Мазмунга өтүү

Дифтонг

Википедия дан
23:27, 17 июнь 2018 карата Chaoborus (талкуу | салымы) (Категория:Лингвистика) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)

Дифтонг (грек. diphthongos кош үндүүлүк) - эки үндүү тыбыштын бир муунда катар келиши. Кыргыз жергиликтүү говорлорунда дифтонг аталган тыбыштар ow, уw, ew, үw деген тизмектен турат. W тыбышы созулма менен айтылган сөздөрдөгү үндүү тыбышка туура келет (мисалы, тоо тоw, суу суw, дөө дөw, күү күw жана башка). Кыргыз адабий тилинде дифтонг болбогону менен, айрым говорлорунда кездешет. Түштүк-батыш диалектиси менен Талас, Чаткал говорлорунда эриндүү созулма үндүүлөр сөздүн башында, ортосунда жана аягында дифтонг менен айтылат. Бул дифтонгдор жалпы тил илиминин термини менен алганда анык дифтонгго дал келип, сөздө бир муунду түзөт (мисалы, Таластын суwу өтө муздак. Тоwдун башында бир да булут жок). Муун түзүлүшүнө ылайык төмөн түшүүчү жана жогору көтөрүлүүчү дифтонг ажыратылат. Кыргыз тилиндеги дифтонг жеке тыбыштык бирдик экендиги менен айырмаланат.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 3-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. ISBN 978–9967–14–074–5