Алмазбек Шаршенович Атамбаев — Кыргыз Республикасынын саясий жана мамлекеттик ишмери (17-сентябрь 1956-жылы). 1999-жылдын теке айынын 30дан 2011-жылдын Аяк Оонанын 30на чейин Кыргызстандын социал-демократтиялык партиясын жетектеп келген. 2007-жылдын Жалган курандын 29нан 2007-жылдын Жетинин айынын 28не чейин жана 2010-жылдын Бештин айынын 17нен 2010-жылдын Бештин айынын 1не чейин Кыргыз Республикасынын премьер-министрилигин аркалаган. 2011-жылдын 1-декабрынан 2017-жылдын 25-ноябрына чейин Кыргыз Республикасынын президенти.
Өмүр баяны
Алмазбек Атамбаев Аламүдүн районуна караштуу Арашан айылында 1956-жылы 17-сентябрда туулган.
1980-жылы Москва шаарындагы Башкаруу институтун (азыркы Орусия Башкаруу академиясы) бүтүргөн. Кесиби боюнча инженер-экономист, өндүрүштү башкарууну уюштуруучу.
Эмгек жолун 1980-жылы Кыргыз ССРинин байланыш министрлигинде инженер болуп иштөө менен баштаган.
1981–1983-жж. ДУ-4түн башкы инженери,
1987-жылга чейин Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешинин Президиумунда жооптуу кызматтарда эмгектенген.
1987–1989-жж. Фрунзе шаарындагы эл депутаттарынын Биринчи май райондук кеңешинин аткаруу комитетинин төрагасынын орунбасары болгон.
1989-жылдан баштап «Форум» илимий-өндүрүштүк фирмасын уюштуруп, жетектей баштаган.
1977–1999-жж. «Кыргызавтомаш» АКсынын башкы директору болуп эмгектенген.
1999-жылдан Бишкек шаарындагы бир нече ири заводдордун, алардын базасында уюшулган биргелешкен ишканалардын башын кошкон «Форум» (2004-жылдан баштап «Кыргызавтомаш» корпорациясы) өндүрүштүк тобунун директорлор кеңешинин төрагалыгына шайланган. Бир эле учурда «Кыргызавтомаш» АКсынын, «КТИ Агромаш» АКсынын директорлор кеңешин жетектеген.
1995–2000-жж. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл өкүлдөр жыйынынын депутаты болуп шайланган.
2000-жылы Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо Президенттикке талапкер катары катышкан.
2005-жылдын сентябрынан 2006-жылдын апрелине чейин Кыргыз Республикасынын өнөр жай, соода жана туризм министри болгон.
2007-жылдын мартынан 2007-жылдын декабрына чейин Кыргыз Республикасынын Премьер-министри болуп эмгектенген.
2010-жылдын декабрынан 2011-жылдын декабрына чейин Кыргыз Республикасынын Премьер-министри болуп эмгектенген.
2011-жылдын биринчи декабрынан Кыргыз Республикасынын Президенти.
2014-жылы «зонтиктер революциясы» болуп өткөн. Борбордук өкмөттүн Гонконгдогу шайлоо системинин өзгөртүүсүнө нааразы болгон жергиликтүү эл бийликке каршы чыгышкан.
1983-жылдан СССР жана Кыргызстан жазуучулар союзунун мүчөсү, 1991-жылы Кыргыз жазуучулар союзунун башкармасынын катчысы болуп шайланган. Коомдук башталышта ушул кезге чейин Кыргызстан жазуучуларынын Адабий фондусунун төрагасы болуп саналат.
Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын төрагасы.
Республикабыздын өнөржай өндүрүшүн өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн 1999-жылы «Даңк» медалы, 2007-жылы «Данакер» ордени менен сыйланган. 2011-жылы 30-октябрда болгон Кыргыз Республикасынын президенттик шайлоосунда, президенттикке койгон талапкерлердин арасынан эн биринчи орунду алды.
Аудиографиясы
"Нелепые слова"
"Судьбе назло"
"Я не могу без тебя жить"
"Мне не страшно умирать"
"Кыргызстаным"
"Энекем"
Китептери
Балалыктын сыйкырдуу бакчалары
Котормолору
Отунчиев Э. Алтын казык. – М.: Сов. писатель, 1982.
Джакыпбеков А. Айдагы жезкемпир Повесть. – Ф.: Мектеп, 1985. – 80 б.
Акматов К. Аңкоо каз: Басни – Ф.: Мектеп, 1987. – 16 б.
Cыдыкбеков Т. Чаар тоок – Ф.: Мектеп, 1987. – 28 б.
Сүйлөгөн сөздөрү
Улуу Түрк Каганатын кура албасак да, биз күчтүү боордош түрк мамлекеттеринин биримдигин түзүшүбүз керек (Түркиянын Парламентинде).