Айыл аймагы
Айыл аймагы (2013-жылгы чейин Айыл округу) — 3-деңгээлдеги Кыргызстандын административдик-аймактык бөлүнүшүнүн негизги бирдиги, бир же бир нече айылдык калктуу конуштардан жана ага чектеш аймактардан түзүлөт[1] . Аймактын аткаруу бийлигинин жетекчиси айыл өкмөтү, мыйзам чыгаруучу кызмат өкүлдөрү айылдык кеңеш деп аталат, сот бийлиги жергиликтүү аксакалдар соту менен чектелет.
Статистикасы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]2018-жылга карата республиканын аймагында 453 аймак бар[2]. Алардын көпчүлүгү Чүй облусунда — 105, эң аз айылдык аймак Баткен облусунда — 31 гана айыл аймагы бар. Эң көп аймактары бар райондор — Сокулук жана Өзгөн, ар биринде 19дан аймак, эң азы — Чаткал району, ага 4 гана аймак кирет.
Калкынын саны боюнча республиканын эң ири айыл аймагы — Ош облусунун Кара-Суу районундагы Шарк аймагы. 2017-жылы катталган калктын саны боюнча, аймакта 45 494 адам жашайт. Эң аз калкы бар аймак — Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Эңилчек, анда 173 адам гана жашайт [3] .
Эскермелер
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- ↑ ЖК одобрил законопроект об административно-территориальном устройстве, согласно которому в Кыргызстане будут города, районы и айылные аймаки // Институт политики развития
- ↑ В Кыргызстане насчитывается 453 айыльных аймака // КирТАГ
- ↑ Численность населения айылных аймаков в 2017 г. // Национальный статистический комитет Кыргызской Республики
Шилтемелер
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Чүй облусу , Ысык-Ата району, Люксембург айыл аймагынын сайты Archived 2021-06-19 at the Wayback Machine