калган.

Табигый кооз жерлери: Кокос аралы жана Талофофо булуңунун кумдуу жээктери.

Бюджет жана жумушсуздук[түзөтүү | булагын түзөтүү]

2003-жылы Гуамдагы жумушсуздуктун деңгээли 14% түзгөн, ал эми өкмөт 314 миллион АКШ долларлык бюджеттик тартыштыкка дуушар болгон[20]. 2019-жылга карата жумушсуздуктун деңгээли 6,1% чейин төмөндөгөн. 2020-жылдын сентябрына карата жумушсуздуктун деңгээли кайрадан 17,9% чейин жогорулаган[21]. 2023-жылдын июнь айына карата жумушсуздуктун деңгээли 4,0% чейин төмөндөгөн. 2023-жылдын сентябрь айында Гуамдагы жумушсуздуктун деңгээли 4,1% түзгөн, бул 2023-жылдын июнь айындагы көрсөткүчтөргө караганда 0,1% жогорулаган[22].

Миграция[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Америка Кошмо Штаттары, Микронезия Федеративдик Штаттары, Маршалл аралдарынын жана Палау Республикасынын ортосундагы эркин ассоциация боюнча келишимдер, аралдарда жайгашкан өлкөлөрдүн жарандарына АКШнын аймактарында жашоого уруксат берет. Тынч океандын башка аралдарынын мигранттары бул аймактын маданиятын жана тилин жакшы билгендиктер Гуамга келишет.

Аскердик базалар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мариана аралдарынын биргелешкен аймагы болжол менен 16 000 гектар же аралдын жалпы аянтынын 29% камтыйт жана АКШ юрисдикциясын сактайт. Буларга төмөнкү аскер объектери кирет:

  • АКШнын аскер-деңиз базасы (Санта-Рита)
  • АКШнын аба күчтөрүнүн Андерсен базасы
  • АКШнын деңиз аскерлеринин базасы
  • Орданс Аннекси, АКШнын аскер-деңиз флотунун базасы
  • АКШнын аскер-деңиз флотунун компьютердик жана телекоммуникациялык станциясы
  • АКШнын аскер-деңиз флотунун радиостанцисы
  • Мариана аралдарынын биргелешкен аймагынын штаб-квартирасы
  • АКШнын аскер-деңиз флотунун Гуамдагы ооруканасы
  • Аскердик турак жай комплекси
  • Гуамдагы деңиз аскерлеринин казармасы (1992-жылы жабылган)
  • Гуамдын улуттук гвардиясынын Хуан Мунья форту

Транспорт жана байланыш коммуникациясы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Антонио Вон Пат эл аралык аэропорту
Гуамдын портундагы курулуш иштери

Гуамда эл аралык Антонио Б. Вон Пата атындагы аэропорт жайгашкан.

Арал дүйнө байшка аймактары менен 12 була-оптикалык кабели менен байланышкан[23].

Жергиликтүү транспорт негизинен аралдын ар кайсы аймактарына каттаган маршруттук автобустар. Бир тараптуу жол кире акысы 4 долларды түзөт. Мейманканалар менен аэропорттун ортосунда акысыз транспорт каттамдары бар. Аралдын борборундагы бардык ири аялдамаларда автобустардын маршруту жана расписаниесин камтыган, бир нече тилдерге которулган маалымат такталары орнотулган.

Арал ичинде бир жерден экинчи жерге барууга автоунааларын колдонуу абдан ыңгайлуу. Аралда ар кандай маркадагы (негизинен жапон жана корей) жеңил унааларды ижарага берүүчү көптөгөн агенттиктер бар.

Көчө кыймылы оң тараптуу жана жол эрежелерин бузуу чанда гана болуп турат. Жол эрежелерин сактоо, ошондой эле айдоочулардын бири-бирине сылык мамиле жасоосу салтка айланып калган көрүнүш.

Гуамдагы автоунаа жолдорунун абалы өтө жакшы, баардык тилкелеринде асфальт басылган. Аралдын бир башынан экинчи башына автоунаа менен 3 саатта жетсе болот.

Социалдык тармагы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1933-жылы курулган Уматактын ачык асман алдындагы китепканасы. Бул Гуамдын түштүгүндөгү биринчи китепкана болгон

Саламаттыкты сактоо[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Гуамдын Өкмөтү аралдын негизги саламаттыкты сактоо мекемелери болгон Тамунинг шаарында Гуам мемориалдык ооруканасын толугу менен каржылайт. Бардык адистер атайын лицензиялардын негизинеде иш алып барышат. Саламаттыкты сактоо сферасында, АКШнын аскер базалында иштеген адистердин салымы чоң[24].

Билим берүү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Хагатнадагы коомдук Нивес М.Флорес атындагы мемориалдык китепканасын жана анын беш филиалы иш алып барат[25].

Гуамдын билим берүү департаменти Гуам аралындагы били менен байланышкан маселелердин чечет. 2000-жылы 32 000 окуучу мамлекеттик мектептерде билим алышкан[26]. Гуамдын мамлекеттик мектептеринде окууну аягына чейин бүтүрбөй таштап кеткендердин саны көп, сынактардын жыйынтыгынын көрсөткүчтөрү төмөн[27].

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Гуам коомунун тарыхы
  2. 2.0 2.1 2.2 CIA. The World Factbook. Гуам.
  3. 3.0 3.1 3.2 3.3 3.4 Carano P., Sanchez P. C. A Complete History of Guam. — Tokyo: Charles E. Tuttle Company, 1964. — 452 p.
  4. Nowell C. E. Magellan's Voyage Around the World: Three Contemporary Accounts. — Evanston: Northwestern University Press, 1962. — ISBN 0810101807
  5. Сёити Ёкои.
  6. Britannica. Мариана кобулу.
  7. Гуамдын санарип картасы.
  8. 8.0 8.1 8.2 Гуам аралынын климаты боюнча маалыматтар.
  9. Federal Emergency Management Agency. Понгсон тайфуну.
  10. RMS Catastrophe Models - Guam.
  11. Аралды багындырган жылан.
  12. Жыландардын жайылышын алдын алуу үчүн Гуам аралына 2000ден ашык ууланган чычкан ыргытылат.
  13. 48 U.S. Code § 1422 - Governor and Lieutenant Governor; term of office; qualifications; powers and duties; annual report to Congress
  14. Justice on Guam: Post-World War II
  15. アーカイブされたコピー. Текшерилген күнү 31 -декабрь (бештин айы) 2007. Түп булактан архивделген күнү 31 -октябрь (тогуздун айы) 2007.
  16. 16.0 16.1 Калкты каттоо (2010).
  17. Pew-Templeton Global Religious Futures Project. Демография: дин.
  18. 18.0 18.1 Guam Visitors Bureau Tourist Statistics.
  19. KMART IS AN EASY SELL ON GUAM.
  20. Гуамдын 2004-жылга карата статистикасы.
  21. Bureau of Labor Statistics. Жумушсуздуктын көрсөткүчтөрү.
  22. Bureau of Labor Statistics. Гуамдагы жумушсуздук.
  23. Була-оптикалык кабелдердин картасы.
  24. U.S Naval Hospital Guam.
  25. Гуамдагы коомдук китепканалардын системасы.
  26. Мэрроу отчету.
  27. Мамлекеттерди салыштыруу маалыматтары.

Тышкы шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]