Мазмунга өтүү

Тюмень

The printable version is no longer supported and may have rendering errors. Please update your browser bookmarks and please use the default browser print function instead.
Отурукташкан жай
Тюмень
Желек Герб
Желек Герб
Өлкө Орусия
Координаттар 57°09′ с. ш. 65°32′ в. д.HGЯO
Ички бөлүнүшү 4 аймак: Борбордук (Центральный), Ленин (Ленинский),Калинин (Калининский), Чыгыш (Восточный)
Администрация башчысы Александр Моор
Тарыхы жана Географиясы
Негизделген күнү 1586
Аянты 235 км²
Климатынын түрү кескин-континентальдуу
Калкы
Расмий тили орус
Калкы 657 011[1] адам (2010-жыл)
Жыштыгы 2445,6 адам/км²
Этнохороним тюме́ндик, тюме́ндиктер
Сандык идентификаторлор
Телефон коду +7 3452
Почта индекси 625000
Расмий сайты http://www.tyumen-city.ru/  (орусча)
Тюмень (Орусия)

Тюме́нь (сыб.: Цемке-тора) — Сибирьдеги биринчи орус шаары. Тюмень районунун административдик борбору жана Тюмень облустунун административдик борбору. Шаар калкы — 634 171 адам (2013), калкынын саны боюнча Орусияда 19 орун, Сибирде 4 орун, Урал Федеративдик аймагында 3 орунда турат. Шаар четиндеги каратылган аймактар менен калк саны 657 011 адам. Москва шаарына чейинки аралык 2163 км. Аймак аянты — 235 км². 1586-жылы негизделеген.

Символика

1635-жылы Тюмень шаарынын герби биринчи жолу эскерилген. Анда түлкү менен кемчет тартылган эле. Тюмень шаарынын учурдагы герби 1785-жылы жасалган. Шар символу болуп 1993-жылы кайра кабыл алынат. Тюмень шаарынын расмий символдору герб жана туу, аларды пайдалануу тартиби Тюмень шаардык Думанын 2005-жылдын 28 чын куран айында кабыл алынган макулдугу менен бекитилген. Гербтин 3 тең укуктуу түрү бар: толук герб, орто (таажы менен) жана кичи герб.

Тюмень туусу тик бурчтуу, бийиктиги 2 узундугу 3. Туу 3 горизонтальдуу кѳк (үстүндѳ), ак(ортосунда) жана кѳк ѳңдѳрдѳн турат. Туудагы үстүнкү кѳк түстѳ Тюмень шаарынын гербиндеги саргыч ѳңдѳгү кеме тартылган.

Булактар