Артык Мырзабаев: нускалардын айырмасы
м Үрүйэ moved page Артык Мырзабаев to Мырзабаев Артык |
м ImeNtrav moved page Мырзабаев Артык to Артык Мырзабаев over redirect |
(Айырма жок)
|
29 январь 2019, саат 13:34 учурдагы нуска
Артык Мырзабаевич Мырзабаев
| |
Туулган датасы | |
---|---|
Туулган жери | |
Өлгөн датасы |
30 -январь 2005 (74 жаш) |
Өлгөн жери |
Бишкек ш., Кыргызстан |
Өлкө |
СССР → Кыргызстан |
Кесиптери |
камерлүү ырчы, опера ырчысы, музыкалык педагог |
Мырзабаев Артык (1930-жылы т., Кызыл-Аскер айылы, азыркы Бишкек ш. - 30.1.2005) – опера ырчысы (баритон), Кыргыз ССР эл артисти (1962), СССР эл артисти (1967).
Өмүрү
1954-жылы М. Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайын В. В. Корнеевдин классы боюнча бүтүргөн. Ошол эле жылдан Кыргыз мамлекет опера жана балет театрында солист. Мырзабаев кооз тембрлүү үнү бар, вокалдык техникага бай артист.
Аткарган партиялары
Семетей, Токтогул (В. Власов, А. Малдыбаев, В. Фере «Айчүрөк», «Токтогул»), М. Фрунзе (В. Власов, «Таң атаарга бир саат калганда»), Артём (С. Ряузов, «Ак шумкар»), Онегин (П. Чайковский, Евгений Онегин), князь Игорь (А. Бородин, «Князь Игорь»), Фигаро (Ж. Россини, «Севилдик чач тарач»), Данияр (М. Раухвергер, «Жамийла»), Самүдүн (Н. Давлесов, «Аста секин колукту»). М. Даргомыжский, Глинка, Свиридов, Шостакович жана кыргыз композиторлорунун чыгармаларын да жакшы аткарган.
Сыйлыктары
Эмгек Кызыл Туу ордени жана медалдар менен сыйланган. Россия, Кытай, Моңголия, Польша, Сирия, Венгрия, Канада жана башкалар чет өлкөлөрдө гастролдо болгон.