Мазмунга өтүү

Кафедра

Википедия дан
03:48, 12 август 2015 карата ChoRusBot (талкуу | салымы) (Бот: автоматизированный импорт статей) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)

Кафедра (грекче kathеdra – отургуч) – 1) Байыркы Грецияда жана Римде философтор жана чечендер чыгып сүйлөөчү бийик орун; 2) христиан чиркөөсүндө үгүт-насыят айтуу үчүн секиче; 3) Таатибадат кылуу учурунда епископ отуруучу орундук; 4) лекция, доклад жана башка окулуучу бийик орун; 5) жогорку окуу жайларда бир же бир нече илим боюнча окутуу, методикалык жана илимий-изилдөө иштери, илимий-педагогикалык кадрларды даярдоо жана башка маселелер жагынан баш кошкон профессорлор жана окутуучулар бирикмеси. Кафедраны негизинен профессор, илимдеринин доктору башкарат. Кыргызстандын жогорку окуу жайларында түрдүү кафедралар иштейт.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]