Батыш Африка
Батыш Африка (башкача аталышы: Африканын Батышы) - Африка континентинин батыш ыптасындагы чөлкөм. Бул аймакка 18 өлкө кирет: Бенин, Буркина Фасо, Кэйп Верде аралы, Гамбия, Гана, Гвинея, Гвинея-Бисау, Кот д-Ивуар, Либрия, Мали, Мавритания, Нигер, Нигерия, Ыйыу Елена аралы, Сенегал, Сиерра Леоне, Сан Томе жана Принпиал жана Того.
Кыскача тарыхы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Батыш Африкага байыркы адамзат өкүлдөрү Африканын түндүгүнөн болжол менен б.з.ч. 12-миң жылдыкта келип байырлай баштаган. Дыйканчылык б.з.ч. 5-миң жылдыкта өнүгө баштаган.
Б.з.ч. 1500-жылдын тегерегинде темир кылымынын таасири байкалган.
Төөнүн колго үйүр алдырылышы менен аймак Сахара чөлү аркылуу Түндүк-Чыгыш Африкадагы цивилизациялык очоктор менен алака түзөт.
Аймакка карфагендиктер жана берберлер келе баштайт.
Б.з.ч. 1000-жылдан тартып Нок археологиялык маданияты өнүгөт.
Болжол менен б.з.ч. 3-кылымдан тартып Гана дөөлөтү, андан соң Гана дөөлөтү - Батыш Африкада негизделген алгачкы ири мамлекеттер болгон.
1052-жылы Мали падышалыгын мусулман ал-Моравийлердин аскерлери каратып алышкан.
1240-жылы Мали падышалыгы көз каранды эместикке кайрадан жетишкен. Жаңы дөөлөттү Сундиата Кеита негиздеген.
Анын небере жээни - падыша Манса Муса бийлеп турган чакта, мамлекет өзгөчө өнүккөн. Падышалыкты мосси, туарег, сонгхаи уруулары кийинчерээк басып алышкан.
15-кылымда аймакта Сонгхаи мамлекети негизделген.
Аймкта башка да шаар-мамлекеттер жана башка мамлекеттер улам пайда болуп турган.
Кулчулук доору
[түзөтүү | булагын түзөтүү]1445-жылдан тартып португалдык деңизчилер Батыш Африканын жээк бойлоруна келе башташкан. Алардын артынан англис жана француз деңизчилери келишкен.
Көп узабай, аймактагы кишилерди туткунга алып, кулчулукка сатуу иш-аракети ри өлчөмдө өнүгүп, аймактын цивилизациялык очокторун бүлгүнгө учураткан.
Асанте, Бамбара дөөлөттөрү да европалыктарга кул сатуу менен шугулданышкан.
Оторчулук доор
[түзөтүү | булагын түзөтүү]19-кылымда өз ара атаандашкан Франция менен Улуу Бртания мамлекеттери Батыш Африканын өлкөлөрүн биринин артынан экинчисин каратып ала башташкан. Бул оторчулук жүрүм 1902-жылы дээрлик соңуна чыккан. Либерия гана көз каранды эместикти сактап калган.
Көз карандысыздык доору
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Экинчи дүйнөлүк согуш аяктаган соң, Батыш Африкада улуттук боштондук кыймылдары күч алган.
Сахаранын четиндеги өлкө - Гана мамлекети 1957-жылы алгачкы болуп оторчулуктан көз каранды эместикке жетишкен.
1958-жылы Гвинея Франциядан көз каранды эмес болуп калган.
Көз каранды эмсикке жетишкен бир катар мамлекеттерде улам-улам аскердик режим орноп, улам төңкөрүш уюштурулуп келди. Мамлекеттер аралык жаңжалдар да чыгып турду.
Спорт жана элдик оюндар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Оваре аталган такта оюну Батыш Африкада кеңири таркалган.
2012-жылы уюштурулган ЭКЛВАС оюндары (ECOWAS Games) калк сүймөнчүлүгү болду.
Футбол оюнунун күйөрмандары да көп. Гана, Нигерия футбол курамалары өзгөчө даңазаланып келет.
Адабият
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Paul R. Masson, Catherine Anne Pattillo, "Monetary union in West Africa (ECOWAS): is it desirable and how could it be achieved?" (Introduction). International Monetary Fund, 2001. ISBN 1-58906-014-8.
- James McCann. Stirring the Pot: A History of African Cuisine, p. 132. Ohio University Press, 2009. ISBN 0-89680-272-8
Интернеттеги шилтемелер
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- West Africa by Region and Country – African Studies at Columbia University
- ouestaf.com – Ouestaf, a West African online newspaper
- Loccidental Archived 2006-03-07 at the Wayback Machine – An online West African newspaper
- West Africa Review – An e-journal on West Africa research and scholarship
- The Voyage of the Sieur Le Maire, to the Canary Islands, Cape-Verde, Senegal, and Gambia is the first published writing about Western Africa, dating from 1695
- http://www.wipsen-africa.org/wipsen/about/
Дүйнө макроаймактары | |
---|---|
Европа | Батыш • Чыгыш • Түштүк-Чыгыш • Түштүк • Түштүк-Батыш • Батыш • Түндүк-Батыш • Борбордук |
Азия | Түндүк (Сибирь) • Түштүк-Батыш • Жакынкы Чыгыш • Ортоңку Чыгыш • Түштүк Кавказ (жарым-жартылай) • Борбордук • Орто Азия • Чыгыш • Ыраакы Чыгыш • Түштүк • Түштүк-Чыгыш |
Африка | Түндүк • Батыш • Борбордук • Чыгыш • Түштүк |
Америка | Түндүк • Вест-Индия • Латын • Борбордук • Түштүк |
Океания | Австралия жана Океания • Меланезия • Микронезия • Полинезия |
Полярдык аймактар | Арктика • Антарктика |
Океандар | Атлантика океаны • Инди • Түндүк Муз • Тынч • Түштүк |